Өзүнүн көзү өтсө да, өрнөктүү өмүрү, артында Алтын казыктай калтырган изи менен ысымы ооздон оозго көчүп айтылып, ошол аңыз сөздөрдөн улам кийинки муундагылардын эсинде эн тамгадай кала берген инсандар болот. Андай асыл адамдардын көзүн көрбөсөң да, сөзүн укпасаң да, ал тууралуу жазып калтырылган жылуу эскерүүлөрдү эстеген сайын ар дайым жан дүйнөң жаркырап, ичиң жылып, өзүң да жылуу сөздөр менен эскерүү адамдык парзың экенин сезесиң.
Мына ошондой жылуу сөзгө, аңыз кепке татыктуу элибиздин чыгаан уулдарынын бири — Алымкулов Сыдык-Алы. Быйыл аны тааныгандардын чөйрөсүндө Сыдык-Алы Алымкуловдун 110 жылдыгы белгиленип, ал тууралуу жылуу сөздөр айтылып, анын мамлекет жана эл үчүн жасаган эмгеги, тагыраагы статистика тармагына кылган кызматы, ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү, кызматтык сапаттары, кесиптештери жана аны таанып-билгендер арасындагы жөнөкөй адамгерчилик касиеттери эскерилет.
… Алымкулов Сыдык-Алы 1914-жылы андагы Сыр-Дарыя облусунун Кара-Балта болуштугунда, азыркы Жайыл районунун айтылуу Сарыгоо айылында жарык дүйнөгө келген. Айтылуу Сарыгоо дегенибиз классик акыныбыз Алыкул Осмонов да ушул Сарыгоодо төрөлгөн.
Сыдык-Алынын атасы Мусулманов Алымкул Улуу Октябрь революциясына чейин бирин-эки бодо мал, жылкы, он чакты майда жандык кармап, ошону менен үй-бүлөсүн багып, өлбөстүн күнүн көргөн кембагал, карапайым адам болгон. Энеси үй тирилиги менен алек боло, чиедей жаш балдардын курсактарын тойгузуп, жоктон бар кылган, алпейим, берекелүү аялзатынан болгон. Үзүмчүлүк убактарда, анүстүнө жетишпеген заманда жоктон бар кылуу оңой-олтоң нерсе эместиги түшүнүктүү эмеспи.
1917-жылы Октябрь революциясы жеңген менен, кеңеш өкмөтү дароо эле орной калган эмес. Кеңеш бийлигин жер-жерлерде орнотуу кыйынчылык менен жүрүп, бул мезгил жокчулук менен коштолгон. Жокчулуктун айынан 1929-1930-жылдарга чейин кедей-кембагалдар жана кембагалдардын бой жеткен балдары кулактарга жалданып иштөөгө аргасыз болушкан. Мындай тагдыр бир туугандары жаш, 16 жашка келип калган, көп балалуу үй-бүлөдө өскөн Сыдык-Алынын пешенесине да туура келет. Ал ата-энесинин жеңилин жерден, оорун колдон алуу максатында, Кара-Балта шаарындагы В.Кириллов деген кулакка жалданып иштегени да бар.
1930-жылы коллективдештирүү учурунда Алымкулдун үй-бүлөсү жаңыдан уюшулган Калинин районунун “Большевик” колхозуна мүчө болуп кирет. Бой жеткен Сыдык-Алы 1930-1932-жылдары комсомолдук кызматкерлерди даярдаган 2 айлык, орто билим берүүчү 6 айлык, эсеп-статистикалык кызматкерлерди даярдоочу 6 айлык курстардан окуйт. 1932-жылы Өзбек ССРинин Самарканд шаарындагы В.В.Куйбышев атындагы мамлекеттик эл чарба институтунун даярдоочу, андан 1-курсуна өтүп, аны 1937-жылдын июнь
айында аяктайт. Окуу жайын ийгиликтүү аяктаган жаш адис Кыргыз ССРинин Мампланына ишке жиберилип, 1937-жылдын июнунан 1942-жылдын сентябрына чейин айыл чарба механизациясы боюнча экономист болуп иштейт. Теория менен практиканын асман менен жердей айырмасы бар эмеспи, беш жыл аралыгында теорияда окуп билгендерин иш жүзүндө толуктап, бышыктап, ишке көзү каныгат, жумушка бышат. 1940-жылдын февралында идиректүү жигит Мампландын орун басарлык кызматына көтөрүлөт. Иши менен көзгө көрүнүп, ары адамгерчилик илбериңки сапаттары менен бирге иштешкендердин арасында кадыр-барк, аброй күтөт.
Аз убакыттын аралыгында, иши менен көзгө көрүнүп, жылдызы жанат. Сыдык-Алы Алымкулов менен бирге иштеген кесиптештери анын келечегинен көптү үмүттөнүп, ал кандай кызмат, иш берилбесин иштеп кете алат деп жоромолдоп, жакшы тилектер айтыла баштайт. Ушул учурда, ден соолугунун табы болбой, аны дарылаган врачтар анын какыс айыгуусу үчүн жер которуусун сунушташат. Ошентип, ал 1942-жылдын сентябрында оорусуна байланыштуу Ысык-Көл облусуна облпландын төрагалыгына кызматка которулуп, бул кызматта 1944-жылдын май айына чейин иштейт.
СССР Мампланынын союз-дук республикалардагы ыйгарым укуктуу өкүлү институту түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Сыдык-Алы Алымкулов СССР Мампланынын карамагына чакыртылып алынып, Кыргыз ССРи боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлыгына дайындалат. 1949-жылы майда бул кызмат жоюлуп, Кыргыз ССР КП БКнын жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басарлык кызматына дайындалып, анда 1951-жылдын сентябрына чейин иштейт. 1951-1957-жылдарда Кыргыз ССР Мампланынын төрага орун басары, 1957-1965-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Борбордук статистикалык башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Сыдык-Алы Алымкуловду өлкөнүн Мампланында жана Улуттук статистика комитетинде иштеген улуу муундагылар жана кийинкилер жакшы билишет. Себеби, ал иштеген ишинин майын чыгара иштеп, кайсы кызматта иштебесин иш билгилигин жана ар тараптуу билимдүүлүгүн, принциптерди бекем кармангандыгын көрсөтө алган. Жетекчилик тубаса таланты жана уюштуруучулук касиети жупуну, жумшак мүнөзү менен айкалышып, өзү менен бирге иштешкендер арасында кадыр-баркын, салмагын арттырган. Улуу-кичүүгө илбериңки, сылык, жумшак мамиле жасап, алардын ар бири менен сырдаш, муңдаш болуп, жарыгын чачып турган, адамдык бийик парасаты менен да өзгөчөлөнүп турган. Ал ишине тыкыр мамиле жасап, тактыктын жана изденгичтиктин, принципиалдуулуктун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн. Анын мына ушундай адамдык жана жетекчилик касиеттери Сыдык-Алы Алымкуловду улуу менен кичүүлөрдүн сыйына, урматтоосуна татыктуу кылган.
Республиканы социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча ошол мезгилдеги беш жылдык пландардын дээрлик бардыгы Сыдык-Алы Алымкуловдун жигердүү катышуусу жана түздөн түз жетекчилиги астында иштелип чыккан.
Ал И.Раззаков, К.Дикамбаев сыяктуу элибизге белгилүү мамлекеттик ишмерлер менен үзөңгүлөш иштешкен. Муну бир катар архивдик документтер тастыктап турат. Биздин колубузда Кыргызстан КП БКга С.Алымкуловду Жогорку партиялык мектептин сырттан окуу бөлүмүнө угуучулукка сунуштаган Кыргызстан КП БКнын ошол кездеги секретары К.Дикамбаевдин мүнөздөмөсү турат. Анда Сыдык-Алы Алымкуловдун дарегине карата бир топ жылуу сөздөр айтылган.
Ал эми Кыргыз ССР Министр-лер Советинин алдындагы Мампландын орун басарлыгына (1951-ж.), биринчи орун басарлыгына (1956-ж.), Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Борбордук статистика башкармалыгынын начальниктигине (1960-ж.) дайындоого түздөн-түз Кыргызстан КП БКнын секретары И.Раззаков өзү кол койгон.
Демек, бул документтер Сыдык-Алы Алымкуловдун республиканын биринчи жетекчилеринин жогорку баасына жана ишенимине татыганын тастыктаган фактылар десек эч жаңылышпайбыз. Бир сөз менен айтканда, бул кишинин өлкөбүздүн экономикасын башкаруу жаатында кошкон салымы чоң.
“Эр эмгегин жер жебейт” дейт эмеспи, Сыдык-Алы Алымкуловдун мамлекет жана эл алдындагы эмгеги жогору бааланып, СССРдин социалисттик курулушуна жана коргоо тармагына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени (1949-ж.),
эки жолу “Ардак белгиси” ордени (1946-ж., 1957-ж.), “Эмгек Кызыл Туу” ордени (1960-ж.), “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы (1945-ж.), “Республиканын эл чарбачылыгын пландоо жана маданият жаатындагы тапшырмаларды ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн” (1944-ж.) жана “Республиканын пландоо жана статистикалык органдарында көп жылдык жана мыкты эмгеги үчүн” Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамоталары менен сыйланган.
Ал беш балалуу болуп, аларга татыктуу тарбия жана билим берип, эл кызматына жараган уул-кыздардан кылып эрезеге жеткирген. Балдарынын улуусу Жекшен кесиби боюнча куруучу. Ал да атасы сыяктуу ар дайым иштеген иши, адамдык бийик парасаты менен кадыр-баркка жетип, министрликтерде жетекчи кызматтарда жемиштүү иштеген. Эмгеги бааланып, “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланып, Техника жана курулуш жаатында мамлекеттик сыйлыкка татыган. КРнын ардак грамоталары менен
сыйланган.
Экинчи уулу Жеңиш-Алынын кесиби инженер-механик. Ал да ар кыл кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, учурунда СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лау-
реаты болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына татыган.
Кыздары: Роза – Москвадагы жеңил өнөр жай институтун, Мария – кыргыз мединститутун, Гүлнара – кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүшүп, баа-ры жогорку билимдүү жана ар кыл кесиптин ээлери болушкан. Баары ак эмгегинен баар таап, турмуштан өз жолун таап, эл арасында кадыр-баркка жетишкендиктерин айта кетсек ашыкча болбостур.
Жакшы адамдын артында өрнөктүү иштери калат. Ошол өрнөктүү иштерди муундан-
муунга аңыз кылып айта жүрүү бул кийинкилердин адамгерчилик парзы.
Сыдык-Алы Алымкуловдун бизге калтырган өрнөгү – анын жетекчилик сапаты, уюштуруучулук жөндөмү, анын иш билгилиги, жаратылыш ыроо-логон жупунулугу, тубаса интел-лигенттүүлүгү, жөнөкөйлүгү. А жөнөкөйлүк сапат – адамды ар дайым бийик көрсөтүп турган асыл касиет.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу ”