whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБиринчи жолу IT Fest 2024 Cyber Kyrgyzstan фестивалы өтөт

Биринчи жолу IT Fest 2024 Cyber Kyrgyzstan фестивалы өтөт

Кыргызстанда 20-21-ноябрда биринчи жолу IT Fest 2024 Cyber Kyrgyzstan IT фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын дрондор жана робототехника федерациясынын президенти Байзак Урмамбетов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, фестивалдын алкагында «Газпром Кыргызстан» мектебинде Кыргызстандагы IT тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн хакатон, мобилография, роботехника, киберспорт, киберсекьюрити тармактары боюнча турнирлер өтөт.

«Азыр биздин өлкөдө көптөгөн IT адистери бар жана алар украиналык IT адистеринин, ал тургай эл аралык IT адистеринин деңгээлине жете алышты деп ойлойм. Ошондуктан IT адистерибиз тарабынан иштелип чыккан инновацияларды, техникаларды чыгарууга жана көргөзүүгө убакыт келди. Биз алар үчүн кандайдыр бир иш-чараны уюштуруубуз, мисалы, фестиваль өткөрүүбүз керек. Бирок бул коммерциялык эмес болушу керек, анткени IT адистери үчүн буга чейинки бардык иш-чаралар акча табуу максатында өткөрүлүп келген.

Фестивалдын форматында уюштурулган, IT FEST тажрыйба алмашуу, акыркы технологиялык жетишкендиктерди көрсөтүү жана жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн алдыңкы адистерди, стартаптарды, инвесторлорду, студенттерди жана технология энтузиасттарын бириктирет», — деди Урмамбетов.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар