Сасык тумоо оорусу жыл бою жүрөт. Бирок, күз-кыш мезгилдеринде өзгөчө күчөйт. Дарыгер Бурул Усенова күз-кыш айларында адамдарда витаминдердин жетишсиз болорун айтып, сасык тумоодон сактануу жана дарылануу жолдору боюнча айтып берди.
Сасык тумоонун алгачкы белгилери чыйрыгуудан, катуу баш оорудан, дене табынын көтөрүлүшүнөн жана булчуң ооруларынан башталат. Ошондой эле тамак кургап, кычышат, кургак жөтөл күчөп, мурун аркылуу дем алуу кыйын болот. Бул белгилер адатта бир жумага жетпейт. Бирок, жөтөл эки жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Балдардын ичи өтүп, кусушу ыктымал.
Сасык тумоону алдын алууда эң майнаптуу деп эсептелген ага каршы вакцина бар. Аталган вакцина адамда күчтүү иммунитетти пайда кылат. Сасык тумоого каршы вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан кош бойлуу аялдар, беш жашка чейинки балдар, карылар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана астма, диабет, жүрөк оорулары же дагы башка өнөкөт оорулары бар тобокел тобуна кирген кишилерге сунушталат жана акысыз жасалат.
Көпчүлүк учурларда сасык тумоо инфекциясы өзүнөн-өзү өтөт. Бейтаптар өз абалын байкап, начарлап кетсе, медициналык жардам алыш үчүн кайрылышы абзел. Сасык тумоо болгондо төшөктө жатуу өтө зарыл. Инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн кыйыр таасирлери бар дары-дармектер менен өзүн-өзү дарылоодон алыс болуу керек. Биз бейтаптарга суюктукту көп ичүүнү, спирт ичимдиктеринен баш тартууну, дене табын түшүрүү жана булчуң ооруларын басуу үчүн дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча дары ичүүнү сунуштайбыз.
Вирусту жайылтпоонун биз аткара ала турган оңой жолдору үйгө киргенде колду самындап жууп, көчөдө, коомдук жайларда медициналык беткап кийүү керек. Бул эң жөнөкөй эле ыкмалар вирустун жайылышын токтотот. Мындай учурда жеке гигиенага да өзгөчө көңул буруу керек. Сасык тумоону алдын алуу үчүн өз алдынча витамин алып ичүүдө да астейдил болуу керек. Эң жакшысы жашылча-жемиштен көбүрөөк жеп, суусундукту көп ичүү керек.
Адатта грипп менен сасык тумоону бир оору катары кабыл алып, айырмалай беришпейт. Грипп – бул дем алуу органдарынын сезгенишине алып келген инфекциялык вирус. Бул бактериялык эмес, вирустук оору. Грипп соо адамга оорулуу киши сүйлөп, жөтөлүп же чүчкүргөндө аба аркылуу жугат. Грипп суук тийгенден айырмаланып күтүүсүз жугат. Адам тердеп, денесинин табы 38,5 градуска жетип, тамак ооруп, булчуңдар оор тартып, шалдыроо жана алсыроо басат. Баш чыңалып ооруп, жөтөл күчөйт.
“Курч дем вирустук оору болсо бейтап энтикпейт, сасык тумоодо ошол белги байкалат. Гриппте ич өтпөйт, ОРВИде болсо кусат, ич өтөт.
Сасык тумоо болгондо, оорлошуп кетсе антибиотик берет, ал эми курч вирустук ооруга адатта антибиотик жазышпайт”
Грипп суук тийгенден эмнеси менен айырмаланат? Суук тийүү вирустун башка түрү аркылуу келет. Аны мурундун вирусу деп коюшат. Бул учурда сизди чыйрыктырган калтырак баспайт. Сиздин абалаңыз демейдеги грипп абалындай болбойт. Мисалы, сөөк менен булчүңдарыңыз ооруксунбайт. Грипп биздин иммундук системабызды активдештирүүгө алып келет. Бирок, бул адамды бир нече күнгө алсыратып
салат.
№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда сентябрь айында сасык тумоо боюнча жалпысынан 1164 учур катталды. Анын ичинен 514ү чоңдор, калганы ар кандай курактагы балдар.
Бурул УСЕНОВА,
№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери