“Кыргыз Туусунун” мурдагы кызматкери, белдүү журналист Бермет Маткеримова эскерип кеткендей, Айымбүбү Ботоханова эжебиз өз заманынын алдыңкы катарында жүргөн, жаңыны тез кабылдаган инсан болгон экен. Мунун бир далили “Кыргыз Туусунун” музейинде турган Айымбүбү эженин терүүчү портативдүү машинкасы. Бул машинка чакан жана өзүнүн кутучасына салып, көтөрүп жүргөнгө ыңгайлуу болгондуктан, Айымбүбү эже кайдан болсо да таптырып алса керек. Ошол учурда өтө сейрек кездешкен, дегеле табылышы кыйын болгон, чет өлкөдөн чыккан, ал мезгилдин эң алдыңкы технологиясына таандык терүүчү машинка болуп саналат. Сыягы, эжебиз, кайда барбасын дайыма жанына ала жүрүп, далай макалаларын жазган окшобойбу. Бүгүнкү күндө музейибизде, таберик катары сакталып турат.
Терүүчү машинка демекчи, кеп кезеги келгенде айта кетейин. Азыркы муун ишенишпейт эми. Ал учурда редакцияларда, мамлекеттик ишкана мекемелерде машбюро деген болор эле.
Улуу муундун эсинде болуш керек, кечээги эле “Советтик Кыргызстанды” алсак, машбюросунда 10го чейин машинисткалар иштечү. Гезиттин кызматкерлери 100гө жакын болуп, гезит өзү жумасына 150 миңден ашуун нускада, 5 жолу чыкчу.
Азыркыдай компьютерде каалагандай оңдоп-түзөп жазуу деген жок. Кабарчылар жазгандарын бөлүм башчыга, ал оңдоп кайра бастырып, редактордун орун басарына, ал кол тийгизип, акыры жүрүп башкы редактордун колу коюлуп гезитке кетчү. Бир сөз менен машбюронун машинисткаларына бир макаланы бир нече жолу оңдоп, кайра басып чыгууга туура келчү. Машбюронун ичи өзүнчө эле өндүрүш цехтериндей эле шакылдаган үнгө толуп, иштин деми сезилип турчу. Муну менен гезит чыгарууда машинисткалардын орду өтө чоң болгонун белгилеп кетким келет. Ошондой эле журналисттердин катасын оңдоп басып кеткен, жазган материалың жакшыбы же анчалык болбой калдыбы дароо көзүңө айткан машинисткалар болор эле. Эми мынча болду дагы айта кетейин, гезитке кетчү сатиралык материалымды дайыма бир машинисткага алып барып берип, өзүм алдыртан байкап турар элем. Кокус ал жылмайса, “ии, дурус болгон окшойт” деп, эгерде үн-сөзсүз басып бере салса, “аа, анча болбой калган экен” дечүмүн. Баса ошол машинкалар салмагы сайдын ташындай келип, көтөрүш да кыйын эле. Ошон үчүн Айымбүбү Ботоханованын машинкасы өтө жеңил, өзгөчө болгон деп жатам.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”