Мекенибизде журналистика тармагынан жеке ишкерликке, башка тармактарга өтүп кетишкен кесиптештер бар. Алардын бири белгилүү журналист, “Eurasia Today” сайтынын кыргыз редакциясынын редактору Эмилбек МОМУНОВ көп жылдан бери тоок чарбачылыгын жүргүзүп келет. Кесиптешибиз өзүнүн жеке ишкерлиги тууралуу кызыктуу баян куруп берди.
– Эмилбек мырза, сиз көп жылдан бери журналистика менен бирге эле, тоок чарбачылыгын да жүргүзүп келесиз. Фермерлик кылууга эмне себеп болду?
– Негизи бардык нерсе муктаждыктан жаралат экен. Сегиз жыл мурун азыркыдай жумуш табуу кыйын болчу. Ал кезде мен “Кабар” маалымат агенттигинде 8 миң сом айлык менен иштечүмүн. Жубайым экөөбүздүн тапкан-ташыганыбыз муктаждыгыбызга жетпегендиктен экөөбүз кеңешип, алгач козу карындын вёшенка сортун өстүрүп көрдүк. Негедир аны жакшы өздөштүрө албадык. Ошол кезде ЖМКлар тоок багуу аябай кирешелүү деп катуу жарнамалап жатышкандыктан тоок бакмай болдук. Келинчегим бир жума “Оазис-Агро” компаниясында жумуртка багытындагы тоок багуу окуусун окуду. Түшкө чейин теориясын окуса, түштөн кийин мен сыяктуу тоок чарбасын жүргүзүп жаткандардын фермаларынан тажрыйба алды. Кийин ал компания менен келишим түздүк. Компания бизге үч айлык, эмделген, тумшуктары кыскартылган декалб жөжөлөрүн беришти. Ошентип жумуртка багытындагы тоокторду багып калдык. Азыркыга чейин компания менен тыгыз иштешип келе жатабыз.
– Эт багытындагы бройлер тоокторун да сатып каласыз…
– Бир жолу кышында орус абышка базардан биздин тоок багарыбызды угуп, атайын келиптир: “Кызым каттуу ооруп жатат, бир тоок бербейсиңби союп барайын” деп калды. “Бул болбойт, жумуртка багытындагы тооктор арык, эти катуу болуп калат” десем ишенбегендей жалооруйт. Ошондо эт багытындагы тоок да багыш керек окшойт деген ой келип, бройлер тоокторун бага баштадым. Бройлердин эти жегенге жумшак жана арзан болот экен.
– Учурда жумуртка, эт багытында канча тоок багып жатасыз?
– Азыр жумуртка багытындагы тооктордон 300гө жакын бар. Эт багытындагы бройлер тоокторун 200гө жеткирдим. Келечекте дагы тоок чарбамды кеңейтем деген оюм бар.
– Жеке ишкерликте өндүрүлгөн товарды сатуу көйгөйү бар. Тоок этин, жумуртканы кантип, каякка сатып жатасыз?
– Кыргызстанга жумуртка багытындагы тооктор жаңыдан жайыла баштаганда муну жакшы түшүнбөй өтө көп багып алып кыйналгандар көп болду. Ал кезде өлкөбүзгө сырттан жумуртка көп киргендиктен жумуртка арзан болуп, ага суроо талап аз болчу. Өзгөчө жай мезгилинде жумурткаларды сата албай кыйналчубуз. Азыр мамлекет сырттан келген тоок эттерине, жумурткага көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамсыз келгендерин артка кайтарып, 3 миңге жакын майда тоок чарбаларга колдоо көрсөтүп жатат. Ошол себептен жумуртканы, тоок этин өткөрүү жагынан азырынча көйгөй жок. Азык-түлүк кымбаттаганына байланыштуу жумурткага, тоок этине суроо талап жогорулап калды. Жемди болсо базардан буудай менен жүгөрүнү алып, үч ирет жууп, палоо бышыргандай казанга бышырып бергендиктен тез да семирет жана эти таттуу болот. Анын үстүнө мен тоокту адалдап союп, этин тоңдурбай туруп шаар ичиндеги кардарларга өзүм бекер жеткирип бергендиктен алдын-ала буйрутма берген туруктуу кардарларым да бар.
– Жумуртка багытындагы тоокторго атайын даярдалган жем бербесе туубай коёт деген чынбы?
– Ооба, чын. “Оазис-Агронун” негизги бизнеси да так ошол тоок жеми. Мурда бул бизнес голландиялык Девид дегенге караштуу экен. Ал кийин бул бизнести америкалык бир ишкерге сатыптыр. Америкалык ишкер ошол жем бизнесин Кыргызстандан баштаган экен. Кийинчерээк ал Казакстанда, Тажикстанда өзүнүн жем даярдаган базаларын ачкан. Компания жемдин курамына кальций, протеин, буудай, жүгөрү сыяктуу керектүү заттарды туура өлчөмдө кошуу менен атайын жем даярдашат. Негизи жумуртка багытындагы тоок бизнеси жемге жана тоокту кармоо шартына көз каранды. Азыр бройлер тоокторго берилчү В3 жемдин бир килограммы 38 сом 50 тыйын. А жумуртка бере тургандарга берилчү жемдин килограммы 35 сом. Жумурткаларды 12ден сатсак жеми 8 сомго чыгып калат. Тоокту багуу жумуштарын өзүм кылган үчүн тапкан пайдам жумушчу жалдаган чарбалардыкынан көбүрөөк. Жемди ушул күнгө чейин компаниядан сатып алып, керектүү консультацияларды алып турам.
– Ошол декалб, хайлал-соня тоокторун эки жылда бир алмаштырып туруш керек экен. Жаңыларын сатып алганда мурунку тоокторду эмне кыласыз?
– Бул тооктордун максималдуу мөөнөтү 1 жыл 6 ай. Жакшы караса андан да узак жумуртка бере берет, бирок, күнүгө туубагандыктан түшкөн киреше жемин эле жаап калат. Ошондуктан эң жакшысы 1 жыл 6 айда алмаштырыш керек. Жогоруда айтканымдай, жумуртка багытындагы тооктордун эти бир аз катуураак болгону менен койдун, уйдун этиндей даамдуу болот. Биздеги тоокторду башкалар дүңүнөн сатып алышып бир айга жакын жакшылап багышат. Эттенген соң союп сатышат. Бул өзүнчө бир жакшы бизнес.
– Бир маегиңизде жаңы алынган тооктор үч ай туубайт дептирсиз…
– Үч айлык балапан тоокторду жетилгенче дагы эки ай багыш керек. Эки айдан кийин алар акырындап тууй баштайт. Бирок, алгачкы жумурткалар кичирээк болгондуктан сатыкка чыгара албайсың. Үчүнчү ай болгондо гана тооктор 60-70 граммдык кадимки жумурткаларды тууй баштайт. Ошондо аларды сатыкка чыгарса болот. Ошондуктан жаңы алынган тооктордон эки-үч ай киреше болбойт. Тоок менен ишкерлик кылам дегендер ушуну эске алуулары керек. Анан тоок ар күнү тууш үчүн атайын режим сакталышы кажет. Алгачкы үч айда жарык таңкы жетиде күйгүзүлүп, кечки саат сегизде өчүрүлсө, жетилгенде таңкы алтыда жандырылып, кечки саат ондо өчүшү керек. Ошондой эле жумуртка багытындагы тооктордун температурасы дайыма 20 градустан төмөн болбошу керек. Бул жерде жем, суу, аба чоң роль ойнойт. Ошондуктан тооккана кандай салынышы керектигин, жарык берүүчү айнектери, желдеткичи кандай орнотуларын жакшылап окуш керек. Буга маани берилбесе тоок өзүнүн кыгынын жытына өзү ууланып ооруп же өлүп калышы ыктымал.
– Мындай тоокторго айлана-чөйрөдө болгон нерселер да таасир берип коёт деп уктук эле…
– Ооба, булар аябай сезимтал болушат. Ошондуктан тооккананын дубалын, чатырын мыктылап жасаш керек. Мисалы, чатырды кадимки темир тунуке менен жаап койсо жамгыр жааганда дыбырап, тооктор стресс болушат дагы туубай коюшат. Ошону эске алып мен тоокканамдын дубалын 40 сантиметр калыңдыкта сокмо кылып, үстүн тамдын үстүн жапкандай эле тактай, самандуу ылай менен жаап чыккам. Дубалдын ичи-сыртын саман, таарынды кошулган ылай шыбак менен шыбап, кайра актап койгом. Мындай тооккана кышкысын жылуу, жайкысын салкын болот. Муну “Оазис-Агро” окутпайт, бул менин жеке тажрыйбам. Дубал акталбай калса да тооктор өздөрүн жаман сезишет.
– Тооктун кыгынан биогаз өндүрүп, жакшы жер семирткич даярдаса болот. Бул жагын да өздөштүрүп баштасаңыз керек?
– Ооба, буга кызыгып интернеттен карап көрсөм Нарында, Ысык-Көлдө уйдун кыгынан биогаз өндүргөндөр бар экен. Бишкектин Горький-Алмата көчөсүнүн кесилишинде тоок кыгынан биогаз өндүрүүнү каржылаган эл аралык институт бар. Барсам ал жердегилер “9 миң долларга кол коюп бересиз, биз консультация гана беребиз” дешти. Көрсө, алар биогаз чыгарган жабдык жасашпайт экен. Кийин Москвада иштеп келген тааныш жигит ал жакта бир орус тоок кыгынан үйүн жылытууга, унаасын жүргүзүүгө газ өндүрүп жатканын айтты. Шартым туура келсе, ошол орусту чакырып же барып, тажрыйбасын үйрөнөйүн деп жүрөм. Ошондуктан мамлекет илимий институттарга ушул багытта иш алып барууну тапшырса чет өлкөлөрдү карап отура бербей газ чыгарып, андан калганын жер семирткич кылат элек.
Негизи газ өндүрүш үчүн 50 килограмм тоок кыгына 50 литр суу куюп ачытылат. Газ алынгандан кийинки суюктукту айыл-чарбага аянттарына чачса отоо чөп чыкпай, түшүмдүүлүк үч эсе жогорулайт экен. Эң негизгиси алынган түшүм химикаты жок таза продукция болот. Андыктан Министрлер Кабинети ушуга терең маани берип, тоок кыгынан биогаз өндүрө турган техникаларды сатыкка чыгара баштаса далай фермер сатып алып өлкөгө пайда келтирмек. Мындай табийгый жер семирткичти колдоно турган болсо 15-20 центнер алына турган жерден 40-50 центнер буудай аларыбызга толук кепилдик бере алам. Себеби, муну мен өз тажрыйбамда көргөм.
– Эмилбек мырза, бир эле мезгилде чарбачылык менен жеке ишкерликке кантип жетишип жатасыз?
– Тоок баккан жети-сегиз жылдан бери мен жоокердей дайыма таңкы саат 6.30да туруп калдым. Иш күндөрү тоокторду бир сыйра тейлеп коюп 7.30да электромотоциклим менен кардарларга буйрутмаларды жеткирем. 8.30да ишиме келип калам. Ишемби күнү тооккананы тазалап, санитардык күн кылам. А жекшембиде эртеден кечке шаар кыдырып кардарларга буйрутмаларды бекер жеткирип берем. Себеби, айрым кардарлардын алып кетүүгө, жеткирүү акысын төлөөгө шарты жок. Кыскасы, ишкерлик кылгандан бери мен убакытты туура пайдаланууга аракет жасап, пайдасыз той, тамашаларга барбай калдым.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”