Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

БУУнун конференциясында Кыргызстандын тоо экосистемаларынын маселелери талкууланды

Кыргызстандын расмий делегациясынын жетекчиси катары КР президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Колумбиянын Кали шаарында «Жаратылыш менен тынчтык» (COP-16) урааны астында Биологиялык түрдүүлүк боюнча тараптардын конференциясынын 16-жыйынына катышууда.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, ал жыйынга 190дон ашык өлкөнүн жергиликтүү бийликтери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес жана академиялык чөйрө, жергиликтүү башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү жамааттар чогулган. Катышуучулардын саны 23 миңден ашуун адамды түздү.

Кыргызстандын делегациясы пленардык жыйындарга, климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана жапайы жаратылышты сактоого, Борбордук Азиянын тоо экосистемасынын аялуу түрлөрүн коргоого, тоолорду глобалдык башкарууга, биологиялык ар түрдүүлүктүн глобалдуу алкагына жетишүүгө арналган 5 кошумча иш-чарага, ошондой эле Аялдар форумуна активдүү катышты.

Бул иш-чараларда кыргыз делегациясы Кыргызстандын тоо экосистемаларын, биологиялык түрдүүлүктү, анын ичинде илбирсти сактоо боюнча тажрыйбасы, Конвенциянын глобалдык максаттарына шайкеш келген бул багыттагы Улуттук стратегия жана иш-аракеттер планы, экологиялык долбоорлор, жаратылышты коргоодо аялдардын ролу жөнүндө, климаттын өзгөрүшүнө көбүрөөк дуушар болгон тоолуу аймактардагы калктын аялуу топтору жөнүндө айтып берди.

Динара Кемелова өзгөчө Кыргызстандын жаратылышты жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча эл аралык демилгелери, алардын БУУнун, Биотүрдүүлүк конвенциянын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенция алкагында, атап айтканда, 2023-2027-жылдар үчүн иш-аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыяланган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун резолюциясын ишке ашыруу тууралуу, ошондой эле Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана пландаштырылган эл аралык иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

“COP-16” алкагында кыргыз делегациясынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Глобалдык экологиялык фонддун төрагасы Карлос Родригес, чет мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушуулар болуп, анда Тоо күн тартиби, биргелешкен долбоорлор жана жаратылышты коргоо боюнча көп тараптуу кызматташуу, биологиялык түрдүүлүк жана тоо экосистемалары маселелери талкууланды.

Кыргызстандын COP16га катышуусунун негизги приоритеттерине эл аралык өнөктөштөрдү тартуу, ресурстарды мобилизациялоо жана Кыргызстандын тоолуу экосистемасындагы жаратылышты коргоо долбоорлорун колдоо үчүн кошумча каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде Кыргызстандын жаратылышты коргоо трасттык фондун түзүү кирет.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар