Быйыл 7-ноябрда Кыргыз басма сөзүнүн, жалпылап айтканда, кыргыз журналистикасынын 100 жылдык мааракеси болот. Албетте, демократиялуу, басма сөз эркиндиги бар укуктук мамлекеттерде расмий мамлекеттик бийликтин формалдуу үч бутагынан кийин эле жогору бааланып, формалдуу эмес түрдө “төртүнчү бийлик” аталган журналистиканын ролун баалабай коюуга мүмкүн эмес.
Кыргыз журналистикасы жөнүндө сөз болгондо, “Кыргыз Туусу” (“Эркин тоо”) гезити эске келет. Анткени, мындан туптуура 100 жыл мурда, 1924-жылдын 14-октябрында соңку Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө удаа, ошол эле жылдын 7-ноябрында кыргыз кыргыз болуп жаралганы биринчи басма сөзү болгон дал ушул гезиттин биринчи саны жарык көрүп отурат.
Анын алгачкы саны Ташкентте жарык көргөн. Аны чыгаргандардын бири Ишеналы Арабаев: …Кыргыз – кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып отурат. Бул гезиттин табын аягы көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менен тоону кошуп – “Эркин Тоо” койдук… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!” деп жазган.
Мына ушул сөздөр кыргыз элинин соңку тарыхындагы алгачкы кыргыз басылмасынын орду канчалык зор болгондугун көрсөтүп турат! Ошондуктан кыргыздын алгачкы гезити болгон “Кыргыз Туусуна” катардагы басылмалардын бири катарында мамиле жасоо – жаңылыштык болмок.
Мамлекетибиздеги башкы маалымат органы болуу менен ММКлардын башка түрлөрү жаралганга чейин да, андан кийин да, өлкөбүздүн кылымдык тарыхындагы бардык “алтын доорлор” менен катар кайгылуу “кара тактар” да “Эркин тоо” – “Кыргыз Туусунун” беттеринде чагылдырылган. Анын алгачкы сандарынан баштап барактап көргөн адам өлкөбүздүн совет мезгилиндеги тарыхына үңүлүп киргендей болот.
Жакында биздин үч жылга созулган машакатыбыздын үзүрү болуп, “Эркин Тоонун” 1924 – 1927-жылдары араб арибинде жарык көргөн, андан кийинки латын жана кириллица арибинде окуп калган советтик жана постсоветтик муундагылар үчүн түшүнүксүз болгон сандары эже-сиңди окумуштуу-лар Нармаматовалар тарабынан транскрипцияланып, китеп түрүндө басылганы турат. Ал жарык көрсө, кесипкөй тарыхчылар менен саясат таануучулардан тышкары, жалпы эле кыргыз тарыхына кызыккандар үчүн чоң белек болмок.
Мунун келечек муундар үчүн да мааниси зор. Анткени, гезиттин ушул 1924-1927-жылдар аралыгындагы сандары толук сакталган эмес. Айрым сандары китепканалардан да, архивдерден да табылбай турат. Сакталгандарынын айрымдарынын барактары да кесилген, өздөрү да тозгон, үбөлөнүп кетчүдөй абалда турат. Дагы бир канча жылдардан кийин окуганга жараксыз абалга жетип калчудай. Эгерде жараксыз абалга жетсе, анда тарыхыбыздын эң маанилүү жана анык булагы жоголот.
Өкүнүчтүүсү, мамлекет тарабынан колдоо таппагандыктан, учурда “Кыргыз Туусу” гезитинин өзү да тарых барактарында калчудай абалга жетти. Дагы жакшы, кыргыздын тунгуч гезитинин тарыхый, маданий, саясий баалуулугун түшүнгөн айрым адамдар азыркы кыйын учурда ага кол сунуп жардам көрсөтүп жатышат.
Андай адамдардын биринчиси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев болду. Массалык маалымат каражаттарында жетекчи кызматтарда иштеген спикер мырза “Кыргыз Туусундагы” абалды жакшы түшүнө билет. Ошондуктан кылымдык тарыхы бар, соңку Кыргыз мамлекети менен жашташ басылманы колдоо үчүн Төраганын фондунан 500 миң сом бөлүп берип, оор учурда жардамга келди. Мындай жардамы үчүн “Кыргыз Туусунун” эмгек жамааты жалпы окурмандарыбыздын атынан Нурланбек Тургунбековичке чоң ыраазычылык билдирет.
Ушундай эле суммадагы жардамды учурдагы өлкөбүздөгү эң ири инвесторлордун бири, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана энергетикалык көз карандысыздыгына зор салым кошуп жаткан “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Болот Абилдаев жеке өзүнүн атынан көрсөттү.
Биз иштешип келе жаткан “ММКны колдоо борбору” коомдук фондунун башкы директору Алмаз Курманкалиев да четте калбай, 80 миң сомдук компьютер тартуулап отурат. Андан тышкары, оор учурда көрсөткөн кызматтары үчүн акыны кечиктирип калганыбызга түшүнүү менен мамиле жасоодо.
Аларга да чоң ыраазычылык билдиребиз.
Кыргыздын тунгуч гезитинин мааракеси катардагы бир иш чара эместигин парламенттин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо да баса белгилеп кетти.
Мындай өлкө тарыхына, улуттук тунгуч басылманын тарыхына кайдыгер карабаган инсандарыбыз дагы чыгат жана Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталарыбыз түптөп кеткен улуттук басылмабыз дагы кылым карытат деген ишеничтебиз.
“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн эмгек жамааты