Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Өзбекстандын маалымат саясатынын өрнөктүү жактары

Эки өлкөнүн президенттеринин (Кыргызстан – Өзбекстан) макулдашуусу менен уюштурулган пресс-турдун алкагында Кыргызстандан барган ЖМК өкүлдөрү Ташкент шаарындагы  эң алдыңкы “Sevimli.tv”, “ZorTV” телеканалдарынын жана Өзбекстандын Президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин ишмердүүлүгү менен тааныша алды.

Маалымат мейкиндигине көз салган агенттик

Өзбекстандын Президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блогерлердин ишин жөнгө салып, көзөмөлдөп, элге тастыкталган, аныкталган маалыматтарды жеткирүү ишин аткарат экен.

Бизди аталган агенттиктин директорунун орун басары Дилшод Саиджанов тосуп алып, мекеменин алып барган иши тууралуу айтып берди. Анын айтымында, мекеменин милдети мамлекеттик органдардын маалымат берүүдөгү ачыктыгын камсыздоо жана жалган маалыматтарды аныктоо. “Биздин агенттик маалымат мейкиндигине ар дайым көз салат. Адатта, мамлекеттик органдар маалымат берүүнү жактыра беришпейт. Биздин максат көбүрөөк маалымат сууруп чыгуу. Колдон келишинче бардык мамлекеттик органдарга ЖМКсыз маалымат саясатын жүргүзүү мүмкүн эместигин түшүндүрүүгө аракеттенебиз. Министрлер журналисттерди дос катары көрүшү керек. Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги мамлекеттик органдар менен журналисттердин ортосундагы көпүрө“, – деди Д. Саиджанов.

Бул агенттик өз ишин 2019-жылы баштаптыр. Алгачкы жылдары мамлекеттик органдар кайрылуулардын 13 пайызына гана жооп беришсе, бүгүнкү күндө 93-95 пайызына жооп берери айтылды. Агенттиктин талабы боюнча, азыркы тапта басма сөз катчылар ооз эки кайрылууга 1 сааттын ичинде кыскача, 3 сааттын ичинде толук маалымат беришет экен. Ал эми суроо оор болсо 1 сутканын ичинде жооп берүүгө милдетүү. Кат жүзүндөгү кайрылууга жооп берүүгө 3 күн убакыт берилет экен.

Дилшод Саиджанов өз сөзүндө Өзбекстан жалган маалымат менен кантип күрөшүп жатканы тууралуу айтып берди. Агенттиктин алдындагы мониторинг борбору ЖМКдын жана блогерлердин тараткан маалыматтарына көз салат. Эгер жалган маалымат чыгып кеткен болсо, маалыматты оңдоого 24 саат беришет. Эгер оңдолбосо сотко беришет. “Таанымал блогерлер менен маселе жаралбайт. Анткени, алар мыйзамдарды жакшы билишет. Көбүнчө жаңы жана орто блогерлер көйгөй жаратышат. Себеби, алар акча тапкылары келет. Аларга жалган маалымат таратууда кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана административдик жаза бар экендигин эскертебиз”,-деди Д. Саиджанов. Анын сөзүнө караганда социалдык тармак аркылуу жалган маалымат тараткан блогерлерге алгач 250-300 доллар айып пул салынат. Эгер эскертүүгө жана алгачкы айып пулга карабай, жалган маалымат таратууну уланта берсе, келтирилген зыянга жараша 3-4 миң долларга чейин айып пул салынат экен.

Өзбекстандын “Маалымдоо жөнүндө” мыйзамында социалдык тармактарда зомбулукту жактоо, согушту пропагандалоо, порнография, суицид, баңгизат ж.б. боюнча жазууга болбой тургандыгы көрсөтүлгөн. Алдамчылык менен алектенген сайттар билинип калса, дароо бөгөт коюшаарын айтышты.

Үй-бүлөлүк баалуулуктарга басым жасаган Sevimli.tv 

Кыргызстандан барган журналисттердин тобу аталган агенттиктен чыгып, Sevimli.tv жана ZorTV телеканалдарына бардык.

Sevimli.tv жеке телеканалынын түзүл­гөнүнө 8 жыл болуптур. Учурда 600 адам эмгектенип, көрүүчүлөрүнүн саны учурда 26 миллион адамды түзөөрүн билдиришти. 7 жаштан 70 жашка чейинки көрүүчүлөрү бар телеканал негизинен ар тараптуу берүүлөрдү даярдашат экен. Zamon жаңылыктар программасы бир күндө 4 жолу түз эфирге чыгышат. Sevimli.tv телеканалы негизинен балдардын эс-тутумун өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жогорулатууга багытталган программаларга басым жасаганы байкалды. Кайнене менен келиндин, эне менен баланын мамилесин бекемдөөгө багытталган берүүлөр, сериалдар байма-бай тартыларын айтышты. Ошондой эле контенттин көбү өзбек тилинде экен.

Sevimli.tv телеканалынын студияларынын биринде Султан Раевдин сүрөтү менен чыгарылган баннерди көрүү бизге жылуу маанай тартуулады. Жакында эле ушул телеканал С.Раевдин чыгармачылыгына арналган атайын берүү даярдаган экен.

ZorTV чынында зор экен

Ал эми ZorTV телеканалынын заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрү, жаркыраган студиялары кыргызстандык журналисттердин кызыгуусун арттырды. Биз ZorTVнын территориясында жайгашкан түстүү музыкалык система менен коштолгон, 2 миң кишилик “Ренессанс холл” студиясын көрдүк. Мындай чоң студия Орто Азия боюнча Ташкент шаарында гана бар.

ZorTV телеканалынын башкы директору Энвер Латибжанов билдиргендей, учурда интернеттин жайылышына карабастан, Өзбекстанда калктын 60 пайыздан ашыгы телеканалдарга көбүрөөк ишеним артып, телеберүүлөрдү, жаңылыктарды телеканалдардан көрүшөт.

Кыргызстандын медиа өкүлдөрү өзбек телеканалдарынын иши менен жакындан таанышып, телекөрсөтүүнү уюштуруу, контент даярдоо жана аны көрүүчүлөргө жеткирүү ж.б. боюнча пикир алышып, өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар