КР Композиторлор союзунун төрагасы, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, композитор Турдубек ЧОКИЕВ менен маек.
Учурда Композиторлор союзунда 117 мүчө болсо, алардын катарында 1 Социалисттик Эмгектин Баатыры, 2 СССРдин Эл артисти, 32 КРнын Эл артисти, 24 КРнын Мадания-тына эмгек сиңирген ишмер, 1 СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын 11 лауреаты, искусство илиминин 2 доктору, 1 маданият таануу илиминин доктору, 5 кандидаты, көптөгөн эл аралык жана республикалык сыйлыктардын лауреаттары бар.
– Турдубек Асанович, убагында чыгармачыл союздарга мамлекет тарабынан абдан көңүл бурулган. Союз тарагандан калган таберик имаратыңыздарды кантип сактап калдыңыздар?
– К.Молдобасанов Композиторлор союзун жетектеп турганда бул имарат маданий-тарыхый эстеликтердин реестрине киргизилип калыптыр. Ошол сактап калды. Бул имаратка тийгенге, бузганга болбойт.
– Бизде кызыл нерсе көрсө эле көзү кызаргандар бар эмеспи. Кантип эле ошолор “куда” түшпөй койгон жок?..
– Мен союзду жетектеген 15 жылдын ичинде бери дегенде 15и келди. “Имаратыңарды бергиле, анын ордуна башка жерден имарат куруп берели” дегендер болду. “Болбойт, бул тарыхый эстелик” десең да, “болтурабыз” дегендер Өкмөткө чейин кирип чыгышты окшойт. Анан маданий-тарыхый эстелик реестрине кирген имараттарды бузуп ийип, алды соттолгонго чейин барды го. Ошондон кийин “жуучулар” токтоп калды. Болбосо азыр деле ала калып, бузуп, ордуна көп кабаттуу имарат кургусу келгендер четтен чыгат. Мамлекет тарабынан корголгон үчүн турабыз.
– Имарат Композиторлор союзуна караса, коммуналдык кызматтар үчүн кантип төлөп жатасыздар?
– Бөлмөлөрдү ижарага берүү менен коммуналдык кызмат көрсөтүүнү төлөйбүз. Биздин имаратта А.Жумакматов түзүп кеткен “КРнын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмеси беш кабинетте олтурат. Алар ижара акы төлөбөйт, бирок жарык, суу үчүн төлөшөт. Мурда ал кабинеттерде акын Т.Үмөталиев жетектеген китеп сүйүүчүлөр коому отурчу. Кийин алар жоюлуп кетип, “Музыка ишмерлер союзу” келген.
– Мурда чыгармачыл союздар бай эмес беле. Жазуучулар союзунун “Арашан” чыгармачылык эс алуу үйү, “Нооруз” кафеси бар эле. Композиторлор союзунун да башка мүлктөрү болгондур?
– Бар болчу. Биз да саткандан четте калган жокпуз. СССР композиторлор союзунун музыкалык фондунун каражаты менен Ысык-Көлдө Булан-Сөгөттү айылында участок берилип, концерттик залы менен чыгармачылык үй курулуп жаткан. Дубалы туруп калган. СССР кулаганы союздун Музыкалык фонду Композиторлор союзунун Музыкалык фондуна өткөрүп берген. 1990-жылдары каражат маселеси кабырганы кайыштырып турган учурда сатылып кетпедиби. Азыр ойлогондо ич ачышат. Жок дегенде имаратты кармап турсак, азыр аны куруп бүтүргөнгө инвестор чыкмак окшойт.
– Композиторлор союзу мамлекеттен каржыланбайт да?
– Каржыланбайт. Бизди бал челекчилердин коому менен теңеп салбай, алардан жогору макам берсин деген ой менен чыгармачыл союздар биригип, мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз. Ошол мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен өткөрө албай келебиз. “Ыйман нуру” фракциясы быйыл мыйзам долбоорун өткөрүп берели деди эле, азыр күмөн абалда турат. Футбол тобундай эле, бир тиякка, бирде бул жакка тебилип жатат.
– Былтыр бюджеттен чыгармачыл союздардын баарына каражат бөлүнбөдүбү, сиздер аны эмнеге жумшадыңыздар?
– Туура, бизге да 10 миллион сом бөлүндү. Жыл сайын ушинтип бөлүнүп турса, пландуу иш кыла берет элек. Өткөн 2023-жылы президенттин колдоосу менен оркестр үчүн чыгармалар, музыкалык окуу жайларынын репертуарын толуктоо үчүн фортепиано, кыл аспаптар жана үйлөмө аспаптар үчүн конкурстар өттү. Мыкты аваздык чыгармалар (обондор) сынагын өзүнчө белгилеп коюш керек. Алардын жыйынтыгы менен ноталуу китептер чыгып, калем акы маселеси жолго коюла баштады.
Чынын айтканда, соңку 30 жылда мындай болгон эмес. Мунун өзү чыгармачыл адам үчүн бир топ дем, шык берет экен. Кантата, хор деген жанр өспөй, токтоп калган. Быйыл ушул жанрларды өнүктүрүү максатында долбоор даярдап бергенбиз. Азырынча акча бөлүнө элек. Бирок, чечилип калышы мүмкүн. Биз долбоор, сметасын түзүп, сураган кагазын берип жатабыз.
– Жазуучулар китеп чыгарат, композиторлордун ишинин
жыйынтыгын кантип көрсө болот?
– Бирөөлөр китеп болуп чыкпаса болбойт дейт экен. Музыка эфир да. Ал китеп эмес, аны угуш керек. Концертке барбаган соң, акча кайда кетип жатат дешет экен. Ошондон улам, былтыр конкурста жеңген чыгармаларды нотага түшүрүп китеп чыгардык. Ал сметада жок болчу.
Убагында Композиторлор союзунун орду аябай зор болчу. Жазуучулар союзу кандай болсо, биздин союздун кадыр-баркы ошондой эле. Композиторлор союзу идеологиялык курал болчу. Азыр деле куду ошондой пайдаланса болмок. Чындыгында идеология бул музыка. Адамда ишеним болуш керек. Ансыз адамдын адам катары калыптанышы, дүйнөгө көз карашы жаралышы кыйын.
– Азыр эл композиторлор десе, обончуларды көбүрөөк түшүнөт эмеспи? Мен өзүм деле кийинки жылдары кайсы композиторлор чыгып жатканын, улуттук музыка өнүгүп-өсүп жатабы билбей калдым. Улуттук музыканын абалы кандай?
– Кичине чаржайыттык бар. Союз убагында улуттук кесипкөй музыкага баа берилчү. Азыр той ырчысы, той музыкасы деген чыгып кетти. Эстрада десе, бардык калдыр-шалдырды ага аралаштырып урдуруп жатат. Тандоо жок болуп калды. Азыр эмне көп, радио көп, телевидение көп. Үйүнө студия ачып алган баланын компьютеринен флешкага жазып алынган бир нерсени коюп жатышат. Каалаганын берип жатат, иргеген киши жок. А негизи иргелиш керек. Музыканы жан дүйнөнүн азыгы деп жатпайбызбы. А тамак-аш азыгын санэпидстанция текшерип, мунусу жарайт, мунусу жарабайт дейт да. Жан дүйнөнүн азыгын да контролдош керек.
Жаман музыка адамга азык болбой эле, оорукчал кылат, жеңил-желпи нерсе кишини адам сыягынан чыгарат. Вирус каптап, аны тазалай албай… Профессионал музыканы уккандар аз. Аны таңуулоо керек. Адамды таңуулоо жолу менен тарбиялаш керек. Окуйсуң, угасың деп. Адамды тарбиялай турган – бул маданият. Адамды маданиятка, музыка угуу маданиятына тарбиялоо керек. Болбосо ар кандай вирустар көп болуп жатат.
– Таланттуу жаштар барбы?
– Таланттуу балдар көп. Аларды өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү да жогору. Анткени, илимий технологиялар өнүгүп жатат. Мурда жаңы чыккан музыканы грампластинкага чыгарып анан укчубуз. Же концерттерде түп көтөрүлө барып укчубуз. Азыр жаңы чыккан чыгарманы интернеттен угуп, жаңы агымдар менен тааныша аласың.
– Атын атаса куту сүйүнөт дейт. Жаштардын ысымдарын атай кетсеңиз.
– Наргиза Курманова деген кызыбыз бар. Композитор, дирижер, виоленчелист. Абдан мыкты ойнойт. Вокалдык аспаптык көп жакшы чыгармалары бар. Москва консерваториясын бүтүп келген Баласагын Мусаев деген балабыз бар. Абдан жакшы чыгармаларды жаратып жатат. Марат Жунушов деген пианист жигит, Мырзалы Жээнбаев, Таалай Бейшеев бар. Ии, баса айтып койчу нерсе, азыркылар кайсы бир музыкалык аспапта жакшы ойношот. Мыкты чыгарма жазыш үчүн бир аспапта жакшы ойногону ийги. Ошол нерсе чыгармачылыкка көп көмөкчү болот. Совет доорунда теориялык жактан мыкты болгону менен практикалык жагынан начар болчу. К.Молдобасанов, Н.Давлесов катуу чыгышканы, алар өздөрү дирижер болчу да.
– Кайсы жанрда жылыштар болууда?
– Сахналык чыгармалар багытында жылыш бар. 2023-жылы жаш композитор НурЧолпон Улукбек кызынын “Ай тентек” аттуу балдар үчүн операсы опера-балет театрынын сахнасында коюлду. Т.Чокиев менен Г.Эсенгулованын “Атадан калган туяк” аттуу 1 актылуу операсы жана композитор С.Осмоновдун “Алымбек датка” операсы театрдын репертуарынан орун алды.
– Аткаруучулук биринчи орунда турабы, жаратмандыкпы?
– Албетте, музыкада жаратман биринчи орунда турат. Жаратман (композитор) болуп туруп мыкты аткаруучу болсоң бул чоң бийиктик. Учурда мыкты чыгарма жаратып, аны өздөрү аткарган жаштар арбын.
– 85 жылдык белгиленеби?
– Маданият министрлиги колдоп, оркестр менен сүйлөшүп, чоң программадагы концерттик программа даярдап жатабыз. 5-декабрда филармонияда белгиленет. Оркестр, хор, опералык ырчылар катышкан концерт болот.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”