Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Асылбаштан үчөө

Кылым карыткан “Кыргыз Туусу” гезитинин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, кышын кынашкандардын катарында Сокулук районундагы айтылуу Асылбаш айылынан үчөө: Дөөлөт Сулайманов, Бира Бөрүбаев, Турусбек Солтобаевдер бар. Алар ар кайсы жылдарда “Кыргыз Туусунда” иштеп, үчөө да башкы редактордун орун басарлыгына чейин көтөрүлүшкөн.

Алыкул изилдөөчү Памир Казыбаевдин айтымында, Дөөлөт Сулайманов алгачкы 25 миңинчилердин сабында Жалал-Абад жергесине барып, жер чийип, алгачкы бороз салган механизаторлордон болуптур. Кийин педтехникумду бүтүрүп, партиялык жана чарбалык иштерге аралашат. Райондук, облустук гезиттерди жетектеп, согуштун алдында “Кызыл Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун орун басарлык кызматына жетет. Ал согушка мына ушул кызматта иштеп туруп кеткен. 1941-жылы июль айында Дөөлөт Сулайманов 559-өзүнчө сапердук батальонго комиссар болуп дайындалат.

Отставкадагы генерал-майор, 299-аткычтар дивизиясынын 559-батальонунун мурдагы командири М.Максимцов “Советтик Кыргызстан” гезитинин 1976-жылдын 5-февралдагы санындагы “Батальондун комиссары” аттуу макаласында “Д.Сулайманов ага: “комиссарды аяйсың ээ, капитан. Мени дивизиянын комиссарына жибересиң да, өзүң чабуулга барасың” деп таарынганын, баатырларча жасаган эрдиктерин, биздин жоокерлердин эр жүрөктүүлүк менен салгылашуулары жөнүндө баяндарын “Кызыл Кыргызстан” гезитине жөнөтүп турганын эскерип жазган.

Кан майданда калем менен куралды бирге алып жүргөн Дөөлөт Сулайманов Улуу Жеңишке аз калганда Вершен шаарын алууда 35 жашында курман болуптур.

Асылбаш айылынын дагы бир асыл уулу Бира Бөрүбаевди улуу муундагылар билип калышты. Ал өткөн кылымдын 50-60-жылдары дың жерлерди өздөштүрүүгө катышканы менен да элдин эсинде калган. Курсташы, белгилүү акын, журналист Ильгиз Гилязетдинов дың жерге барган студенттердин арасынан “Жаңы жерлерди өздөштүргөнү үчүн” медалы менен сыйлангандыгын эскергени бар.

Ал эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинин бөлүм башчылыгынан баштап, кийин Кыргызстан ЛКЖС БК жана КП БКнын сунушу менен КГБнын катарында кызмат өтөйт. Бирок, жан дүйнөсүндө чыгармачылык менен жашаган Бира Бөрүбаев кайрадан басма сөзгө аралашып, “Советтик Кыргызстандын” жооптуу катчылык кызматында ишин улантат. Ал журналист гана эмес, таланттуу котормочу катары да белгилүү. Нодар Думбадзенин “Мен күндү көрүп турам” романын, С.Дангуловдун “Ленин Америка менен сүйлөшөт”, Е.Егоровдун “Эврикага каршы кутум” чыгармаларын которгон. Өкүнүчтүүсү, 47 жашында дүйнөдөн кайткан.

Асылбаштан чыккан кийинки муундагы журналистика өкүлдөрүнүн бараандуусу – Турусбек Солтобаев. Мен аны менен 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин 1-курсуна өткөн жылы таанышкам. Ал журналистика бөлүмүнүн студенти болчу. Шуулдаган, жаны тынбаган, сүйлөсө бат-бат быдылдап сүйлөгөн, бирок ырдаса шаңкылдап ырдаган шайыр эле. Ошол шайырлыгы, качан болсо бакылдап-шакылдап жүргөнү менен баарын өзүнө тартып алчу. Уюштуруучулук жөндөмү да укмуш болчу, жоктон бар кылып жиберчү, адамдын оюна келбеген нерселерди ойлоп, кайра эле аны сенин өзүңө милдет кылып тагып, жүрөгүңө от жагып ийчү.

1-курста студенттер Таласка айыл чарба жумуштарына барсак, кийинки жылы Жети-Өгүз районуна алып барды. Бир жай ичинде бир сарай, бир чабандын үйүн салдык. Таңкы 5те баштап, кечинде күн батканда ишти токтотчубуз. Башка курулуш отряддарына караганда биз баары менен камсыз элек. Мында Турусбектин уюштуруучулук чоң эмгеги бар.

Окууну бүткөндө Сокулук, Аламүдүн райондук гезиттеринде редактор, “Аалам”, “Кыргыз Руху” гезиттеринде башкы редактордун орун басары болуп жүрдү. 2000-жылдары “Кыргыз Туусу” гезитине кабарчы болуп келип, күнү-түнү чапкылап, гезиттин түйшүгүн мойнуна артты.

Аны менен тим калбай “Асылбаш баяны” аттуу китеп жазып, бул тарыхый, биографиялык жана этнографиялык китеп айыл элинин колунан түшпөгөн китепке айланды. Турусбек Солтобаев мындан кийин “Сокулук” энциклопедиясынын үстүнөн иштеди.

Ал кажыбас, эмгекчил, беттегенин бербеген өжөр болчу. Жашоодо эмнеге жетсе, анын баарында өзүнүн талбаган эмгеги бар. Асылбаштын асыл жигиттеринин эмгеги ар дайым эсибизде.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар