Кылым карыткан “Кыргыз Туусунда” 1997-1999-жылдары иштеп, анын кышын кынашкандардын бири – балдар акыны Нургазы Ахмедулин.
Анын балдарга арналган «Шок бала», «Жомоктор», «Кызыл топ», «Беш өрдөк», «Мактанчаак улак», «Күтүүсүз сапар», «Чоң атамдын жомогу» жана чоңдор үчүн «Жамгыр бийи» аттуу китептери басмадан жарык көргөн. Айрым ырлары «Кыргыз тили», «Адабий окуу», «Адеп» сыяктуу башталгыч класстардын окуу куралдарында окутулуп келет. КРнын элге билим берүүсүнүн отличниги, Тоголок Молдо адабий сыйлыгынын лауреаты.
– Нургазы, союз убагында калем акы калың төлөнүп турганда эле балдар үчүн жазган акын-жазуучулар саналуу болор эле. Балдар адабиятынын азыркы абалы кандай?
– Кыргыз “жакшы” дейт эмеспи, антпей ачыгын айтканда, өлөсөлүү абалда. Баягылар эле тырмалаңдап жазып жатабыз. Мындан балдар адабияты өнүгүп-өсүп кеткен жок, адабий резонанс да жарата элекпиз. Ким колунан келсе китеп чыгарып жатат. Аны да ар кимдин эшигин кагып жүрүп чыгармай. Менин да кийинки китебим 2014-жылдан бери чыкпай жаткан. Сүрөттөрүн тарттырып койгом. Аны да мен өзүм чыгарган жокмун, 2022-жылы “Кыргызпатент” чыгарып берди.
– “Баягылар” дебедиңби, балдар үчүн кимдер жазып жүрүшөт?
– Баягы эле Токтосун Самудинов, Байтемир Асаналиев, Каныбек Жунушев, Ысмайыл Кадыров, Исабек Токтогулов, Зинакан Пасаңова, Сулайман Рыспаев, Жекшенбай Курманов, Аман Карымшаков, Элмира Төлөкова, мен… Айрымдарын атын атабай калсам, алар мени кечирип коюшсун.
– Жаңы ысымдар жокпу?
– Миргүл Наралиева деген кызыбыз бар. Мурда радиодо иштеген, таанымал болуп калды. Ал деле кырктарга келип калды.
– Кийинки жаштардан кызыккандар барбы?
– Жок. Балким, бардыр, азырынча мен аларды окубаптырмын, кечирип коюшсун, тааныбайт да экем. Эми өзүң билесиң илгертен ушундай. Өткөндө Каныбек Иманалиев айтып жатат, Улуттук жазуучулар союзунда 600дөн ашуун акын-жазуучу болсо, ошонун жыйырмадайы эле балдар адабияты менен алектенет экен.
– Баарыбыз эле бала болгонбуз, анда эмнеге балдар үчүн жазышпайт?
– Мунун жашырын деле сыры жок. Баарыбыз бала болгонбуз дечи. Бирок, балдарга жазыш кыйын. Балдарга жазыш үчүн дүйнөгө, жашоого балдардын көзү менен кароо керек. Болбосо, “фальш”, калп дароо көрүнүп калат. А балдар дүйнөгө баео, таза карайт. Алар жомоктор дүйнөсүндө жашайт, куулукту, митайымдыкты билишпейт.
– Балдарга жазгандардын айрымдары деле дүйнөгө чоңдордун көзү менен карап, жазып койгону бар. Бул ырлар балдарга сиңбейт, балдар кабыл албайт. Антип жазып балдарды алдабашыбыз керек, эң башкысы акын же жазуучу өзүн алдабашы керек. Анүстүнө азыр чыгармачыл адамдар көртирликке басырылып калбады, бул деле ырлардан көрүнүп калат экен.
– Кыскасы, балдар үчүн жазуу өтө татаал деңизчи?
– Ооба. Балдардын дүйнөсү татаал. Балдар үчүн жазуу да, алардын көзү менен дүйнөгө кароо да кыйын. А чындыгында чоңдор деле жашоого балдардын көзү менен карап койсо жаман болбос эле, анда жашоо таза, баео болмок. Алдамай, достукту сатмай жок болмок. Жашоонун башаты – балалык. Ошол учурда биз таза болобуз. Анан эле кирдей баштайбыз. А тазаруу кыйын, мүмкүн да эмес. Мен кээде келгиле балалыкка бир күн да болсо кайтып баралы дегим келет. Тилекке каршы, балалыкка кайтуу кыйын го.
– Баланын көзү менен караш, жашаш кыйын дедиңиз. Балдар үчүн жазыштын дагы кандай сырлары бар?
– Балдар үчүн жазганда, акылга салбай жазыш керек, баео, энөө ырларды жазуу керек. Биз балдар акындары ушундан да жаңылабыз. Баланын көзү менен карап жазган ырлар башкача болот.
– Чет өлкөдө балдар үчүн жазып миллиардер болгондор бар го?
– Дж. К. Роулингди айтып жатасың го. Мен да ага суктанам. Сен экөөбүз менен жашташ британиялык балдар жазуучусу. Бизден деле кыргыз Гарри Поттерин жазган бирөө чыгып калаар деп ишенип туралы. Балким, балдардын аруулугун, кыялкеч дүйнөсүн, олуттуу ой- чабытын, фантазиясын, ак тилегин чагылдырган чыгармалар жазылып жаткандыр. Азырынча кабарым деле жок андайдан.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
«Кыргыз Туусу»
Нургазы Ахмедулинин ырлары:
БИЗДИН КЛАСС
Сабак билүү жагынан,
Озуп өткөн баарынан.
Биздин класс – эң кыйын,
Баш адашат санынан.
Жылдыз, Кундуз, Аяна,
Жыргал, Жыпар, Жанара.
Бегимайдан экөө бар,
Бешөө экен-Анара!
Эркин, Болот, Аалылар
Эсен, Эрмек дагы бар.
Эсен менен Амандын
Эгиз өскөн жагы бар.
“Кечиктик!” – деп наалыган,
Салык келет нарыдан.
Ал кызыбыз мектепке,
Эрте барат баарынан.
Жаркылдатып кабагын,
Жазбай айтып саламын,
Жамал эже күлүңдөп,
Баштайт эми сабагын.
БЕШ ӨРДӨК
Балбан болгом башында,
Туура эки жашымда.
Чап кармашып билектен,
Аюу менен күрөшкөм.
Күлүктүгүн билгенмин,
Ташбакага мингенмин.
Тоодон түшүп келатып,
Топоз алгам мен атып.
Балык менен сүйлөштүм,
Кыргыз тилин үйрөттүм.
Отун ташып токойдон
Көпөлөккө дос болгом.
Айтсам дагы чынымды,
Айга учургам чымынды.
Айдан келип ал чымын,
Айтып берген бардыгын:
«Түн аларда күн экен,
Күн аларда түн экен.
Тең жартысы көл экен,
Тең жартысы чөл экен.
Төөлөр талдын башында,
Төрөлүшөт жазында.
Айтор, укмуш, кызык көп,
Чычканы жок мышык көп.
Көргөнүм чын, таңгалба,
Көрбөгөндөр арманда».
Десе, чымын маңдайда,
Ишеналбай андайга.
Өкүнгөнмүн ошондо,
Өзүм барбай калганга.
ТҮШ
Төмөн жакты карасам:
Үй үстүндө баратам.
Мышык итти кубалап,
Жүргөн экен «ураалап!»
Коен кармап карышкыр,
Тишин жулуп салыптыр.
Топтой тепкен түлкүнү,
Көрдүм баатыр кирпини.
Эл кызыкка батыптыр,
Балык ырдап жатыптыр.
Чычкан, короз экөөлөп,
Пилди жүрөт жетелеп.
Кээде-кээде желдирип,
Чилди жүрөм мен минип.
Чилден жерге куладым,
Чуулдады кулагым.
Мына кызык, керемет,
Кулаганым керебет.