Нобель сыйлыгынын ээлерин аныктоо жумалыгы 7-11-октябрда Стокгольм шаарында өттү. Тынчтыкты коргоо номинациясы боюнча сыйлыкты аныктоо маселеси Норвегиянын Осло шаарында уюштурулду. Эми 10-декабрда – Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө ардактуу сыйлык салтанаттуу түрдө өз ээлерине тапшырылат.
Бул сапар Нобель сыйлыгынын адабият, экономика жана тынчтыкты коргоо номинациялары боюнча сөз кылалы.
Адабият жаатында сыйлык Түштүк Кореялык жазуучу аял Хан Ганга тартууланып отурат. Жюри мүчөлөрү Хан Ган айымдын эмгегин “Дене менен жандын, тирүүлүк менен өлүмдүн байланышын уникалдуу түрдө түшүнүү менен катар эле, өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык ыкмасынын касиети аркасында заманбап прозага новатордук салым кошту!” – деп белгилешти. Эмне деген улуу баа! Мындай бүтүм азыркыдай, адамгерчилик сейрек кездеше баштаган заманыбызда так жана көлөмдүү түшүнүктөрдү өзүнө бекем камтып турбайбы?! Ал эми Нобель Комитетинин корутундусунда: “Тарыхый травмаларга каршылык кылууга жана адам өмүрүнүн морт экендигин ачып көрсөтүүгө арналган каныккан поэтикалык прозаны жараткандыгы үчүн” – деп айтылат.
Хан Ган (Han Kang) 1970-жылы Корея Республикасынын Кванджу шаарында төрөлгөн. Анын атасы белгилүү новеллист Хан Сун Вон. Каарманыбыздын бир тууган агасы дагы ийгиликтүү жазуучу экен. Демек, Хан Кан чыгармачыл үй-бүлөдө өсүп жаштайынан эле жазуучулук өнөрүнө сугарылган. 1993-жылы анын алгачкы адабияттык дебюту болду. Ал Сеулдун “Адабият жана коом” аттуу журналына өзүнүн 5 ырын жарыялоого жетишкен. 1994-жылы анын “Кызыл якорь” аттуу аңгемеси кадыр-барктуу конкурсту уткандан баштап, анын адабияттык өнөрү шыр эле кетти! Биринчи аңгемелер жыйнагы ”Йосу” деген аталыш менен 1995-жылы жарык көргөн. Каарманыбыздын чыгармачылык түшүмү кимди гана болбосун таң калтырбай койбойт. “Менин аялымын мөмөсү” (2000-жылы); “Оттуу саламандра” (2012) аңгемелер жыйнактары; “Кара бугу” (1998), “Сенин муздак колдоруң” (2002), “Вегетарианка” (“Эт жебеген аял”, 2007); “Дем тартуу менен күрөшүү” (2010); “Грек сабактары”; “Адамдардын жоруктары” (2014); “Ак китеп” (2016) жана “Мен коштошпойм” ( 2021) романдары, 2013-жылы “Мен күүгүмдү ящикке жашырам” аттуу ырлар жыйнагы (аталыштары биз тарабынан эркин которулду) зор резонанс жаратты. Бүгүнкү күнгө жазуучунун 18 китеби жарык көрдү.
Тилекке каршы, нобелиаттын бир дагы чыгармасы кыргыз тилине которула элек! Орустар болсо анын “Вегетарианка” жана “Адамдардын жоруктары” аттуу романдарын которуп салышкан. Ал турсун аудиоверсиялары да бар. Мисалы, мен өзүм анын “Вегетарианкасын” аудио аркылуу уктум.
Хан Ган чыгармаларын корей тилинде гана жазат. 2016-жылы Эл аралык Букер сыйлыгын, 2017-жылы италиялык сыйлыкты багындырса, 2019-жылы Испаниянын “Сан-Клемонте” сыйлыгына татыган. 2019-жылы француздар ардактуу “Медичи” сыйлыгын ыйгарышкан. Каарманыбыздын көп кырдуу таланты бар. Ал музыка менен сүрөт искусствосуна дагы шыктуу. Анын бул кызыгуулары адабий чыгармаларында өзгөчө маани менен чагылдырылат. Мисалы, анын “Сенин муздак колдоруң” аттуу романында скульптор менен фотомоделдин ортосундагы мамиле автордун өтө сезимдардыгы менен сүрөттөлгөн. Ал эми “Тынч ырдалган ырлар” аттуу эссесинде толук бир музыкалык дискти жаздырууга да жетише алган!
Нобель Комитети автордун 2 касиетин белгилеп жатат. Биринчиси: автор адам өмүрүнүн морттугун чеберчилик менен сүрөттөгөн делет. Гандын “Вегетарианкасында” Ёнхе аттуу башкы каарман аял түшүнөн чочуп, этти такыр жебей калат. Муздаткычтагы эт, сүт, жумурткалардын баарын таштандыга ыргытып салып, күйөөсүнүн дооматтарына да кулак салбай коёт. Диндин деле таасири байкалбайт. Себебин өзү дагы дурустап түшүндүрүп бере албайт. Күйөөсүнүн эт кошулган даамдуу тамакка болгон табити күчөп, аялынын мындай жоругуна кыжыры келет. Аялы сунуш кылган чөп-чар менен тамактанууга өтүүгө эркектин эрки жетпейт. Ал турсун күйөөсү иштеген фирманын корпоративдик кечесинде дагы өзүнүн эт жебеген кыялы менен чогулгандардын астында ыңгайсыздыктарды жаратат. Анын мындай аянычтуу абалын Вьетнам согушунун ветераны каардуу атасы менен мээрман апасы дагы оңдоого аракет кылышат. Натыйжа чыкпайт. Атасынын элдин көзүнчө бетине чаап, оозуна этти жедириш үчүн күчтөп салганынын азабы, акырында, Ёнхенин өз өмүрүнө кол салуу аракети менен коштолот. Акыры башкы каармандын тагдыры анын жездесинин айбанчылыгы, эжесинин кара мүртөздүгү жана өз күйөөсүнүн өзүмчүлдүгүнө тушугуп талкаланат. Автор бул чыгармасында аял затынын ички жана сырткы өкүмзардыкка каршы күрөшүн даназалайт. Өтө оор сюжет!
Хан Гандын “Адамдардын жоруктары” аттуу романы өзүнүн эле автобиографиялык чыгармасына окшошуп кетет. Мында автор өзү төрөлгөн Кванджу шаарындагы студенттердин бийлик саясатына каршы аракеттери сүрөттөлөт. Андагы 15 жашар баланын трагедиялуу өлүмүнүн айланасындагы драма абдан күчтүү жазылган. Ошол бактысыздын жакындарынын тагдырлары, өлүк денени алып чыгуудагы адам чыдагыс азаптар автор тарабынан даректүү документтештирилген жанрда жазылган.
Менимче, биздин кыргызстандык жаш окурмандар жаңы нобелиат Хан Гандын жогорудагы 2 романын окуп чыгышса, андан пайда гана алышат деп ойлоймун.
Экономика. Дүйнө азыр абдан турбуленттүү агымга дуушар болуп, ар бир өлкө өз арабасын кыбыратуу менен алек. А бирок, эмне үчүн кээ бир мамлекеттер бай жашап, ал эми башкалары кедейчиликтен чыга албай келишет? Бул суроонун жандырмагын табууга аракет кылышып, андан соң конкреттүү сунуш беришкен 3 окумуштууга 2024-жыл үчүн экономикадан Нобель сыйлыгы ыйгарылып отурат. Алар америкалык изилдөөчүлөр – Массачусетс технологилык институтунун профессорлору Дарон Аджемоглу менен Саймон Джонсон жана Чикаго университетинин профессору Джеймс Робинсон. Алар өз ара достошуп, мына, 30 жылдан бери аталган илим багытында биргелешкен илимий иштерди аткарып келишет. Алардын чогуу жараткан институционалдык экономика боюнча илимий эмгектеринин бүткүл дүйнөлүк кадыры абдан зор. Мисалы, Дарон Асемоглу менен Джеймс Робинсондун “Эмне үчүн бир өлкөлөр бай, ал эми башкалары кедей” (2012-жыл) жана Дарон Асемоглу менен Саймон Джонсондун “Бийлик жана прогресс” (2023-жыл) аттуу китептери бат эле дүйнөлүк бестселлерге айланып, ар бир экономисттин жумушчу столунан орун тапкан! Бул үчөөнүн илимий сунуштарын кунт коюп окуп отуруп төмөнкүдөй бүтүмгө келесиң: “Эгерде, ар кандай эле коомдо, укуктун артыкчылыгы болбосо жана бийлик төбөлдөрү калкты эксплуатациялоо жолуна түшүп алышып, салык же бажы төлөмдөрү менен эле күн көрүүнүн камын ойлоп калышса, анда мындай мамлекет эзели жалчыбайт жана өнүкпөйт!”. Лауреаттардын сунуштарынын негизги лейтмотивдери ушул ойлор!
Биз канчалык кооз сөздөрдү айтып, элди ишендирүүгө аракет кылганыбыз менен өлкөнүн тагдыры, демек, бай же кедей жашоосу саясий институттардан гана көз каранды. Бул жолку нобелиаттардын негизги нарративи ушул пикирлерди эле берет. Буга чейин экономисттер, өнүгүү моделин түзүүдө жогорудагыдай категорияларды ойлошчу эмес. Алар үчүн экономикалык өсүүнүн булагы катары өндүрүш факторлору болуп саналган – адам жана физикалык капитал гана мааниге ээ болчу. Ал эми коомдук түзүлүштү изилдөөнү политологдор менен социологдорго түртө салышчу.
Үч лауреатыбыз тең дүйнөлүк рейтингде эмгектери эң көп цитата катары колдонулган, алдыңкы 5%дык топ-окумуштууларга киришет.
Профессор Дарон Аджемоглу акыркы 10 жылдан бери жогорудагыдай көрсөткүч боюнча биринчи орунду эч кимге бербей келет! Ал 1967-жылдын 3-сентябрында Стамбулда төрөлгөн. Анын ата-энеси Түркиянын алдыңкы окумуштуулары болуп эсептелет. Атасы – Стамбул университетинин юрист-профессору болсо, апасы – Стамбул орто мектебинин биринде директор болуп эмгектенген. Галатасарай лицейин бүтүрүп, Англиянын Йорк университетинен окуп, экономиканын бакалавры даражасына ээ болгон. Андан соң, Лондондун Экономика жана саяий илимдер мектебинин математикалык экономика жана эконометрика боюнча магистратурасын ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жерден экономиканын доктору болгон жана лекция окууга киришкен. 2004-жылдан бери АКШнын Массачусетс технологиялык институнун (MIT) профессору. Аялы Асуман Оздаглар ошол эле институттун электротехника боюнча профессору. Жубайлардын авторлош жарык көргөн бир нече илимий эмгектери бар.
Саймон Джонсон британиялык-америкалык экономист. Ал 1960-жылы Англиянын Шеффилинде туулган. Оксфорд университетинде экономиканын жана саясаттын бакалавры даражасын алган. Манчестер университетинин магистрдик программасын ийгилктүү өздөштүргөн соң, АКШга кетип, ал жерден илимий тагдырын MIT менен байланыштырган жана 1989-жылы экономика боюнча PhD диссертациясын коргогон. Ошондон бери MIT де эмгектенип келет. Ошол эле учурда АКШнын конгрессинин жана МВФтин илимий консультаттык кызматтарын да аткарып жүрөт.
Джеймс Робинсон – көрүнүктүү экономист жана саясий багыттагы күчтүү эксперт. Ал 1960-жылы Лондондо төрөлгөн. Анын дагы илимий басып өткөн жолу стандарттуу эле. Бакалавр – Лондон Экономикалык мектеби; Магистратура – Уорик университети жана PhDни АКШнын атактуу Йель университетинде коргогон. Азыр Чикаго университетинин профессору. Негизги илимий багыты – салыштырмалуу экономикалык анализ жана узак мөөнөттөргө арналган саясий сереп жүргүзүү.
Эң кызыгы, анын профессор Аджемоглу менен бирге жазган “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” аттуу илимий монографиясы кыргыз тилине которулуп жарыкка чыккан. Робинсон китебинин бет ачарына катышуу үчүн 2023-жылы жазында Бишкекке келген. Бир топ кызыктуу маектерди берген.
Бул 3 нобелиат кандай жаңылык киргизе алышты? Кыскача айта турган болсок, алар биринчи жолу институционалдык экономика аталыштагы жаңы багытты сунуш кылышты. Анын негизги идеясы – эмне үчүн кээ бир өлкөлөр бай, ал эми калгандары кембагал деген суроонун үстүндө иштешип, натыйжада, ага сандык, б.а. математикалык түрдө негизделген жоопту бере алышты.
Биздин, кыргыздардын, “суперэкономисттери” жана “гениалдуу экономист-окумуштуулары” кандай ой жүгүртүшөт? Ал баарыбызга белгилүү: “Эгерде кандайдыр бир өлкө кошунасынан 50%га бай болсо, демек анын жаратылыш кен-байлыктары арбын же эли мээнеткеч!” деген псевдотыянактар! Анан биздин эргулдар, статистикалык сандарга манипуляция жасашып же министрликтердин жылдык отчетторуна таянышып, илимдин кандидаттары жана докторлору болуп жатышат. Экономика багытында биздин окумуштуулардын саны дүйнөдө биринчи орунда экен!
Дарон Аджемоглу, Саймон Джонсон жана Джеймс Робинсон 1990-жылдары эле ар бир өлкөнүн географиялык абалын, климаттык шарттарын, жашоо укладдарын жана маданий айырмачылыктарын тыкыр изилдөөгө киришишкен жана маанилүү бүтүмгө келишкен.
(Уландысы бар)
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
физика-математика илимдеринин доктору,
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор