Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Калыс АЗАМАТОВ: «Көпчүлүк долбоорлор жергиликтүү бюджеттен каржыланат”

Жайыл районундагы Ак-Башат айыл аймагынын башчысы Калыс АЗАМАТОВ менен маек.

Жайыл районундагы белдүү айыл өкмөттөрүнүн катарында – Ак-Башат айыл өкмөтү турат деп ишенимдүү айта алабыз. Анткени, айыл өкмөтүнүн учурдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү муну тастыктап турат.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Калыс Азаматов жана анын командасы күн-түн дебей калктын жыргалчылыгы үчүн жан үрөп иштеп жатышканын жакшы билебиз.

Ак-Башат айыл аймагына: Новониколаевка, Ак-Башат, Айдарбек жана Арал айылдары кирет. Жалпысынан 2691 түтүн же 10089 калк жашайт. 2 мектеп, 3 бала бакча, 1 ФАП, 1-№8 ҮДТ, 2 маданият үйү, 2 спорт комплекси, 2 чакан футбол аянтчасы жана “Сапат” Эл аралык билим берүү лицейи, 1 мончо бар.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 айына карата социалдык–экономикалык өнүгүүсүндө, көзгө көрүнөрлүк алгылыктуу иштер аткарылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылга карата план боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү – 16546,5 миң сом, атайын эсеп — 850,0 миң сомду түздү. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, көпчүлүк долбоорлорду ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, аны өз күчтөрү менен аткарышты.

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАР

2024-жыл инвестиция тартуу жаатында төмөндөгүдөй иш аракеттер көрүлдү:

  1. Ак-Башат айыл аймагындагы “Ак- Тилек” бала бакчасынын чатырын капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө жалпысынан 6172 сом жумшалып, анын ичинен АРИС аркылуу 5769,0 миң сом, 403.0 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
  2. Айыл аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн алкагында дем берүүчү грант менен Жайыл райондук финансы экономикалык бөлүмү менен Новониколаевка айылында паркты  кайра курууга, оңдоо иштерин жүргүзүүгө  7771,2 миң сомго  келишимге кол коюлду. Анын ичинен айыл өкмөтүнүн бюджетинен 3885,6 миң сом каржыланат.
  3. Ак-Башат айылында 2250 метр чакырым жерге асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Райондук бюджеттин эсебинен – 16 млн. сом сарпталган.
  4. Айыл чарба инфраструктурасын техникалар менен камсыздоо, айыл аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, таштандыларды чыгарууга шарт түзүү каралган.
  5. Автовышка сатып алууга Жайыл өнүктүрүү фонду аркылуу – 3 млн. 490 миң сом, ЖБ-1 млн. сом жумшалды.
  6. Экскаватор сатып алууга Жайыл өнүктүрүү фонду аркылуу – 920,0 миң сом, ЖБ-3 млн.сом
  7. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен №8-ҮДТсына 522,0 миң сомго заманбап стоматологиялык олтургуч алынды.

БИЛИМ БЕРҮҮ

  1. Билим берүүнү жогорку деңгээлге жеткирүү  жана  өсүп  келе  жаткан келечегибиздин муундарына билим алууларына түзүлгөн шарттарды заманбап   деңгээлге   көтөрүү  максатында, Ак-Башат айыл аймагындагы “Ак-Тилек” бала бакчасынын чатырын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Иш чарага жалпысынан 6466,8 миң сом каралып, анын ичинен АРИС аркылуу 5 млн. 769 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 403 миң сом каралган.
  2. Эки мектепке жана бала бакчага кышкы от жагуу мезгилинен эч жоготуусуз чыгуу максатында, имараттын ичинде жылуулук температурасы сакталышы үчүн жана окуучуларга максималдуу комфорттук шарт түзүү үчүн кошумча насос алууга, котельнаялардын майда ремонттук иштерине – 480,0 миң сом сарпталган.

Ак-Тилек бала бакчасынын жылытуучу печкасы – 187,6 миң сомго алмаштырылды.

  1. Мектептердин имараттарынын жана бала бакчалардын эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу масатында, ИОСШ майда ремонт иштери – ЖБ 370,0 миң сом.
  2. Мектептердин жана бала бакчалардын имараттарын жана айлана чөйрөсүн калыбына келтирип, тазалоо, актоо жана сырдоо иштери аяктады.

Жогоруда айтылгандан тышкары Новониколаевка айылынын инновациялык гимназия мектебине кошумча корпус куруу боюнча долбоор дайындалууда.

САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО

Калктын саламаттыгын  сактоо  багытына,  калкты  тейлөөнү  жогорку  деңгээлге  жеткирүү  максатына  байланыштуу  Айыл аймактагы калктын медициналык тейлөөсүн жакшыртуу үчүн №8 Үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобунун  имаратында жана Ак-Башат айылынын ФАПна ремонттук иштер жүргүзүүгө ЖБ-150,0 миң сом каралды.

МАДАНИЯТ КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Калктын маданият көрсөткүчүн көтөрүү иштерин жогорулатуу максатында, Новониколаевка айылындагы маданият үйүнүн ремонттук иштерине, имараттын фасадын жана тегерегин тосууга – 1776,0 миң сом болгон акчалай каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Айыл аймагына караштуу Маданият үйүнүн жанына балдар ойноочу аянтча орнотууга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1056.1 миң сом каржыланды.

Кичи футбол ойноочу аянтты реконструкциялоого  – 1648,0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү.

«ЖАШЫЛ МУРАС» ЭЛ АРАСЫНДА

“Жашыл Мурас“ программасын ишке ашыруу максатында 17,6 миң сомго көчөттөр отургузулду.

Жол жээгиндеги  бак-дарактар акталып, кургап калган бутактар кесилип жөнгө салуу иштери, айыл аймакты тиричилик калдыктардан жана таштандылардан тазалоо  ар дайым жүргүзүлүүдө.

“Ак-Башат – Тазалык” чакан ишканасы менен бирдикте үч айлык ишембиликке чыгып, айлана-чөйрөнүн тазалыгы колго алынды.

ИРРИГАЦИЯДАГЫ ИЙГИЛИК

Сапаттуу  сугат  иштерин  жүргүзүү  багытында  каналдарды  тазалоо  иштери  14  чакырым  аралыкты  түздү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички арыктарды жана каналдарды тазалоо иштерине-2200,0 миң сом сарпталды.

АДАМ ӨМҮРҮ – ТАЗА СУУ

Калкты таза суу менен камсыздоо максатында, инвесторлор аркылуу Новониколаевка айылынын көчөлөрүнө жаңы суу түтүкчөлөрүн алмаштырып, орнотуу иштери аткарылды. Себеби, калк таза суу менен камсыз болгондугуна карабастан, көчөлөрдөгү суу түтүктөрү эски бойдон калып келген.

ИЧКИ ЖОЛДОР ОҢДОЛУУДА

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, калкка ыңгайлуу жагдайларды түзүү үчүн Новониколаевка айылынын Школьная көчөсүнө аралыгы — 1600 километр асфальт жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 млн. сомго төшөлдү.

Ак-Башат, Арал, Айдарбек жана Новониколаевка айылдарынын көчөлөрүнө таш төшөө жана грейдер жүргүзүү иштери, аралыгы – 80 км чакырым ошондой эле ар бир айылдын  ички жолдоруна шагыл таш менен чуңкурларды толтуруу иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланып, соңуна чыкты.

СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТ

Жакырчылыктан чыгууга аракет кылуу үчүн стимул берүүгө, жакыр үй-бүлөлөр өздөрүнүн күнүмдүк жашоосун кескин өзгөртүүгө шарт түзүү максатында 2024-жылы социалдык контракттын негизинде 10 үй бүлөө 100 000 сомдон акчалай алышты.

Жыйынтыгында, катышуучулар өз ишмердиктерин башташып, айыл өкмөттүн көзөмөлүндө турат.

АЛДЫГА КОЮЛГАН МАКСАТ…

Инновациялык жетишкендиктерге ылайык айыл аймагынын өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошуу. Калктын турмуш-тиричилигин жакшыртуу бул алдыга койгон чоң максат.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар