whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданият"Евразия-Кинофестте" Бермет Бейшенбекова "Мыкты жаш режиссер" аталды

«Евразия-Кинофестте» Бермет Бейшенбекова «Мыкты жаш режиссер» аталды

Кыргызстандык режиссер Бермет Бейшенбекова 17-21-октябрда Москвада өткөн «Евразия-Кинофест» биринчи эл аралык кинофестивалында «Терең» тасмасы үчүн «Мыкты жаш режиссер» сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Евразия-Кинофест” фестивалынын басма сөз кызматы билдирди.

Кинофестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу 18 өлкөнүн кинорежиссерлору жана башка өлкөлөрдөн 250дөн ашык кино тармагынын адистери катышкан.

Кыргызстандык режиссерлор Бермет Бейшенбекова «Терең», Руслан Акун «Бейиш эненин таманында», Нурлан Анарбаев «Рахмат, машыктыруучу», Никита Ловецкий «Галина Петровна», Адилет Каржоев «Бурул», Асел Жураева «Асман баласы» тасмасы менен катышты.

Фестивалдын сынактык программасына 53 тасма кирген. Аларга Еревандагы эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдын режиссеру Гуж Тадевосян, Россиянын эл артисти Елена Цыплакова, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев жана башка кино тармагындагы белгилүү ишмерлер кирген эл аралык калыстар тобу баа берди.

Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын баш байгеси – континенттин өлкөлөрүндө жашаган адамдардын ортосундагы маданий тажрыйба алмашуусун символдоштурган Евразия фигурасы ыйгарылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар