whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятБишкекте эл аралык "KyrgyzTransLogistic-2024" көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте эл аралык «KyrgyzTransLogistic-2024» көргөзмөсү өтүүдө

Бүгүн Бишкекте эл аралык транспорт жана логистика боюнча адистештирилген — «KyrgyzTransLogistic-2024» көргөзмөсү өтүүдө.

Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Назарабек Малаев, соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Азамат Мураталиев жана «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров катышууда.

Аталган көргөзмө Кыргызстандын Эл аралык транспорт ассоциациясынын колдоосу менен өтүп, өлкөдөгү логистикага, кампа жабдууларына жана коммерциялык транспортко арналган биринчи жана ири иш-чара.

Белгил ей кетсек, үч күндүк иш-чарада панелдик талкуу, логистика тармагындагы алдыңкы эксперттердин катышуусунда семинарлар өткөрүлөт.

Көргөзмө ишкерлер жана рыноктун катышуучулары үчүн профессионалдык байланыштарды өркүндөтүү, демилгелерди илгерилетүү, кичи жана ири бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт.

Ошондой эле ата мекендик жүк ташуучулар үчүн жаңы маршруттарды иштеп чыгуу темалары, электрондук коммерцияны өнүктүрүү перспективалары, Кыргызстандагы логистиканын санариптик чечимдери, пломбалар, тахографтар, жүк ташуулардын GPS мониторинги боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар