Күн сууп, көмүргө суроо-талап өсүүдө. Учурда көмүрдүн тоннасы 5800 сомдон 6500 сомго чейин сатылууда. Ошол эле учурда Бишкек шаарында “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасы тарабынан 5300 сомдон саткан жайлар бар.
Борбор калаанын тургундары мамлекет көзөмөлдөп сатып жаткан арзан көмүр көп учурда кампада жок болуп жатканын айтып даттанышууда. Биз бул жолу калаанын айланасында сатылып жаткан көмүрдүн баасы менен таанышып көрдүк.
“Кыргызкөмүрдө” баалар кандай?
“Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары Күлчоро Молдалиев Бишкек шаарында 11 көмүр кампасы ачылганын билдирди.
“Азыркы учурда “Кыргызкөмүр” тарабынан Бишкекте 11, Чүй облусу боюнча 9 көмүр кампасы ачылды. Кеминден баштап Панфилов районуна чейин ар бир райондо бирден кампа иштеп жатат. Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 5300 сомдон, Чүй облусунда баалар 5000 сомдон 5800 сомго чейин.
Биз көмүрдү Кара-Кече кенинен алып келебиз. Кара-Кечеден эң алыс болгон Панфилов районунда 5800 сомдон, Токмокто 5100 сом, Кантта 5200 сом, Сокулукта 5400-5600 сомдон сатылууда. Былтыркыга салыштырмалуу Кара-Кече кенинде баа 500 сомго кымбаттады. Былтыр кампаларда көмүр 4700 сомдон болчу, быйыл 5800 сомго чейин болууда. Жогоруда биз айткан баа күз-кыш мезгилине бекитилген. 2025-жылдын март айына чейин ушул баа өзгөрүүсүз кармалат.
Биздин көмүр кампаларда жалаң кесек көмүр сатылат. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн атайын капка салып да сатып жатабыз. Баа-сында эч кандай өзгөрүү болбойт, таразага коюп сатабыз. Бир кап көмүрдүн баасы 250 сомду түзөт”, – деди К.Молдалиев.
Биз “Кыргызкөмүр” МИси тарабынан көмүр сатылып жаткан кампага бардык. Ал жерде учурда соода кызуу жүрүп жатыптыр. Келген көмүр дароо эле сатылып кетип жатканын көмүр сатуучу Нарынбек Жапарсадыков айтып берди.
“Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасы менен 3 жылдан бери кызматташып келем. Чындыгында бизге чоң-чоң, таза бышкан көмүр келет. Быйыл сентябрь айынан баштап көмүр сата баштадык. Учурда көмүргө болгон суроо-талап жогору болуп жатат. Бир күндө 5 КамАЗга чейин сатылып кетүүдө, мына бүгүн эле 5 КамАЗ көмүр саттым”, – дейт.
“Өскөн Ордо” жаңы конушунун тургуну Мирбек Сариев көмүр сатып алуу үчүн атайын “Кыргызкөмүр” МИнин кампасына келип, бүгүн келген көмүрдү сатып алууга жетишпей калганын мындайча айтып берди:
“Мен “Өскөн Ордо” жаңы конушунда турам, вотсап тайпадан көмүр келгенин угуп, атайын келдим. Бирок, мен келгенче көмүр сатылып кетиптир. Эртең дагы көмүр келет экен, эртеңкиге жазылып койдум. Көмүрдүн баасы жеке адамдар сатып жаткан жерлерге караганда арзан, биздей карапайым адамдардын чөнтөгүнө чак келет. Ошондуктан ушул жерден алабыз, башка жакта кымбат сатышкандыктан ал жактан алууга чамабыз жетпейт”, – деди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баалардын туруктуу экенин айтууда
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сыргак Оморов көмүрдүн баасы көзөмөлдө экенин айтты:
«Биз 15-сентябрдан баштап көмүргө бааларды коюп бергенбиз. Биздин адистер тарабынан көмүр саткан кампалар текшерилип, мониторинг жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү көмүр Бишкекте 5300, импорттук көмүр 6000 сомдон сатылууда. “Кыргызкөмүр” МИсинин кампаларында сөзсүз түрдө тараза болушу керек. Ал жок болсо жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом айып пул салынат».
Көмүр кенинде дүң баа канчадан?
Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдүн дүң баасы тоннасына 2260 сом деп бекитилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 500 сомго кымбат. Ошондуктан Бишкекте 5300 сомдон сатылууда. Өткөн жылы кендеги дүң баа 1940 сом болуп, Бишкектеги баасы 4900 сомду түзгөн болчу.
Жеке ишкерлер бааны кандай коюшкан?
Мамлекеттик ишканадан сырткары көмүрдү өздөрүнүн жеке унаасы менен ташып келип саткандар шаардын ар кайсы жеринде турушат. Ал жердеги баалар 5800-6500 сомду түзөт. Алар баанын кымбат болушун күйүүчү майдын, унаанын тетиктеринин кымбаттыгы менен түшүндүрүшөт. Бишкектин айланма жолунда акыркы күндөрү көмүр саткандар бир кап көмүрдү 350 сомдон, айрым жерлеринде 400 сомдон дагы сатып жатышат. Бир үй кыштан чыгуу үчүн орточо 3 тонна көмүр жакса, 20 миң сом кетет. Туруктуу кирешеси жок үй-бүлөлөргө көмүр сатып алууда оорчулук келип калууда.
Көмүрдүн исине уулануудан сак болуңуз
Уулануунун негизги себеби – мештерде от жагуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун тазаланбагандыгы мештеги жаракалар.
Уулануунун белгилери – баш ооруп, кулак чуулдап, көз караңгылашы, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу– өлүмгө алып келүүсү.
Ууланган адамга жардам
көрсөтүү эрежелери
– аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
– бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
– жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галс-тугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
– адамдын акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
– жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.
Материалдын видео версиясын kyrgyztuusu.kg сайтынан жана ютуб каналынан көрө аласыздар.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”