Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебине ылайык, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 1,9 млрд. ашык адамдар ашыкча салмактан жабыркаса, алардын 650 млн. семирип кеткен. Бул сандар кооптуу тенденцияны, тактап айтканда, семирүүнүн таралышы 1990-жылдан бери эки эсеге өскөнүн белгилейт.
Мындай көрүнүш, биринчи кезекте коомдун саламаттыгына, ошондой эле өлкөнүн экономикасына да кедергисин тийгизбей койбойт.
Семирүүнүн себептерине келгенде илимий изилдөөлөр бир ооздон – кыймылсыз жашоо, жогорку калориялуу тамак-аш, тез татымдар, газдалган суусундуктар, жетишсиз тамактануу, психологиялык факторлор жана генетика экендигин тастыкташат.
Ал эми Кыргызстанда калктын 23 пайызы ашыкча салмактан жабыркап келишет. Арыктоодо спорт менен машыгуу, ар кандай дарылар, диета ж.б. ыкмаларды колдонушат. Алардын ичинен акыркы убакта популярдуу болуп жатканы — туура тамактануу. Бүгүнкү күндө туура тамактануу боюнча адистерге, тагыраагы, нутрицологдорго талап жогору.
Арыктоо үчүн кандай ыкма колдонуу керектиги, дегеле, семирип кетүүнүн себептери, кесепеттери тууралуу врач кардиолог, нутрицолог Гүлдана МАМАДАЛИЕВА менен маектештик.
– Өзүңүздүн тажрыйбага таянып, семирип кетүүнүн негизги себептерин айтып берсеңиз.
– Айымдарда көбүнчө гормоналдык баланстын бузулушу, ички органдардын шлак, токсиндерге толуп калып, өз функцияларын толук аткара албай калгандыгы жана организмде витамин, минералдардын жетишпегендиги көбүнчө себеп болуп жатат. Мен азыркы учурда туура арыктоо боюнча марафондорду өткөрөм. Анда ачка калтырып эмес, туура, толук кандуу тамактануу менен, айымдарды гормондорго анализ тапшыртып, эң керектүү витаминдерди аныктап , ошолорду толтуруу жолу менен арыктатам.
Мисалы, 30 аял анализ тапшырса, ошонун 28инде сөзсүз түрдө гормоналдык бузулуу болот. Ошону менен биргеликте каны аз, ичеги-карынында курт бар, өтү коюлуп кеткен, боорун май баскан абалдар кездешет. Мына ушул абалдар ашыкча салмакка алып келет. Ал эми диета кармап, спорт менен машыкпай туруп эле, туура тамактанып, гормоналдык бузулууну калыбына келтирип, витаминдердин жетишпестигин толуктаганда жакшы салмак таштаганга мүмкүнчүлүк бар. Менин практикамда салмагы 107 кг болуп, шишик басып келип, 1-1,5 айда 15 кг чейин салмак таштагандар бар.
– Көп адамдар диета кармап эле арыктаса болот деп ойлошот. Негизи туура эмес тамактануу деген эмне?
– Туура эмес тамактануу – биздин рациондо жөнөкөй углеводдордун көп бо-луусу. Мисалы, ак ундан жасалган нан, таттуулар, торт, тез татым. Мына ушуларга окшогон бат сиңип кетүүчү азыктар. Учурда тез татымдарды абдан көп жейбиз. Ошондой эле, эртең менен такыр тамак жебей, же болбосо бир круассан менен кофе ичип алабыз. Ал эми, кечинде жатарда манты, лагман, бешбармак жеп, же көпкө ачка жүрөбүз, туура эмес диеталарды кармайбыз. Көп марафондордо медициналык билими жок адамдар эртең мененки тамакты бербейт. Бул кооптуу жагдайларга алып келет. Ал эми биздин ден соолугубуздун көп бөлүгү — дал ушул эртең мененки тамактан көз каранды.
Эгер, эртең мененки тамагыбыз толук кандуу витамин, минералдарга бай болсо, биздин саламаттыгыбыз жакшы болот. Дагы бир түрү — тек гана гречка менен айранга уруксат берүү. Ооба, гречка пайдалуу экени талашсыз, бирок анда биздин организмге керек болгон бардык минералдар камтылган эмес да. Ошол себептен, бул туура эмес. Көпкө ачка болуудан негизи организм абдан коркот. Балким, мен эртең ачка калам, бүрсүгүнү ачка калам деп отуруп, биз жеген нерсенин баарын май кылып, топтой берет. Натыйжада, ачка болуудан салмак таштабай эле, курсак алдына майларды топтоп алышыбыз мүмкүн. Ошондой эле, темир, Д витамини ж.б. бизде зат алмашууда, салмак таштоодо чоң роль ойнойт. Ушулар нормадан аз болсо, адам канча аракет кылса дагы, салмак таштай албайт.
– Азыр көп нутрицологдор “эт жебе, камыр жебе” деген чектөөлөрдү коёт эмеспи. Улуу муундардын “Анан эмне жейли. Кыргыздар эт, камыр жеп эле жашап келген” деп айткандарын угуп калам. Ушуга көз карашыңыз?
– Эт жебе дегенге такыр кошулбайм. Себеби, биздин организмге керек болгон темирди ушул эттен алабыз. Мен эт жебегиле деп эч качан чектөө койбойм. Койдун эти, уйдун эти, тооктун эти, балыктын эти – бүт баары боло берет. Ал эми камыр боюнча: ооба, мурунку ундар тегирменден чыгарылгандыктан, алар абдан пайдалуу болгон. Азыр адамдар тегирменден ун чыгарып, нан жаап жей турган болсо, сонун. Ал эми азыркы ундар мурунку ундардан абдан айырмаланат. Биз азыр жогорку сорт деп, биринчи сорт колдонобуз. Ал ундарды агартуу үчүн ар кандай процесстерден өткөзүшөт. Ага организмге өтө зыяндуу болгон химикаттар колдонулат. Мына ошолор абдан зыян. Ак ундун курамында глютен болот. Ал клей сыяктуу. Биздин организмге кирип, ичеги-карынга жабышып калат. Биздеги бүт пайдалуу витаминдер, микро, макро элементтер биздин канга дал ичеги-карындан сиңет. Жанагы глютен пайдалуу заттардын сиңүүсүнө тоскоол болот. Тегирмендин, жасмыктын, күрүчтүн унунан нан жасаганды сунуштайм.
– Ашыкча салмак менен жүрө берсең кандай кесепеттери болушу мүмкүн?
– Ашыкча салмак сырткы келбетибизге гана тоскоол болбостон, кооптуу ооруларга жол ачат. Негизгилери — жүрөк кан тамыр оорусу, кант диабети, кан басымдын жогору болуусу. Мына жаш эле адамдар инфарктан улам көз жумуп жатышат. Ошолорду карай келсең, көбү ашыкча салмактагылар.
– Кантип нутрицологду же арыктоо ыкмасын туура тандайбыз?
– Нутрицолог тандоодо биринчи кезекте дарыгерлик жогорку билимин сөзсүз түрдө караш керек. Жетиштүү билим алуу үчүн 8 жылдан баштап 11 жылга чейин окуйбуз. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар 1-2 ай нутрицология курсун окуп бүтө калып эле ден соолук жөнүндө сүйлөп чыгып жатышат. Ушундай адамдардан өтө этият болуш керек. Нутрицологдун жалгыз гана туура тамактануу эмес, бүт организм тууралуу толук маалыматы болушу керек. Экинчи кезекте, адамдар менен иштешип жатабы, жыйынтыгы кандай, ушуларга аябай көңүл буруу зарыл.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”