Жакында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу жана котормочу Айдарбек Сарманбетов Бишкек шаарындагы Т.Касымбеков атындагы борбордоштурулган китепканада өзүнүн “Жылдыздар жерде жанышат” /Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча сулуу/ тарыхый романынын бетачарын өткөрдү.
Жазуучу соңку жылдары тарыхый чыгармалар менен котормолордун үстүндө ийгиликтерди жаратып келет. Анын заманбап окуяларды чагылдырган повесть, аңгемелеринен сырткары “Капсалаң доор. Карга аке”, “Кызыр даарыган Кыдыр аке” тарыхый романдары окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Ошолор тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, калемгерди кепке тарттык.
– Сиз адам турмушунун көйгөйлүү темаларын чагылдырган чыгармаларыңыздан сырткары кийинки жылдары тарыхый окуяларга кайрылып келесиз. Анын себеби эмнеде?
– Туура, эгемендик алгандан кийинки мезгилде тарыхый чыгармаларга басым жасалып келет. Анын да өз себептери бар. СССР мезгилинде башка республикалардай эле элибиздин тарыхы, көрүнүктүү инсандарыбыз “улутчулдук” деген жарлык менен айыпталып, жол берилбей келген. Ал мезгилдин саясаты ошондой болгону белгилүү. Анын ичинде кыргыз элинин бай тарыхы, жазуулары, эл башчылары, баатырлары, эл арасында “аке” аталышкан акылмандары, улутту даңазалаган тили курч, жаза билген акындары жабык тема болуп, ачылбай, жол берилбей келбедиби. Эгемендиктен кийин аларга жол ачылып, аларды иликтеп, тактап, элге алып чыгуу иштери жүрүп жатат. Мен да алардын бири катары тарыхыбызга кайрылып келем. Тарыхы болбой эл болбойт деген бар эмеспи. Өткөн тарыхыбызды тактабасак булактын көзү ачылбай калган сыңары элдик башатыбыз бара-бара соолуп калат.
– Көл элинен чыккан акелердин аксакалы Карга аке тууралуу да роман жаздыңыз?..
– Ал чыгарманы Карга акенин 300 жылдыгына карата жаздым. Мурдатан эле окуп-билип, маалымат чогултуп жүрдүм эле. Чыгарма көкүрөктө улам кайра иштеле берип, кагазга гана түшүрүү калган. Кыдыр аке боюнча жупкадай брошюралар, макалалар жарык көрүп, бардыгы чачкын калып, акебиздин татаал өмүр жолун дыкат иликтеп, тактап, баяндаган жыйнактуу бир китеп чыккан эмес экен. Ошол өксүктүн орду толгонсуду. Бир катар талаштуу жагдайларга да чекит коюлду. Кийинки кездери “Кыдыр аке орус оторчулугун жактап келген” деген сыяктуу жаңылыш пикирлер айтылып келген эле. Тескерисинче, акебиз дайыма эл тарабында болуп, элибиз Кокон, Кытайларга көз каранды болбой, өз бакыбаттыгын Россия менен жарата алат деген ишенимде болгон. Өкүнүчтүүсү, орус падышачылыгы алгачкы калканыч болуу саясатын өзгөртүп, баскынчы, өкүмзарлыкка өтүп кеткен. Алтургай Үркүн кезинде Кыдыр Байсары уулу кыргыз элин падышалык Россиянын аскерлеринен бөөдө кырылып калуудан сактап калуу үчүн, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен оор кырдаалдан чыгууга аракеттенген. Аны укпаган “жылаңач баатырлыктын” айынан жүз миңдей элибиз бөөдө тентип, кырылып калган. Мына ушундан улам, Кыдыр акенин жасаган иштерин миң бир ирет акыл элегинен өткөрүп, миң толгонуп отуруп жаздым.
– Эми кепти жаңы романыңызга бурсак. Аны жазууга кандай жагдайлардан улам киришип калдыңыз? Анын да себептери болсо керек.
– Бул китепти жазуумдун өз себептери бар. Чоң атам Сарманбет Кыдыр акеден кийинки болуш болгону үчүн айыпталып, 1938-жылы репрессияланып, Каракол түрмөсүндө атылып кеткен. “Эл душманынын балдары” деген куугунтуктун айынан атабыз Ысык-Көл районундагы Долинка, азыркы Кара-Ой айылына турмушка чыккан эжесине качып келип, жашап калган. Ал жерден апама үйлөнүп, мен саяк таекелеримде төрөлүп, өсүп калган элем. Ошол таята, таекелеримден Нурдөөлөт баатыр, анын саяк элин чогултканы, Бурулча энебиз тууралуу окуяларды, алардын Кырчын жайлоосун жердегени жөнүндө санжыралардан көп укчумун. Кийинки кездери аларды айткан кишилердин көзү өтүп, баатыр унутулуп калганын көрдүм. Азыркы Бает айылынын батыш астанасында Нурдөөлөт баатыр менен анын жары Бурулчанын эстелиги турат. Ал жерден мен нары-бери өтүп сураштырсам бир да киши баатыр жана анын жары тууралуу дурустап айтып бере албады. Алардын ким, кандай эмгектери менен тарыхта калганын билишпейт экен. Жаштарды мындай кой, улуу эле аксакал, көксакалдар тыңдап билишпейт экен. Бул, мени катуу кыжалат кылып, ойго салды.
Былтыр Кыдыр акенин 180 жылдык мааракеси белгиленип, Каракол шаарында менин китебимдин бетачары да өткөн. Ошол жыйында колума тарых илимдеринин доктору Д.Сапаралиев менен коомдук ишмер А.Карыбай уулунун он жылдай мурда жарык көргөн “Садыр аке баяны” китеби колума тийип калды. Анда Д.Сапаралиевдин Алматы архивинен табылган Садыр аке, Нурдөөлөт баатыр тууралуу документтер жарыяланган экен. Сураштырсам баатыр жөнүндө элге жеткиликтүү көркөм китеп жазылбаптыр. Мамлекеттик ишмер Э.Каптагаев гана публицистикалык брошюра жазыптыр. Ошондо атактуу баатыр тууралуу атайын көркөм китеп жазбасам болбой турганына көзүм жетти. Мен жазбасам ким жазат?
– Нурдөөлөт баатыр ким болгон экен? Бурулча энени да “Селкинчек” ырынан бөлөгүн билбейбиз. Алар кандай эмгеги менен эл оозунда калышкан?
– Нурдөөлөт Жоруп уулу көлдөгү саяк уруусунун Бостери баатырдан кийинки замандагы көрүнүктүү чоң баатыры. Ал кадимки Балбайдын атактуу “беш баатырынын” бири болгон. Ал Өмүр, Жанек, Молдо, Чулум баатырлар менен замандаш болуп, атагы чыккан. Боронбай манаптын учурунда жеке баатырлыктарынан сырткары кокондуктардын Каракол, Барскоон чептерин талкалоого катышып, кыргыз элинин чыгыш тарабындагы чек араны орус-кытай бийликтери менен тактоого салым кошкон экен. Айрыкча, өзүнүн саяк уруусун сарыбагыш-бугу чабышында чачырап кеткен саяк уруусун көлдүн тескей тарабынан бери, азыркы Кытайдагы Текес тараптан тартып чогултуп, азыркы Ысык-Көл районуна жайгаштырууну баштап, алтургай атактуу Садыр акени Текес тарапта жылкы багып жүргөн жеринен алып келип, жол көрсөткөн устаты болгон. Нурдөөлөт баатырдын Сарой-Карой болуштугунун алгачкы болушу болгону документалдуу далилденген.
Ал эми Бурулча атактуу Мойт акенин небереси. Курманжан датка сыңары Нурдөөлөт баатырдын уруулук чабышып кетүүлөрүнө жеткирбей, акылман кеңешин берип турган нарк-нускалуу аялзаты болуптур. Буларды биле жүрүү улуу-кичүү жарандарыбызга өтө зарыл, маанилүү. Алардан тарыхыбыз такталып, унут калтырууга эч мүмкүн эмес. Булар тууралуу элдик санжыраларда, чет өлкөлөрдүн архивдеринде сакталып, айтылып келген, аларды таап, калкка жеткирүү калемгерлердин парызы.
– Китебиңиздин бетачарында “дүжүр” сөздөр көп айтылдыбы, же чын жүрөктөн чыккан сөздөрбү?
– “Дүжүр” сөздөр, окубасам да оюмду айтып деген сөздөр болгон жок. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, филология илимдеринин доктору, “эмгек сиңирген” наамдуу акын Аида Эгембердиева, философия илимдеринин кандидаты, жазуучу Карыбек Байбосунов жалпы чыгармаларыма, бул китеп боюнча талдоо жасашып, жылуу пикирлерин айтышты. Кыргыз эл акыны, адабий фондубуздун директору Жедигер Саалаев, республикабыздын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Бактыбек Максүтов, адабиятчы, жазуучу Смальтбек Тимиралиев ж.б. калемгерлер, коомчулуктун өкүлдөрү жакшы баасын беришти. Албетте, чыгармага соңку бааны убакыт берет.
– “Жылдыздар жерде жанышат” /Нурдөөлөт баатыр менен Бурулча сулуу/ тарыхый романын алардын урпактары, Ысык-Көл районунун эли, райондун жетекчилиги кандай кабыл алышты?
– Өкүнөрлүгү, ошол болуп чыкты. Алгач райондун элине кеңири таркасын деп китептеримди алып барган элем. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде бетачарын өткөрүп, эл жылуу кабыл алганы менен райондун акими кайдыгер мамиле кылып койду. Райондун, элдин тарыхына кызыкпаган, ага күйбөгөн кандай жетекчи деп катуу капа болдум. Айыл аймактарынын башчыларына айтып, алар аркылуу элге жеткирүү оор деле эмес болчу. Антпеди. Менин болсо антүүгө кийинки кездеги ден соолугум жол бербей жатат. Өкүнүчтүүсү, китебим атайын жазылган элдин калың катмарына жетпей калды. Мени акча табууну көздөп жүргөн мусапыр адамдай көрүп койгону өкүндүрөт. Китепти республикага таркатуу иштери жүрүп жатат.
– Кийинки жылдары чоң котормочу да болуп кеттиңиз, бул жаатта жаңылыктарыңыз барбы?
– Кийинки жылдары жүз жылдан ашса да которулбай келген Абайдын кара сөздөрүн, андан кийинки атактуу ойчул, тарыхчы, жазуучу Шакерим Кудайберди уулунун “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасын”, алардан сырткары Израил, Германия, гагауз, украин, татар, азербайжан, алтай ж.б. акын-жазуучуларынын көптөгөн чыгармаларын котордум.
– Котормо которбой жазып эле отура берсеңиз болбойбу?
– Котормо элдин дүйнөтаанымын кеңейтүүгө, бөлөк элдер тууралуу түшүнүгүн арттырса, жазуучуга чыгармачылыгынын алкагын кеңейтип, тажрыйбасын арттырат. Экөөнө тең бөлөк өлкөлөрдүн, элдердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, адабиятын таанып-билүүгө, боордоштукка жол ачат, кызматташат. Мисалы, чет мамлекеттер биздин Манасты, Айтматовду окуп, жогору баалап, эстеликтерин орнотуу аркылуу кыргыз элин, мамлекетин таанып жатышпайбы. Алар сөзсүз зарыл. Адабият – дүйнө элдерин, өз эли-жериңди таанып-билүүнүн көпүрөсү. Ал эми дүйнөнү, бөтөн элдердин тарыхын, салтын, мүнөзүн таанып-билүү эң алгач адабияттан башталат. Мында котормонун мааниси жогору экени талашсыз.
– Азыр да жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатсаңыз керек?
– Ооба. Чыгармачыл адамдын алгы тилектери бүтпөйт көрүнөт. Азыркы убакта соңку жылдарда өлкөбүздө болуп өткөн окуялар, элдин турмушу ж.б. жөнүндө ойлонуп, изилдеп, жазып бүтүп калдым. Аларды иликтеп, кайрылгандар жокко эсе болуп турат. Буюрса, демөөрчү чыкса, жарык көрүп калар.
Маектен пайдаланып “Кыргыз Туусу” гезитинин жамаатына алдыдагы бир кылымдык – 100 жылдык тарыхий мааракеси менен куттуктап кетем. Гезит – республиканын тарыхындагы, анын басма сөзүндөгү биринчи гезит. Аны татыктуу өткөрүү өзүбүздөн сырткары бөлөк өлкөлөрдүн алдында да маанилүү.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”