Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Спорт: Кыргызстан жана дүйнө

Кыргызстан дүйнөлүк бокс уюмуна мүчө болду

Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмуна (World Boxing) расмий мүчө болуп кабыл алынды. Бул тууралуу эл аралык уюмдун сайтында маалымдалды.

30-октябрда Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагас-кар, Таиланд жана Кыргызстандын улуттук бокс федерациялары 2023-жылдын апрель айында түзүлгөн жаңы уюмга мүчө болуп киришти. Ошентип БДБУнун мүчөлөрүнүн саны 51 улуттук федерацияга жетти.

«Бул жети улуттук федерациянын БДБУга мүчө болуп кирүү арыздары тыкыр иликтөөлөрдөн өттү. Алардын боксту өнүктүрүүгө жакшы шарттары бар экени, федерацияларынын уставдары учур талабына шайкеш келээри аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун президенти Борис ван дер Ворсттун айтымында, 50 мүчөлүк чектен ашуу чоң мааниге ээ.

«Бул эл аралык бокста өзгөрүүлөргө умтулууга болгон аракеттердин жыйынтыгы. Ошондой эле көптөгөн улуттук федерациялар тарабынан бокс мындан ары да олимпиада оюндарынын бир бөлүгү болуп, программасында кала бериши керектигин кеңири тааныганынын күчтүү далили», — деди ал. Бул 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган олимпиадалык оюндарда бокс болот дегенди билдирген жаңылык болуп калды. А уюмга Кыргызстандын мүчө болушу өлкөбүздүн мушкерлери жайкы олимпиадалык оюндарга катыша алат дегенди билдирет.

Эске салсак, быйыл Парижде өткөн олимпиадалык оюндарга кыргыз жигити Мунарбек Сейитбек уулу өлкөбүздүн тарыхында алгач ирет бокс боюнча күмүш медалды утуп, байге эсебин ачкан.

Боксчу уландар финалга жакын калышты

Черногориянын Будва шаарында өтүп жаткан бокс боюнча уландар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки жаш мушкер атаандаштарын утуп, финалга чыгуу үчүн беттешкени турушат. 

Амантур Жумаев (54 кг чейин) менен Тыныстан Алыбаев (92 кг чейин) өлкө намысын коргоп, финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Амантур Жумаев  1/16 финалда Тине Якомини (Словения) 2-раундда артыкчылык менен мөөнөтүнөн мурда утуп алса, 1/8 финалда колумбия-лык  Ринкон Кармона Исаак Дэвидди 16 секундда эсин оодара согуп, жеңилүү ызасын тарттырды. Чейрек финалда тунистик Кусай Даллагини  0:5 эсебинде утуп алды. Эми Амантурдун жарым финалдагы атаандашы кытайлык Ханруи Чжан  болмокчу.

Чолпон Султанбекова Бюро мүчөсү болду

Албаниянын Тирана шаарында Дүйнөлүк бириккен күрөш уюмунун  (United World Wrestling) кезектеги конгресси болду.

Анда быйыл Парижде өткөн олимпиада оюндарынын жыйынтыктары, 2028-жылы Лос-Анжелесте өтүүчү олимпиада оюндарына даярдыктар, 2025-жылга календарга жана UWW Кесиптик Лигасын ачууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Конгрессте Президиумду жана вице-президенттерди шайлоо да болуп, бюронун курамына эки жаңы айым кошулду.

Шайлоодо бюронун беш мүчөсү кайра шайланууга тийиш болчу. Төрт киши: Педро Силва, Питер Баска, Замел Аль Шахрани жана Наталья Ярагина бюрого кайра шайланышты. Ал эми Брюс Баумгартнер жаңы шайланган мүчө болду.

Шайлоонун биринчи турунда эки жаңы бюро мүчөсү шайлана албагандыктан, экинчи тур өткөрүлдү. Анда эң жогорку добуш алган эки талапкер болуп, Буянделгер Пельжи менен Чолпон Султанбекова бюро мүчөсү болуп калышты.

Ошентип, Кыргызстандын Алыш күрөшүн дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон Чолпон Султанбекова ДБКУнун  бюро мүчөсү болду. Ал мындай даражага жеткен кыргызстандык алгачкы спорт ишмери.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар