Мен, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясында «мамлекеттик башкаруу» багытында окууга келдим. Ал кезде бул окуу жайына тапшыруу үчүн сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу жана мамлекеттик кызматта 2 жылдан кем эмес тажрыйбасы болуусу, ошондой эле райондук акимден «сунуш кат» (рекомендательное письмо), облустук губернатордон «жолдомо» (направление) болуусу талап кылынчу. Окууга кабыл алуу сынактары 3 этап менен жүргүзүлөт болчу: 1 – берилген темага эссе (сочинение) жазуу, 2 – жалпы суроолордон түзүлгөн тест, 3 – баарлашуу (беседа).
Сынактын эң акыркы жана эң негизги этабын – баарлашууну кабыл алуу комиссиясы толук курамда катышып, талапкерлерди бирден кабыл алып, суроо-жооп аркылуу жүргүзөт экен, ал эми кабыл алуу комиссиясынын төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Акасбек Абдурашитов экен. Ал дагы бир нече суроолорду берди, мен жооп бергенден кийин, кайда иштегеним, жер жана агрардык реформа Өзгөн районунда кандай жүрүп жаткандыгы, кандай кыйынчылыктар болуп жатканы жөнүндө сураштырды. Аягында «сиз Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын «мамлекеттик башкаруу» багытында республикалык бюджеттен каржылана турган бөлүмүнө кабыл алындыңыз, куттуктайбыз» – деди. Ошентип, бардык сынактардан ийгиликтүү өтүп, академиянын угуучусу болуп калдым.
“Кыргызстандын экономикасы” сабагынан экономика илимдеринин доктору, профессор Мусакожоев Шайлообек агай окутуп калды. Агайдын жүзү жарык, таза, кийген кийими жакшынакай өзүнө жарашыктуу болуп, басканы, турганы, сүйлөгөнү баарын өзүнө тартып турчу. Сабакты абдан жеткиликтүү түшүндүрүп, талашсыз аргументтерди, жөнөкөй мисалдарды келтирип айтчу. Эч кимге үнүн жогору көтөрүп сүйлөбөй, баарына сылык мамиле жасаганы, агайдын интеллекти, маданияттуулугу, кесипкөйлүгү абдан жогорку деңгээлде экенин тастыктап турат эле. Агайдын мыкты инсан, мыкты адам, мыкты адис, мыкты окумуштуу, мыкты мугалим экендиги эч кимде, эч кандай күмөн жаратпагандыктан, “биз да ушул агайдай болсок” – деп самачубуз.
2006-жылы экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертация жазууну чечтим. Ал үчүн биринчи кезекте илимий жетекчи тандоо керек эле. Мен дароо эле Шайлообек агайды издеп баштадым. Ошол кезде агай Кыргызпатентте инновациялар департаментинин жетекчиси болуп иштеп жүргөн экен. Алдын-ала макулдашып алып, белгиленген убакта агай менен жолугушууга бардым. Агай мени жакшы кабыл алды. Мен кандай маселе менен келгенимди айтып, агайдын мага илимий жетекчи болуп берүүсүн сурандым.
Агай мени уккандан кийин “сенин мага келгенин эң туура болуптур, орусча айтканда “по адресу” келиптирсин, бирок, менин илимий жетекчи болуп берүү үчүн сага бир шартым бар, ошол бир гана шарт менен макул боломун” – деди. Менде албетте “бул кандай шарт болду экен?” – деген суроо пайда болду. Кээ бир илимий жетекчи болгондор өз эмгегин бир топ акчага же дагы башка материалдык-финансылык кызыкчылыктарга баалайт экен деп угуп калчу элем, ошон үчүн агайдын бул сөздөрүнө таң калып турдум. Агайга карасам өңү-жүзү мурдагыдай эле жарык, кийимдери деле мурдагыдай эле жарашыктуу, сүйлөгөнү деле мурдагыдай сылык. Агайым мурдагыдай эле колунан келишинче жакшылык кылып, жардам берүүгө даяр болуп тургандай көрүндү. Бирок, “бир гана шарт менен макул боломун” – деген сөзү мени ойго салып койду, ошондуктан эмне дээримди билбей, унчукпай отуруп калдым.
Агай мага карап, “илимий иш жазамын дегениң жакшы, илимий жетекчи болуп бериңиз деп мага келгенин да туура болуптур, илимий иштин темасын экөөбүз макулдашып тандайбыз, иштин мазмунун жана планын түзөбүз. Мен илимий ишти кантип жазуу керек, кандай шарттарды жана талаптарды аткаруу керек, канча илимий макала (статья) жазып, аларды кантип, кайсы журналдарга жарыялоо керек жана башка маселелер боюнча түшүндүрүп, тийиштүү жардамдарды берүүгө даярмын. Бирок жана айткандай бир гана шартым бар, ошол шартка макул болсоң гана мен сага илимий жетекчи болуп берүүгө макул боломун, болбосо жок. Ал шарт мындай – баштаган илимий ишиңди аягына чыгарамын десең башта, эгерде аягына чыгара албасаң, баштагандан кийин таштап сала турган болсоң, анда мени да, башкаларды да убара кылба, убактыларын текке кетирбе, өзүң да убара болбо!” – деди.
Агайдын шартын уккандан кийин чынында сүйүнүп кеттим. “Агай мен баштаган ишимди сөзсүз аягына чыгарамын” – десем, “андай болсо жакшы экен, мен илимий жетекчи болуп берүүгө макулмун” – деди. Агай экөөбүз макулдашып илимий ишти экономикадагы атаандаштык багытында, экономикадагы атаандаштык жөнүндө жазуу керектигин чечтик, себеби мен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясын ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча Улуттук комиссияга жетектөөчү адис болуп жумушка киргенмин. Андан кийин ошол монополияга каршы мамлекеттик органда башкы адис, сектор жетекчиси, Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси, Чүй – Талас облустар аралык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын экономиканы өнүктүрүү, өнөр-жай жана соода министрлигинин алдындагы монополияга каршы мамлекеттик департаменттин жетекчиси – министрдин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматтарында иштеген элем.
Илимий ишти баштайбыз деп, Шайлообек агайым илимий жетекчи болуп берүүгө макул болгон учурда ошол Улуттук агенттиктин директорунун орун басары болуп иштечүмүн. Ошентип 2006-жылы “Аралашма (конвергенттик) экономикалык системада мамлекеттин атаандаштык саясатын өнүктүрүү (Кыргыз Республикасынын мисалында)” деген теманы бекитип, кандидаттык диссертациямды жазып баштадым. Кандидаттык минимум боюнча экзамендерге даярданып, мөөнөтү келгенде ийгиликтүү тапшырып баштадым. Илимий макалаларды (статьяларды) да жазып, тийиштүү журналдарга жарыялап баштадым. Илимий иштин баары, алдын-ала агайым менен макулдашкан планга ылайык, жакшы жүрүп жатты.
2008-жылы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча министринин орун басары кызматына дайындалдым. Бир жагынан жумуш жаңы жана өтө көп болуп, экинчи жагынан илимий ишим атаандаштык багытында, а менин жаңы жумушум такыр башка багытта болгондуктан жакшы жүрүп жаткан илимий ишимдин баары токтоп калды. Шайлообек агайымды көргөн сайын анын мага койгон шартын жана өзүмдүн “Агай мен баштаган ишимди сөзсүз аягына чыгарамын” – деген сөздөрүмдү эстеймин да илимий ишимди алдыга жылдырууга аракет жасаймын, бирок иш алдына жылбай жатты.
2010-жылдын сентябрь айында кызматымды өз каалоом менен тапшырдым. Ошол жылы парламенттик шайлоолор, 2011-жылы президенттик шайлоолор өттү. Ошондон кийин Шайлообек агайымдын мага койгон шартын жана өзүмдүн “Агай мен баштаган ишимди сөзсүз аягына чыгарамын” – деген сөздөрүмдү аткарышым керек, агайга уят болбоюн деп, илимий ишиме кайрадан жакшылап көңүл бөлүп, убакыт бөлүп, аракет жасап жүрүп, 2013-жылы кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү жактадым.
Шайлообек агайыма мен чын дилимден абдан ыраазымын, себеби агай эң туура шарт койгон экен! Биринчиден агай мындай шарт койбосо менин илимий ишим аягына чыкпай токтоп калмак. Экинчиден мага агай өз баласындай мамиле жасап, өтө көп жардам берди. Шайлообек агайымдын мага жасаган мамилеси анын билим-илим берүүдөгү эң жогорку деңгээлин, тааныштарына да, тааныш эместерге да туура, түз багыт берип, колунан келишинче жардам берээрин, ошондой эле адамгерчилик, маданияттуулук, ишинин ирээттүүлүгү, тазалыгы жагынан мыктылардын мыктысы экендигин дагы бир жолу тастыктады.
Шайлообек агайым экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Россия Жаратылыш жана коом боюнча эл аралык илимдер акалемиясынын академиги, “Даңк” медалынын жана III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган, 500дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 95 монография) автору, өткөөл экономикалык шарттагы индикативдик божомолдоо жана пландоо боюнча республикадагы мектептин негиз салуучусу болуп саналат. Москва шаарында өткөрүлгөн КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын XIII эл аралык конкурсунда “Китеп искусствосу 2016” темасы боюнча агайымдын жогорку окуу жайлар үчүн окуу куралы болгон “Экономика” китеби “Окуу адабияты жана билим берүү” номинациясында конкурстун лауреаты аталып, эл аралык сыйлыкка ээ болгон.
Шайлообек агайымдын ден соолугу бекем болуп, көп жашасын, бардык тилектери аткарылсын, Жараткан жалгасын!
Биз баарыбыз Шайлообек агайымдан үлгү алып, сөзүбүз менен да, аракеттерибиз менен да мамлекетибизге, элибизге-жерибизге пайда бере турган жакшы жумуштарды аткаралы.
Акыл АЙТБАЕВ, экономика илимдеринин кандидаты