Мезгилден учкул эмне бар! «Эркин Тоо» («Кыргыз Туусу») гезитинин 100 жылдык мааракеси белгиленип жатканда, анын мурдагы башкы редакторлорунун бири, мамлекеттик жана коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов 85 жаш кутман куракка келип отурат.
Агабыз Ысык-Көлдүн кулуну, Жети-Өгүздүн Барс-коон айылында жарык дүйнөгө келген. Каракол шаарындагы С. М. Киров орто мектебин, Пржевальск пединститутунун орус тили жана адабияты факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Айтматовдун ааламга кеткен жолу Шекер айылынан башталган сыяктуу эле, Ишемкуловдун республикага, бир катар чет элдерге кеткен жолу да ушул Барскоондон башат алган. Демек, анын кутман курагын Көл жергесиндеги замандаштары, каламдаштары, эски кесиптештери, ага-туугандары, жакшы санаалаштары өзгөчө маанайда кабыл алып жатышканы да бекеринен эмес.
Тилектеш Ишемкулович эмгек жолун өз айылындагы мектепте мугалимдиктен баштап, комсомолдун Жети-Өгүз райкомунун экинчи, андан соң биринчи катчысы, партиянын Жети-Өгүз райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин катчысы, партиянын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Нарын обкомунун катчысы болуп иштеген.
Москвадан КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүтүрүп келгенден кийин партиянын Ысык — Көл обкомунун катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Басма сөздөгү жашыруун сырды сактоо Башкы башкармасынын начальниги, республикалык «Кыргыз Туусу» гезитин башкы редактору кызматтарын аркалаган. Ошол эле мезгилде Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы, СССР Журналисттер союзунун катчысы, андан соң Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчиси болуп бийик деңгээлин, уюштуруучулук жана дипломаттык өзгөчө сапаттарын көргөзгөн.
Бир катар жылдардан бери Х. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин профессору катары эртеңки кесип ээлерине терең билим берип, ректордун кеңешчисинин милдеттерин да жогорку жоопкерчиликте аткарып келет.
Мен агабызды дээрлик элүү жылдан бери билем. Илгери, өткөн кылымдын 74-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна мугалим болуп барып калдым. «Бул жакта көлдүк жигит обкомдун катчысы болуп иштейт. Абдан тың, сөз байлыгын, чечендиги айтпа!» – деди мектептин директору бир жолу кеп арасында. «Кой, көлдүк болсо, агам экен. Таанышып, учурашып келейин» деп, 120 чакырым жол басып, күүлдөп эле кирип бардым. Жакшы кабыл алды, ал-абалымды сурап, кеп-кеңештерин айтты. Сүйлөгөнүн, баскан-турганын, кирген-чыккандарга илбериңки мамилесин көрүп, кийин ушул агабыздай адам болсом деген ой менен кеткен элем. Аздан кийин эле анын Москвага окууга кеткенин угуп калдык.
Жылдар өткөн соң партиянын Ысык-Көл обкомунда Тилектеш Ишемкуловичке караган бөлүмдө иштеп, ал «Кыргыз Туусу» гезитин жетектеп турганда республикалык «Мугалимдер газетасы» жана «Учитель Киргизстана» гезиттеринин башкы редактору катары катарлаш жүрүп анын адам, жетекчи, журналист, кулак курчун кандыра сүйлөгөн чечен, өзүнөн кийинкилерге турмуштун туура жолун көрсөтүп, насаатчы катары бир тууган агасындай эле камкор мамиле кылган өзгөчө сапаттарын өтө жакындан билдим. Кийин Бишкектен жарык көргөн «Толкундар жээкке келишет» аттуу поэтикалык жана публицистикалык китебимде анын бир катар жагдайлары туурасында жазгандарым да бар.
Бишкекте иштеген жылдары бир жолу жумуштун аяк ченинде чалып калды. «Абдыке, бол, батыраак келе кал. Омоке Австрияга элчи болгон турбайбы. Биз куттуктабай такыр уят болуптурбуз. Мен биздин гезитке түшкөн маалыматтан азыр окуп калдым», – деди шашып.
Кыргыз эл акыны Омор Султанов агезде Жазуучулар союзунун катчысы болчу. «Эми ушундай болуп калды, – деди кебелбей. – Жай турмушка көнүп алдым эле, иштей алар бекем?»
Эртеси так ошол маалда өзү кайра мага чалып атпайбы: «Мен кетчү баштанып калдым, Тикени алып келе кал», – деп. Барсак, күлкүсүн тыя албайт. «Ой кашайгырдыкы, ушу мени кантип элчи болду деп ойлодуңар ыя? Бишкектен адашып араң жүрөм, Австрияга барсам такыр жоголуп кетпеймби. Кел эми, отургула. Силерге карыз болбой, «шайтан» мойнун сындыралы». Көрсө ошонун алдында эле Абдразак Султановдун Омор деген уулу Австрияга элчи болуп дайындалыптыр.
Андан кыйла мурда, мен партиянын Ысык-Көл обкомунда иштеп атканда идеологиялык кызматкерлердин Бүткүл союздук семинары үч этап менен өткөнү эсимде. Мен анын Ташкентте жана Москвада өткөн бөлүктөрүнө катышып калдым. Ташкентте Өзбекстан компартиясынын Борбордук Комитетинин тармактык катчылары, бөлүм башчылары, чоң-чоң илимпоздор лекция окушту. Семинарга катышкандар: «Өткөн жолу Алматыга Ысык-Көл обкомунун катчысы Ишемкулов келип катыра сүйлөдү эле. Ка-ап, ошол киши бул жакта да сүйлөсө эмне!» – деп шыпшынып атышты. Сыймыктанып отурдум.
Агабыз узак жылдык үзүрлүү эмгеги менен эл-журтубуздун бийик кадырлоосуна, терең урмат-сыйына арзып, эки жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, анын ичинде «легендарлуу» парламентке депутат болуп шайланган. Ага «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси» жогорку дипломатиялык рангы, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылган. Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын мүчөсү, «Кыргызстан – Пакистан» достук коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсионер.
Айтор, башка сыйлыктарын, наамдарын санап отурса өзүнчө бир узун тизме. Ал өзүнүн 60 жылдан ашыгыраак мезгилди камтыган ишмердик жолунда 200дөн ашуун публицистикалык макалаларын, дил маектерин, элибиздин тарыхына, жаратылыш дүйнөсүнө, адабият, маданиятына, улуттук салт-санаасына, өткөн улуу адамдарды эскерүүгө арналган материалдарын жарыялады. Соңку 20 жыл ичинде эле жалпы көлөмү 190 басма табакты түзгөн 15 китеп, брошюраларын чыгарды. Редакциялаган, рецензиялаган, которгон толгон-токой эмгектери бар.
Бул арада поэтикалык эки жыйнагы да жарык көрдү. Ырлары жөнөкөйлүгү, көркөмдүк жогорку деңгээли, турмуштук таасирлерден улам табигый жаралгандыгы менен айырмаланат. Албетте, «тулпар тушунда, күлүк күнүндө» дегендей, бу мезгил түшкүрүң жаш өткөн сайын өз таасирин берет эмеспи. Антсе да, Тилектеш Ишемкулович тээ совет доорунда калыптанган тейинде дале тың, комсомол кезиндегидей дале шайдоот. Улууга урматынан, кичүүгө ызаатынан жазбай, он көчө жердеги окуу жайына күн сайын жөө каттап, бирде толкуп, бирде көлбүп коюп, байбичеси Жеңиш эже менен балдарынын берекелүү чайын ичип, аксакалдык күнүн кечирүүдө. Жол болсо улам бийиктеп барат.
Биз касиеттүү Ысык-Көл жергесинин, жалпы эле кыргыз калкынын көрүнүктүү уулун, мамлекеттик жана коомдук ишмерин, төгөрөгү төп келген таланттуу агабызды 85 жылдык кутман курагы менен чын ыкласыбыздан куттуктап, ага бекем ден соолук, кылым карытаар узак өмүр, байгерчилик кеңири турмуш кааламакчыбыз!
Абдыжапар ЭГЕМБЕРДИЕВ, Кыргыз эл акыны,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер