Ал Кыргызстандын 30 жылдан бери келе жаткан рекордун жаңылады.
Н.Кеңешбеков 27-октябрда Казакстандын Түркстан шаарында өткөн эл аралык марафондун алкагында жарым марафонго катышкан.
Нурсултан 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 2 мүнөт 48 секундада чуркап өтүп, 1-орунду ээледи. Бул жыйынтык бул аралыкта Кыргызстан үчүн жаңы рекорд болуп калды. Буга чейинки рекорд 1 саат 3 мүнөт 24 секунданы түзүп, Виталий Никитинге таандык болчу. Рекорд 1994-жылы Норвегияда коюлган.
Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы