Жыл башынан бери Ош облусунун аймагында өнөр жай багытындагы 92 жаңы ишкана ачылды. Бул тууралуу бүгүн президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды.
Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, бул аралыкта жалпы 993 жумуш орду түзүлүп, өнөр жай тармагында жалпысынан 1 млрд 928,4 млн сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлгөндүгү айтылды.
Тактап кетсек, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 611,2 млн сомго көп инвестиция тартылып, 38 ишканага көп ачылды.