Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Бишкек ЖЭБинде муниципалдык ишканалардын коллегиясы өттү

Бүгүн «Бишкек ЖЭБи» муниципалдык ишканасынын базасында мэрдин орун басары Талайбек Байгазиевдин төрагалыгы алдында ведомствого караштуу муниципалдык ишканалардын 9 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө муниципалдык ишканалардын жетекчилери ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча отчет берип, отун-энергетика комплекси департаментинин жетекчилигине алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.

«Ишканалардын кызматкерлери 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн бардык керектүү ресурстар жана материалдар менен камсыз болушу керек. Шаар тургундарынын энергетикалык жана жылуулук коопсуздугу үчүн ишканалардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат», — деди Талайбек Байгазиев.

Ошондой эле коллегияда мэрдин орун басары бардык ишканалар жүргүзүлүп жаткан иштерде чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча тиешелүү иштерди улантып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу жаңы чечимдерди кабыл алышы керектигин белгиледи.

Коллегиянын жыйынтыгы менен протоколдук тапшырмалар түзүлдү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар