Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат:
– кызмат: “Дарек боюнча катталган жарандар жөнүндө маалымкат”;
– баасы: 200 сом;
– жарактуу мөөнөтү — 1 ай.
Маалыматты кантип алса болот:
- Tunduk тиркемесин жүктөңүз;
- Жекелештирүүдөн (авторизациялоо) өтүңүз;
- “Маалымкаттар” кызматын тандаңыз;
- MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүңүз.
Белгиленгендей, кызмат бир нече баскылоодон кийин эле өзүңүздүн телефонуңузда жеткиликтүү болот.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн бардык аракетин жумшоодо.