whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКамчыбек Ташиев "Альфа" атайын кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ош башкы башкармалагында «Альфа» атайын багыттагы кызматынын өздүк курамын куттуктоо аземине катышты.

Ташиев 32 жылдыгы белгиленип жаткан «Альфа” бөлүгүнүн элиталык аскер кызматкерлерин куттуктап, сөз сүйлөдү.

Майрамдык иш-чарага УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы кызматынын Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башкармалыктарынын жетекчилери жана өздүк курамы чогулду. Камчыбек Ташиев бул кызмат ары өзгөчө сыймыктуу жана мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоо багытында өзгөчө маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи.

Камчыбек Ташиев “Альфа” аскерлерине майрамдык белектерди тапшырып, мындан ары дагы өз кызматтык милдеттерин так жана берилгендик менен аткаруу зарылдыгын эскертти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар