“Советтик Кыргызстан” гезитинде эки жыл редактордун орун басары болуп иштеген. Айымбүбү Ботохановага биринчи жолу “Коммунист” журналында жооптуу катчы болуп турган кезинде жолуктум. Журналга жалаң салмактуу, олуттуу материалдар жарык көрчү. Бул 1981-жыл, “Советтик Кыргызстанда” жаңы иштеп жүргөн учурум болчу. Эжеге баары эле Айымбүбү деп өз атынан айтпай, эмнегедир Алия Умаровна деп кайрылышчу.
Айымбүбү Ботоханова туңгуч гезитибиз – “Кызыл Кыргызстан”, кийин “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп ар кайсы жылдарда баш аягы 20 жылга чукул, анын ичинде каардуу согуш жылдарында 1941-жылдан 1944-жылга чейин иштеген. “Кыргызстан аялдары” журналынын редактору, Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, Кыргыз телерадио комитетинин төрайымы болгон. Аялдардын ичинен алгачкы журналист жана туңгуч гезиттин тарыхында башкы редактордун орун басары болуп иштеген биринчи аял десек аша чаппайбыз.
Айымбүбү Ботоханова Фрунзедеги жумушчу жаштардын кечки мектебин, республикалык партиялык мектептин котормочулар бөлүмүн, КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.
Айымбүбү эже “Коммунист” журналында 1974-жылдан 1983-жылга чейин иштеп, эмгек ишмердигине биротоло чекит койду. Анткен менен көзү өткөнчө жигердүүлүгүнөн эч жазбады. Жаш улгайган сайын акыл мокоп, өз доорундагы көз караш менен чектелип, жаңыны кабыл ала албай калуу табигый нерсе сыяктуу болсо дагы ушул “сапатты“ өзүнө такыр жолоткон жок.
“Акылы тунук” деген сөз эжеге куп жарашат эле. Жаңычылдык, замандын күрөө тамырын кармай билүү, заманбап ой жүгүртүү жагынан жаштардан калышчу эмес. Кантип? Кандайча? Ушул касиетти кантип сактап кала алды деп тан бергидей эле болчу. Адамдык нарк-насил жагынан алганда да таза, принципиалдуу, жакшылык гана жасаган адам экенин сезчүбүз. 80ден ашып калган курагында да басма сөз, аялдар маселеси, же болбосо өлкөдөгү резонанс жараткан окуялар боюнча өз пикирин, көз карашын так, таамай айтчу. Ал турсун “Жамийланы качанга чейин күнөөлөйбүз?” дегендей актуалдуу макалаларды жазып жиберчү.
Эже менен сүйлөшүп калганда “азыр силер сонун заманда” иштеп жатпайсыңарбы деп өткөндү эстегенде муңая түшөр эле. Согуш маалында от жагылбаган редакциянын какшаган муздак бөлмөсүндө, кечтин кантип кирип, таңдын кантип атканын билбей, ачка-ток иштеген күндөр кайдан эстен чыксын?! Ага кошумча жакындарын кан күйгөн майданга жөнөтүп, кайгы-капа, санаа кечирген адамдардын арасында иштөө да ийинден ныгырып басып… Ошол катаал күндөр көңүлүнө кылт эткенде адам баласынын чыдамкайлуулугун, күчтүүлүгүн, эң оор мезгилде болоттой курчуй түшөрүн көрдүм деп айткан.
Өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон кийин “Коммунист” журналы жабылып калды. Эже болсо, мурдагы “төркүнү” “Кыргыз Туусунун” редакциясына анда-санда каттап калчу. 80дин кырындагы эже таяк таянганы болбосо, жогоруда айткандай тунук акылы, мээримдүү жүзү менен майда-чүйдөдөн кеп кылбай, омоктуу нерселерди айтып, кеңешин берип кетет. Акыркы жолу небере кызын ээрчитип келди. “Менин көзүм өтсө, көңүл айтууга сүрөтүмдү таппай каласыңар го. Тартып калгыла”, – деди. Коюңузчу, деп чочуп кетсек, “кереги тиет” деп күлүп койду. Гезиттин фотокабарчысы Шекербек байке (Сартов) небереңиз менен тартып коеюн деп да тартты. 2004-жыл эле. Ошондо эже 81ге чыгып калган кези экен. Сүрөткө түшүп кеткенден жыл айландыбы, жокпу, кайтыш болуп калды, кайран асыл эже.
2004-жылы “Кыргыз Туусунун” 80 жылдыгы белгиленерине саналуу күн калганда Айымбүбү Ботоханованын “Слово Кыргызстана” гезитине “Газете было семнадцать…” деген чоң макаласы чыккан. Макаласында көп нерселерди камтып, анын ичинде “Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында “Кызыл Кыргызстан” кыргыз тилинде чыккан жападан жалгыз республикалык гезит болчу. Эң маанилүү окуялар ушул гезитте жарыяланчу. Согуш тематиканы өзгөрткөн. Фронтко жардам, тылдагы эмгек жетишкендиктери, эвакуациялангандарга камкордук башкы тема эле. Гезиттеги ишибизден тышкары Чоң Чүй каналынын курулушуна жардам берчүбүз, жарадарларды тосуп алып, госпиталда нөөмөттө турчубуз”, – деп жазып, бирге иштеген бир топ кесиптештеринин атын атап, жылуулук менен эскерген болчу. Эже бекеринен ал кездеги кесиптештеринин, техникалык кызматкерлердин аты-жөнүн атап, санап жазып кетпеген экен. Эми аларды билген, тааныган киши калган жок…
Макаласынын аягын “Узак-узак жылдар өттү. Менин сүйүктүү гезитиме – 80 жыл. Бирок ал баягыдай эле жаш бойдон. Менин көз карашымча журналисттердин жазгандары терең жана мазмундуу болуп калды. Кызыктуу макалалар, ага коюлган көзгө бат чалдыккан темалар, ар түрдүү шрифтер менен кооз жасалгалоо гезитти окумдуу жана популярдуу кылып койду.
Жеңиштүү юбилейиң менен кымбаттуу Гезитим! Мен сага дагы узак жылдар бою окурмандарыңды кубанта беришиңди каалайм!” – деп бүтүргөн.
Азыр Айымбүбү Ботоханова тирүү болгондо эмне деп айтмак же жазмак деп ойлойм. Дагы 20 жыл мурункудай туңгуч гезитти бооруна кысып туруп, “Жеңиштүү юбилейиң менен, кымбаттуу Гезитим!” демеги талашсыз!
Жогорудагы сүрөттө: А.Ботоханова биринчи катарда. Экинчи катарда солдон оңго: М.Абдукаримов, К.Маликов, М.Дөгдүров, А.Токомбаев, Т.Суванбердив.
Сүрөткө 1942-жылы жаш журналисттер менен жоокерлердин Фрунзе шаарындагы жолугушуусунда түшүшкөн (“Кыргыз Туусунун” музейинде турган сүрөт).
Бермет МАТКЕРИМОВА