whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
21.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкБишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен

Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен

Бишкекте 2 жашар бөбөктү унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-октябрда 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн унаа токтотуучу жайында орун алган.

Аныкталгандай, 27-октябрда саат 21:30 чамасында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2000-жылы туулган Н.Р. жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүп жатып, жолдо бара жаткан 2 жашар М.А. аттуу кызды байкабай калып, сүзүп кеткен.

Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Унаанын айдоочусу наркологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп, бөбөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бөбөккө баш мээсинин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы жана бетинин сол жагы сүрүлгөн деген диагноз коюлган.

Бул факты боюнча иликтөө иштери уланууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар