Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэланын балбаны Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.

1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште россиялык Ауэс Гонибошко утулуп калган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар