2 миң жылдан ашык тарыхы бар Чорсу базары учурда Өзбекстандын негизги туристтик жайларынын бири болуп саналат. Ташкентке келген коноктор Чорсу базарын кыйгап өтө албайт.
Айрым маалыматтарга таянсак, Чорсу базарынын расмий аталышы «Эски мунара» дегенди түшүндүрөт. Түстүү керамикалык айнек менен капталган жети чоң куполдун астында жайгашып, ичинде жашылча-жемиш, таттуулардын түрлөрү сатылган катарлар орун алган. «Чорсу» базарынын заманбап архитектуралык түзүлүшү 1990-жылдары жаңыланып, диаметри 10-15 метр болгон куполдуу курулуштар курулган. Базардагы жаңгактар, кургатылган жемиштер, татымалдар, акшактардын түрлөрү өзбек элинин эмгекчилдигин, күжүрмөндүгүн көрсөтүп, көз жоосун алат. Күзүндө жана кышында базар шамалдан калкаланып, жайында салкын болгондуктан, кандай аба ырайы болсо да бул жайда соода кылуу ыңгайлуу экен.
Кыргыз журналисттери базардын жашоосу, калктын соода маданияты менен тааныштык. Мындай куттуу жайдан кур чыкпайлы деп баарыбыз базарлык сатып алдык. Соңунда соодагерлер кыздарга бирден билерик, жигиттерибизге допу белекке берип, сыпайы узатып койду.