whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨКМде Бишкек – Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болду

ӨКМде Бишкек – Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча жыйын болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында 2024-2025-жылдагы Бишкек – Ош унаа жолунда мүмкүн болуучу табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюудагы даярдык боюнча жыйын өттү.

Министрликтен билдиришкендей, жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде Өзгөчө кырдаалдар министринин Урматбек Шамырканов кеңешменин катышуучуларына кандай кыйынчылык болбосун эң башкысы адам өмүрү бийик турарын баса белгилеп, унаа жолунда ыкчам иш-аракеттерди уюштурууда шарттарды түзүү талаптарын койду.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө, КР Жарандык коргонуу мыйзамы жөнүндө жана үстүбүздөгү жылдын 15-16-октябрь күндөрү Бишкек – Ош унаа жолу Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгынында аткарылган жумуштар, унаа жолдорундагы жол кырсыгы, тыгын учурунда ага катар таш кулоо, кар көчкү өндүү табигый кырсыктарда тиешелүү министрлик, Жарандык коргонуу кызматтарынын ишин жакшыртуу, кемчиликтерди жоюу маселелери талкууланды.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар