Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Ысык-Ата районунда заманбап машина-трактордук станция ачылды

Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында «Бай Дыйкан» ишканасынын базасында жаңы ири агромаркетинин жана машина-трактордук станциянын ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

«Көпчүлүк жерде техника жетишсиздиктен агротехнология толугу менен аткарылбай канаттандыраарлык түшүмгө жетише албай жатабыз. Ушул көйгөйдү чечүүчү жолдорунун бири региондорго жергиликтүү МТСтерди түзүү. Эгерде түзүлгөн МТСтер фермерлерге өз убагында сапаттуу тейлөө көрсөтсө, агротехнологияларды толук аткарса, сапаттуу үрөн жана жер семирткичтерди колдонсо биздин дыйкан сөзүз түрдө жогорку көлөмдөгү түшүмгө жетишет», — деди Төрөбаев.

Жаңы ачылган МТС – 2 Zoomlion RG 2004 трактору, 1 RS 1604, 1 RN 1104 жана 1 RN 904 фронталдык жүктөгүч сыяктуу бир катар заманбап жаңы техникалардан турат. Мындан сырткары, жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоо үчүн агродрондор, учуучу жеңил авиация менен да камтылган. Бул техникалар дыйкандарга жер иштетүү процесстерин оптималдаштырууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга жардам берген эффективдүү жер иштетүү кызматтарын көрсөтөт.

Ошондой эле, бул жерден фермерлер үрөндөрдү, жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, ветеринардык дарыларды жана башка продукцияларды таап, айыл чарба маселелери боюнча кеңеш ала алышат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар