«Алтынкен» компаниясынын ишмердүүлүгүндө жыл сайын Кемин районундагы Окторкой жайлоосуна баруучу жолду тазалоодо дыйкандарга техникалык жардам көрсөтүү иштери салтка айланып калгандай.
Үстүбүздөгү жылдагы катуу жааган жаандан улам көп жерлерде сел жүрүп, жолдор бузулган. Ошондуктан, Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн жайыт комитети техникалык жардам сурап, жайлоого кеткен жолду тазалап берүү үчүн атайын компанияга кайрылган эле.
Жайыт комитетинин өкүлү Бараков Жумабектин айтымында: «Окторкой жайлоосунда малчылардын конушуна баруучу жолдун бир нече жерлерин сел бузуп кеткен. Унаа менен жүрүү кооптуу болуп, жөө жүрүү кыйынчылык болуп калды» – деп жазылган расмий катта.
Ишкананын техникалары Окторкой жайлоосуна кеткенин уккан фермерлер Абдылдаев Бекмырза менен Шаршеков Арзымат биздин жүктөгүчтү коштоп, жол көрсөтүүчү жерге келишти.
Компаниянын атайын техникасы келип, төрт сааттын ичинде кыска мөөнөттүү жаан-чачынга байланыштуу үзгүлтүккө учураган (тоодогу аба ырайы өзгөрүлүп турат) дыйкандардын көйгөйүн чечип, 1 чакырымга жакын жолду калыбына келтирүү иштери
жүргүзүлдү.
Жолдун оңдолушуна кубанган фермерлер жана жайыт комитетинин өкүлү компаниянын жетекчилигине көрсөткөн маанилүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, тажрыйбалуу оператор Иван Салушкиндин сапаттуу эмгегин өзгөчө белгилешти.
«Алтынкен» компаниясы – жергиликтүү калк менен байланышты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгүн улантууда жана ар дайым досторуна жардамга келип, колун сунууга кубанычта.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”