Улуттук Илимдер Академиясынын негизделгендигинин 70 жылдыгы – айрыкча маанилүү учур, ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн бир кылымдык мааракесине дал келип олтурат. Аталган автономия мезгили өлкөбүздүн өнүгүүсүнө олуттуу таасир тийгизген. Кара-Кыргыз АОсунда түптөлгөн пайдубалдуу принциптердин негизинде кийин Кыргыз Автономиялуу Республикасы, андан соң Кыргыз Совет Социалисттик Республикасы калыптанган.
Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 24-июлундагы “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” Жарлыгында: “Көп кылымдык тарыхый сыноолордон өткөн кыргыз эли ар кандай коомдук-саясий кризистерге туруштук берген дараметке ээ болуп, жалпы тарыхый процесске интеграцияланып жана дайыма өзгөрүүлөргө дуушар болуп өзүнүн жашоодогу туруктуулугун көрсөтө алды” деп белгиленген.
XX кылымда кыргыз элинин турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болуп өттү. Ошол мезгилдеги саясий элита бай тарыхы, тили жана маданияты бар кыргыздар Борбордук Азияда өзүнүн мамлекетин түзүүгө толук укуктуу экенин жакшы түшүнүшкөн. Мамлекеттин негизделиши кыргыз элин коргоп эле калбастан, өз билимин, маданиятын жаңыча аңдап-түшүнүүгө, эң негизгиси, көчмөн жашоодон отурукташкан жашоого өтүүсүнө түрткү берген. Бирок дүйнөнүн эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыздар өздөрүнүн материалдык жана руханий маданиятынын начарлашына да дуушар болушкан. Мындай шартта элдин мезгил менен мейкиндикте багыт алууга мүмкүндүк берген билими, ошондой эле география жана метеорология боюнча билгендери зор роль ойноду. Мындан тышкары, кыргыздар адабият, астрономия менен медицина жаатында терең билимге ээ болушуп, күн календарын кеңири колдонушкан. Элдик поэзиянын жогорку элестүүлүгү, тилдин байлыгы, элдик оозеки чыгармачылык, үрп-адаттардын аябагандай өнүккөндүгү, ошондой эле кыргыздардын турмуш-тиричилиги менен чарбалык негиздери заманбап энциклопедияга салыштырууга мүмкүн болгон “Манас” эпосунда чагылдырылган.
Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” аттуу улуу трактаты, Махмуд Барскани (Кашгари) түзгөн дүйнөнүн тегерек картасы жана кыргыздардын абалкы жазуусу – VIII–XX кылымдын башына таандык ушул жазма эстеликтер кыргыздар абалкы мезгилде эле жогорку деңгээлдеги маданият менен билимге ээ болгонун айгинелеп турат.
Исламды кабыл алуу менен кыргыздар күмбөздөрдү курууга жигердүү киришип, аларды долбоорлоодо математика, геометрия, архитектура жана илимдин башка тармактарындагы билимдерди колдонушкан. Маселен, алар кыргыздардын белгилүү байыркы жазуусун пайдаланышкан. Дал ошол убакта илимдин негиздери түптөлүп, алар кыргыз элинин келечектеги улуу жетишкендиктеринин башаты болду.
Улуттук илимий ой жүгүртүүнүн өнүгүүсүндөгү кийинки баскыч XIX кылымга туура келет. Ошол убакта тоолуу аймактын табигый байлыктары: анын табигый ресурстары, минералдык кенчтери, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү – падышалык Орусиянын чоң кызыгуусун туудурган. Мындан тышкары, падышалык Орусия кыргыздардын өзүнө гана мүнөздүү тарыхы менен маданиятына, археология, этнография жана географиялык абалына да абдан кызыккан. Бул кызыгуу өкмөт деңгээлинде гана эмес, илимий чөйрөдө да байкалган. Кыргызстанга, жергебизди изилдөө үчүн орустун белгилүү окумуштуулары жана орус интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү: П.П. Семенов-Тянь-Шанский, Н.М.Пржевальский, Н.А.Северцев, А.П.Федченко, И.В.Мушкетев, В.В.Бартольд, В.В.Радлов, В.В. Верещагин, Н.А.Аристов, Н.Н.Пантусов, Ф.В.Поярков, А.М.Фетисов, Я.И.Корольков жана башка изилдөөчүлөр келишкен. Алардын бардыгы кыргыз элин жана Борбордук Азиянын тоолуу аймактарын иликтөөгө зор салым кошушуп, кийин илимибиздин ажырагыс бөлүгү болуп калган илимий изилдөөлөрдүн негиздерин салышкан.
Ошентип, 1917-жылкы Октябрь революциясына чейин эле орустун окумуштуулары көп нерсеге үмүттөндүргөн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Бирок, илимий ойломдун андан аркы өнүгүүсү жана кыргыздар менен Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы илимдин калыптанышы совет бийлигинин түптөлүшү менен ажырагыс байланышкан. Октябрь революциясы жеңгенден кийин совет бийлиги илимдин масштабдуу өнүгүү жолдорун аныктап, анын максаттары менен милдеттерин так коюп, коомдогу ролу менен ордун белгилеген.
1921-1923-жылдар аралыгында В.А.Николаевдин жетекчилиги менен Геология комитетинин окумуштуулары Талас тоо кыркасын жана анын батыш бөлүгүн биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде сүрөткө тартып алышкан. 1924-жылы Түркстан АССРинин Эл агартуу комиссариатынын алдында Кыргыз илимий комиссиясы уюшулуп, анын милдети катары улуттук жазманы иштеп чыгуу жана кыргыздар жөнүндө фольклордук жана этнографиялык материалдарды чогултуу белгиленген. Ошол эле жылдын 20-декабрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун революциячыл комитетинин Президиумунун токтому менен Академиялык борбор түзүлгөн. Кийин, 1925-жылдын декабрь айында ал облустук эл агартуу бөлүмүнүн алдындагы Илимий комиссиясы болуп өзгөртүлгөн. Аталган комиссия өлкөбүздө жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөрдү жетектеген. Илимий комиссия кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө экономикалык жана маданий өнүгүү жаатында гана эмес, улуттук аң-сезимдин калыптанышы жагынан да орчундуу салып кошкон.
Ошентип, өлкөбүздөгү терең, системага салынган илимий изилдөөлөр 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жаралышы менен башталып, ошону менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын жаңы барагы ачылган деп тыянак чыгарса болот.
1924-1926-жылдар мезгилинде академик А.Е.Ферсмандын жетекчилиги менен СССР Илимдер Академиясынын экспедициялары уюштурулуп, алардын жүрүшүндө өлкөнүн түштүгүндө радий кендери изилдөөгө алынган. Төө-Моюн кенинде СССР тарыхында алгачкы жолу радийди казып алуу башталган. Андан тышкары Түштүк-Фергана экспедициясы тарабынан сурьма жана сымап кендери табылган. Кыргыз АССРи түзүлөрү менен 1926-жылы пландуу илим-изилдөө иши башталган. 1927-жылы сейсмикалык станция, метеорологиялык бюро, ветеринардык-бактериологиялык лаборатория, селекция жана айыл чарба тажрыйба станциялары, ошондой эле топурак-ботаникалык бюро түзүлүп, алар илимий изилдөөлөрдүн борборлору болуп калган. 1928-жылдын аягында ошолордун негизинде Край таануу кыргыз илим-изилдөө институту негизделген.
1930-жылдары, социалисттик коом тез өнүгүп, адистештирилген буюртмалардын саны өскөн мезгилде илимий изилдөөлөрдүн жигердүү өнүгүүсү уланган. Бул советтик мамлекеттик түзүмдөрдүн алдына коюлган милдеттерди аткаруу зарылчылыгына байланыштуу болгон. Край таануу институтунун базасында Кыргыз мал чарбачылык илим-изилдөө институту жана Маданий курулуш институту түзүлгөн. 1936-жылы Кыргыз тили жана жазмасы илим-изилдөө институту негизделген, ал эми 1937-жылы бүтүндөй өлкө аймагын камтыган кеңири, ар тараптуу илимий экспедиция жүргүзүлгөн.
Өлкөнүн академиялык илиминин тарыхындагы кийинки орчундуу окуя болуп СССР Эл комиссарлары Кеңешинин 1943-жылдын 5-январындагы “СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу жөнүндө” токтому эсептелет. СССР Илимдер академиясынын филиалын негиздөө өлкөнүн бардык илимий ресурстарын бириктирген. Филиалды республикадагы илимий ойдун борборуна айландырууга дитин коюп, илимпоздор чоң ынтызарлык менен изилдөөлөргө киришишкен. Бул жагынан орус окумуштуулары – академиктер В.Л.Комаров, А.Н.Бах, А.А.Борисяк, К.И.Скрябин ж. б. баа жеткис жардамдарын беришкен. СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы түзүлгөн учурдан тартып өлкөбүз илим-изилдөө мекемелеринин өнүгүүсүнүн жаңы баскычына өткөн. Эл чарбасынын билим берүү менен маданияттын алдыга жылышына өбөлгө түзгөн маанилүү теориялык жана практикалык маселелери иштелип чыккан. Ошону менен бирге жергиликтүү илимий кадрлар өсүп чыгып, күчтөнгөн.
XX кылымдын 40-жылдарынын аягында, 50-жылдарынын баш ченинде биздин өлкөдөгү академиялык илим фундаменталдык да, колдонмо да изилдөөлөрдү жүргүзүү жагынан зор бийиктиктерге жетишкен. Бул 1954-жылы СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын базасында Кыргыз ССР Илимдер Академиясын түзүүгө негиз болуп берген. Академик И. К. Ахунбаев Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын биринчи президенти болгон.
Илимдер Академиясынын негизделиши мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана маданий турмушунда доор жаңыртар мааниге ээ окуя гана болбостон, көрүнүктүү окумуштуулардын күч-аракетин бириктирүүгө шарт түзүп, алар атамекендик илимдин өнүгүшүнүн пайдубалын сала алышкан. Бул атамекендик илимдин, айрыкча жаратылыш ресурстарын изилдөө жана өздөштүрүү, өнөр жайды, айыл чарбаны, саламаттык сактоону, билим берүүнү жана маданиятты алгалатуу жаатындагы өнүгүүсүнүн маанилүү багыттарын өөрчүтүү үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгон.
Аталган мезгилдин ичинде Илимдер Академиясында билимдин ар кыл чөйрөлөрүндөгү дүйнөлүк илимдин жана бүтүндөй адамзаттын руханий маданиятынын алтын коруна кирген ири ачылыштар жасалган. Илимдер Академиясындагы көптөгөн илимпоздордун аттары тек гана өз алдынча зор илимий жетишкендиктерге эмес, жаңы илимий багыттардын жаралышына да байланыштуу. 60-80-жылдары өнөр жай, айыл чарба жана эл чарбасынын башка чөйрөлөрү дүркүрөп өсүп, ошондон улам академиялык илим да математика, физика, химия, биология, экология, прибор куруу, тоо машиналарын чыгаруу ж.б. чөйрөлөрүндө жаңы багыттарды өнүктүрүүгө муктаж болгон. Республикадагы өнөр жайдын ургалдуу өөрчүшүнө байланыштуу техникалык багыттагы академиялык институттар ачылган.
Кыргыз Республикасынын илимий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө, кыргыз тили менен адабиятын, тарыхы менен философиясын изилдөөгө өзүнүн баа жеткис салымын кошушкан И.Арабаев, М.М.Адышев, И.К.Ахунбаев, Б.Данияров, М.Н.Лущихин, К.Тыныстанов, К.К.Юдахин, Б.Юнусалиев, К.Карасаев, К.Г.Каракеев, М.И.Иманалиев, М.М.Миррахимов ж. б. ысымдары дүйнөгө таанымал окумуштууларга кошулган. Өз учурунда алардын эмгектери мектеп окуучулары менен студенттер үчүн гана эмес, мугалимдер менен окутуучулар үчүн да колдон түшүрбөй колдонулуучу китептер болуп калган.
Совет мезгилинде Илимдер Академиясынын окумуштуулары жетишкен ийгиликтер жемиштүү болуп, бул жерде дүйнөлүк мааниге ээ төрт илимий ачылыш жасалып, Советтер Союзунун Ай менен Венерада жүргүзгөн космостук тажрыйбаларында колдонулган түзмөктөр жаратылып, СССР космонавттары үчүн адаптогендик препараттар иштелип чыккан.
1975-жылы “Уран-234 менен Уран-238дин табигый бөлүнүү кубулушу” (П.И.Чалов, В.В.Чердынцев) илимий ачылышы жасалган. 1976-жылы Илимдер Академиясынын окумуштууларынын жигердүү катышуусу менен Кыргыз Совет Энциклопедиясынын (6 том) чыгарылышы башталган. Химия жаатында өзгөчө таза сурьманы алуунун жаңы ыкмасы иштелип чыккан. Академияда иштеп чыгарылган жердин кыртышын бургулап алуу түзмөктөрү “Венера-13” жана “Венера-14” илимий-космостук тажрыйбаларда колдонулган. Сальмонеллез дартына каршы дээрлик жаңы тирүү вакцина иштелип чыккан. “Кыргыз ССРинин кызыл китеби” жарыяланган. Рудасыз пайдалуу кендер чыккан жаңы жерлер (Чаткал) жана ванадий алып жүрүүчү титан-магнетит кендери чыккан жерлер (Талас) табылып ачылган. Ленинабад заводунда (Тажикстан) эки агымдуу плазмотрондун негизинде жаратылган “Нур” спектрдик талдоо жүргүзүү түзмөгү сериялуу түрдө чыгарыла баштаган. СССР Илимдер Академиясынын “Голография” маселеси боюнча илимий кеңеши тарабынан Кыргыз физика институтунун иши жылдын голографиялык эстутум жаа-тындагы эң мыкты иши болуп таанылган.
XX кылымда Илимдер Академиясы илимий кадрларды даярдап чыгарган “устакана” гана эмес, өлкөнүн көп көрүнүктүү адамдары үчүн альма-матер да болгон. Алардын арасында Социалисттик Эмгектин Баатырлары, СССР жана Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары, мамлекет башчысы, парламенттин депутаттары, өлкө өкмөтүнүн мүчөлөрү, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, министрликтердин, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, ишканалардын, ЖОЖдордун, илим-изилдөө мекемелеринин көп сандаган жетекчилери ж. б. бар.
Ошентип, советтик Кыргызстандын Илимдер Академиясынын илимий кызматкерлери советтик илимдин тарыхына даңазалуу барактарды кошушкан. Өз изилдөөлөрү менен чыгармачыл ишинде алар жаңы бийиктиктерге жетишкен. 1975-жылы алардын эмгеги татыктуу түрдө бааланган – Кыргыз ССР Илимдер Академиясы СССР Элдеринин достугу ордени менен сыйланган.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып Илимдер Академиясында жаңы баскыч – илимий уюмдарды автономиялуу башкаруу баскычы башталган. Бул мезгилде иштин түзүлүшү менен принциптери жана каржылоо булактары аныкталып белгиленген. Бул туурасында туңгуч Президент А. А. Акаевдин 1990-жылдын 7-декабрындагы “Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын макамы жөнүндө” Жарлыгы күбөлөндүрүп турат. Жарлыкта жаралып келаткан жаңы саясий, социалдык жана экономикалык шарттарда академиянын илимий-уюштуруучулук маселелерин чечүүгө жасалган дээрлик жаңыча мамилеси чагылдырылган. Айрыкча көңүл илимди кайрадан уюштуруу жана анын коомдук турмуштагы ролун жогорулатуу маселелерине бөлүнгөн.
Илимдер Академиясынын улуттук макамы, ошондой эле өлкөдөгү жаңы жашоо шарттары, базар экономикасына өтүү жараяны окумуштуулардын биринчи кезектеги эң маанилүү милдеттерин шарттаган. Алардын катарына илим сыйымдуу маалымат технологияларын, энергетика жана табигый энергетика менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу технологияларын, пайдалуу кендерди чалгындоо, казып алуу жана иштетүү, органикалык жана органикалык эмес ресурстарды, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрүн, кайра иштетүү боюнча био жана химиялык технологияларды жаратуу, иштеп чыгуу жана жайылтуу кирет.Табигый, табигый-техногендик жана экологиялык кырсыктарды күн мурунтан болжолдоп-аныктоодо илим өзгөчө роль ойноого тийиш деп белгиленген.
Ошондой эле жаңы шартта окумуштуулар өз аракеттерин ар кандай тармактардагы: математика, физика, химия жана башка тармактардагы адистердин билим-көнүмдөрүн бириктирүүнү талап кылган практикалык маселелерди чечүүгө топтошту. Ар тараптуу программаларды ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн илимдин түйүндүү багыттарынын өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл жамааттар түзүлдү. Илимдер Академиясынын окумуштуулары алдын ала белгиленген сапаттарга ээ болгон материалдарды алуунун жаңы технологияларын: адамдын бийик тоо аймагындагы кыйын шарттарга көнүүсүнүн плазмалык, оптикалык жана лазердик усулдарын иштеп чыгышты. Өлкө ирригациялык системаларды автоматташтыруу боюнча жаңы илимий иштеп чыгууларга, жер кыртышынын жылышын геоэкологиялык көзөмөлгө алуунун телеметриялык системаларына, ошондой эле жер көчкүлөр менен кыян коркунучтарына мониторинг жүргүзүү боюнча иштеп чыгууларга, аймактарды сейсмикалык жактан микрорайондоштуруу усулдарына ээ болду. Илимдер Академиясындагы окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн негизинде жаңы жер-суу кадастрлары, Кыргызстан топурактарынын гендик фондунун кадастры, республиканын Атласы түзүлгөн.
Ата мекенибиздин көрүнүктүү окумуштууларынын катарында өзгөчө орунду дүйнөлүк илимий коомдоштук тарабынан таанылган ачылыштарды жасаган окумуштуулар ээлейт. Эң алды И.Т. Айтматов менен К.Т. Тажибаевдин “Тоо тектериндеги калдык чыңалуулардын секирмелүү бошонуусу кубулушу” деген ат менен белгилүү ачылышын атоо керек. Аталган илимий ачылыштын натыйжасында алынган формулалар бүгүнкү күндө бүт дүйнөдө сейсмикалык жактан коркунучтуу зоналарды аныктоо жана табигый жер титирөөлөр энергиясынын мүмкүнчүлүктүү булактары болгон коркунучтуу чыңалууларды контролдоо үчүн көп колдонулат. Бул илимий негизде тектоникалык жер силкинүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле академик Алтай Бөрүбаевдин “Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери” аттуу математикалык изилдөөсүн жана анын “Бир калыптагы мейкиндиктин абсолют, толуктоо жана кеңейүү операцияларынын ордун алмаштыруу касиети” аттуу эмгегин белгилей кетүү ылаазым. Академик Апас Бакиров өзүнүн илимий ачылышы үчүн МААНОИ РАЕН дипломуна жана П. Капица күмүш медалына татыган.
Илимдер Академиясынын окумуштуулары тарабынан узак мөөнөткө таасир берүүчү, сууга эрүүчү жаңы иммобилдештирилген ферменттик препараттар чыгарылып алынган. Органикалык калдыктарды жана кычкылданган көмүрлөрдү микробиологиялык ферменттөө жолу менен органикалык жер семирткичтердин жана суюк органикалык-минералдык семирткичтердин компоненттеринин өсүшүн өбөлгөлөө технологиясы иштелип чыккан. “Антизоб” суюк йоддолгон тузун өндүрүүнүн технологиясы менен техникалык шарттары иштелип чыккан. Алгачкы жолу гипоксиялык белоктордун классы бөлүнүп чыгарылып, мажордук гипоксиялык белок идентификацияланган; өпкө артериясындагы интиманын клеткаларынын субпопуляциясы бөлүнүп чыгарылган; өпкөнүн гипоксиялык гипертензиясынын патогенезиндеги өсүүнүн мурда белгилүү болбогон митогендик белоктук фактору ачылган; өпкөнүн артериялык гипертониясынын генезиндеги АПФ генинин I/D полиформизминин ролу аныкталып чыккан.
КР Илимдер Академиясынын Ботаникалык багында дүйнөлүк флоранын бөтөнчө жыйындысы топтолгон, жемиш дарактары менен бадалдарынын жогорку түшүмдүү сорттору чыгарылган.
Коомдук илимдер жаатында Кыргызстандын саясий, экономикалык, укуктук жана социалдык өнүгүүсү маселелери, коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктап табуу, элдин руханий дүйнөсү менен маданиятын кайра жандандыруу маселелери изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттары болуп калган.
Учурда КР Улуттук Илимдер Академиясы республика үчүн келечектүү болуп эсептелген адистиктер боюнча жогорку дасыккан илимий, илимий-педагогикалык, инженердик кадрларды чыгарган “устакана” болуп эсептелип, бул үчүн анын илимий даремети менен материалдык базасы колдонулат. Натыйжада илимий кадрлар гана даярдалып чыкпай, илимий күчтөрдүн кооперациясы ар тараптуу өнүгүп, эң маанилүү илимий маселелерди чечүүгө көңүл топтоонун кыймылдуу жана ийкемдүү формалары табылууда. Университеттик жана академиялык илимий коомдоштуктардын жуурулушу илимий изденүү менен билим берүү жараяндарын эриш-аркак келтирип айкалыштыруунун, ошондой эле салттуу да, жаңычыл да илимий багыттардын өөрчүшүн өбөлгөлөөнүн үзүрлүү куралы болууда.
Жогорудагынын баарына жетишүү, арийне, илим жаатындагы максаттуу мамлекеттик саясаттын аркасы менен гана мүмкүн болду. Муну академиктер Ч.Т. Айтматовдун, Т.С. Сыдыкбековдун, М.М. Мамакеевдин, Т.С. Садыковдун, М.М. Мамытовдун “XX кылымдагы зор илимий жетишкендиктер үчүн” Ардактуу алтын медалы жана “Кыргыз Республикасынын Баатыры” ордени менен сыйланганы айгинелеп турат.
Чет өлкөлүк илимий мекемелер менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык, КР Улуттук Илимдер Академиясы эл аралык илимий уюмдар менен ассоциацияларды түзүүгө жигердүү катышып жатканын өзгөчө белгилей кетүү абзел. Улуттук Илимдер Академиясы төмөнкүдөй эл аралык ассоциациялардын толук укуктуу мүчөсү болуп саналат:
- КМШ өлкөлөрүнүн Илимдер Академияларынын эл аралык ассоциациясы;
- Азия өлкөлөрүнүн Илимдер Академияларынын ассоциациясы;
- Түркий мамлекеттер Илимдер Академияларынын ассоциациясы;
- Илимдер Академияларынын бүткүл дүйнөлүк кеңеши.
Мындан тышкары, КР Улуттук Илимдер Академиясы бир катар башка беделдүү илимий уюмдардын курамына кирет.
Азыркы мезгилде академиялык илим мамлекеттик чечимдерди илимий негизде чыгарууга жигердүү катышууга тийиш. Бул ири илимий-техникалык долбоорлорду иштеп чыгууга жана экспертизадан өткөрүүгө, экономикалык жана социалдык өнүгүү программаларына, ошондой эле айлана-чөйрөнү оңоого байланыштуу маселелерге тийиштүү. Андан сырткары, академиялык илим академиялык, тармактык жана ЖОЖдордогу илимдин жуурулушуусуна көмөк көрсөтүшү керек. 2002-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы жөнүндө” КР Мыйзамдын да Улуттук Илимдер Академиясына өзөктүү милдет – илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн негиздери катары фундаменталдык жана колдонмо илимди өнүктүрүү милдети жүктөлөт.
Бүгүнкү күндүн контекстинде, өзүнүн макамын жана коомдун экономикалык, социалдык жана руханий алгалоосун камсыз кылууга багытталган милдеттерин эсепке алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы, Уставга ылайык, фундаменталдык илимий изилдөөлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн, ошондой эле табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндө илим сыйымдуу тармактарды мындан ары өнүктүрүүнүн, жогорку дасыккан илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун алдыңкы борбору болууга чакырылган.
КР Улуттук Илимдер Академиясынын калыптанышы менен өнүгүшү, анын XXI кылымдагы ийгиликтери менен жетишкендиктери, ошондой эле өксүктөрү менен жоготуулары көп жагынан өткөн кылымдан калган мураска байланыштуу. Илимий иликтөөлөрдүн натыйжасында алынган сабактар маданиятты сактап калуу жана андан ары өнүктүрүүдө, ошондой эле улуттар аралык мамилелерди эриш-аркак келтирүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Мындан тышкары, аларды коомдук жашоону жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн пайдаланса болот.
Негизделген күнүнөн баштап, азыркы мезгилге чейин КР Улуттук Илимдер Академиясы дайыма актуалдуу илимий багыттар боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзгөн ири, кадыр-барктуу жана маанилүү илимий уюм болуп эсептелип келет. Бүгүн академиянын милдеттерине республика үчүн артыкчылыктуу болгон илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу, жогорку дасыккан илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, ошондой эле илимий натыйжаларды практикага жайылтуу кирет. Улуттук Илимдер Академиясынын артыкчылыктуу милдеттери – бул илимий билимдерди элдин кеңири катмарына жеткирүү жана коомдун илимий сабаттуулугун жогорулатуу. Мындан тышкары, академия стартаптар менен жаңычыл долбоорлорду колдоп, ошону менен илимий идеяларды коммерциялык максатта колдонууга болгон чечимдерге айландырууга өбөлгө түзөт. Айрыкча көңүл климаттын өзгөрүүсү, калктын саламаттыгы жана туруктуу өнүгүү сыяктуу актуалдуу социалдык маселелерди изилдөөгө жана аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө бурулат.
Ишмердигинин 70 жылынын ичинде академиянын системасында орчундуу илимий жана материалдык-техникалык даремет, ошондой эле көп тараптуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тажрыйбалык-лабораториялык база түзүлгөн.
Ошентип, КР Улуттук Илимдер Академиясы өлкөнүн социалдык-экономикалык жана руханий-маданий дараметин өөрчүтүп, жогорулатууга шарт түзгөн маанилүү мамлекеттик институт болуп эсептелет. Азыркы мезгилде академия – бүтүндөй дүйнөдө таанылган көрүнүктүү окумуштуулардын башын кошкон беделдүү илимий мекеме.
Академиянын кызматкерлерин, өз кесиптештеримди Улуттук Илимдер Академиясынын 70 жылдык мааракеси менен куттуктагым келет! Баарыңыздарга улуттук илимдин пайдасы өлкөбүз үчүн деген түмөн түйшүктүү ишиңиздерде ак ниет, чынчыл мамиле жасоонун үлгүсүн көрсөтүү менен мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди, бекем саламаттыкты, элибиз менен бакубат өмүр сүрүүңүздөрдү каалайм.
Чолпонкул АРАБАЕВ, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын вице-президенти, академик, юридикалык илимдердин доктору, профессор