Бүгүнкү каарманыбыз КАРАБАЕВ Бектурсун Асанбекович, 1985-жылдын 12-февралында Ноокат районуна караштуу Баргы айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Балалык чагынан лидерлик таланты байкалып, келечектеги кыялдары да дал ушул өңүттө өөрчүй баштады. Мектепти алдыңкы окуучулардын сап башында аяктап, Бишкек шаарындагы жогорку Академияга тапшырат, тергөө-прокурордук кесипти жигердүү бүтүрүп, элине кызмат кылуу менен элдин жүгүн көтөрүп кетүүгө аракет кылып иштей баштайт!
Билимдүү – бардык мезгилдин адамы дегендей, билим алууну адатка айлантып, «Мен жана Китеп» долбоорун негиздейт! Долбоордун ураанын «Китепкөй муун жаркын келечек» деп, жаш окуучуларга стимул катары стипендия уюштурат, 25тей мыкты окуучуларга жылына эки жолу стипендия, белектерди берип окуучулардын, ата-энелердин алкышын ала баштайт.
Тазалыктын, адамгерчиликтин символу, бир позициядан кайтпаган, убакытты китеп окууга, изденүүгө жумшап, элиме эмгегим калсын деген ойду бекем кармап, ийгиликтерди жарата берүүнү кыялданган Бектурсун Ноокат районунда сел алган көчөлөрдү өкмөт менен биргеликте калыбына келтирип элдин дагы бир жолу сыймыгына татыды десек
жаңылышпайбыз.
Кандай кызматка барбасын кесиптештеринин арасынан суурулуп чыгып лидерлик сапатын көрсөтө алган, жумушуна жоопкерчилик менен аяр мамиле кылган Бектурсунга ийгилик каалап, келечекте дагы албан ийгиликтерди багындырышына тилектеш бололу!
Сүйүнбек ЖАНТЕМИРОВ
Бектурсун КАРАБАЕВ: «Мектепте байма-бай ар түрдүү иш-чаралар өтүп турат. Окуучулардын ийгилиги – мугалимдин эмгегинин үзүрү. Мектебибиздин окуучулары олимпиадага катышып облуска жолдомо алышты. Орус тили мугалими К.Бербаева, кыргыз тили мугалими А.Кожомбердиева, тарых мугалими Г.Бакирова, англис тили мугалими М.Шамурзаева, информатика мугалими Б.Токтосунова эжекелерге да иштерине ийгилик каалайбыз. Жакынкы күндө мектебибизде 14-февраль китеп күнүнө карата дагы да кезектеги иш-чарабыз өткөрүлөт деп турабыз. Мектеп жамаатына дайыма ийгиликтерди гана каалап кетебиз».
14-февраль эмнеге китепти белекке берүү күнү болуп эсептелинет?
Китеп берүү күнүнүн идеясы мектеп китепканачысы, блогер, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү, үч баланын энеси, америкалык Эмми Бродмурга таандык. Тагыраагы, Эмминин кичинекей уулу апасынан: «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп берген өзгөчө күн жок?» – деп сурап, мындан улам 2012-жылдын дал ушул күнү апасы уулунун кыялын орундатуу үчүн социалдык тармактагы досторун бул өнөктүккө катышууга чакырык таштаган кайрылуу жарыялаган.