Бул беттен көрүнүп тургандай гезитибиздин кызматкерлери өздөрүнүн “Кыргыз Туусу” боюнча кызыктуу ойлорун жазып беришти. Ошол эле учурда гезит чыгаруу менен алек болуп, колу бошобой калгандары да болду. Сөз ошолор тууралуу болсун.
Жакшылыкты жандаган, ийгиликти сүрөгөн…
Насип экен, “Кыргыз Туусу” гезитинде 20 жылдан бери иштеп келе жатам. Командировкага көп чыктык. Мен Таласка, Ысык-Көл тарапка көп каттадым. Таласка барганда “Манас Ордодо” жаш манасчы Улан Исмаиловду кезиктирип, ал тууралуу “Кыргызга Манас кайтып келдиби?..” аттуу көлөмдүү макала жарыялагам. Кийинчерээк Лондондо улуу дастанды айткан Сапарбек Касмамбетов, алайлык жаш манасчы Сыргак Мырзакаримов тууралуу жазгандарым окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.
Кыргыз Эл Баатыры Сабира Күмүшалиева тууралуу “Кылым жаша, Сабира апа!”, атагы ааламга кеткен жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Хамзеева жөнүндө жазылган даректүү баяндарымды сыясы кургай электе окуган “Кыргыз Туусундагы” кесиптештеримдин “Жакшы жазыпсың” деген куттуктоолору күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун түштүк региону боюнча орун басары болуп, Ош тарапка которулганымда кызматка байланыштуу түштүктү түрө кыдырдым. Расмий жана маданий иш-чараларга көп катыштык. Жаңы келген жылдары республиканын түштүгүндө жаратылыш кырсыктары көп катталып, редакцияга ыкчам маалыматтарды даярдоо үчүн Сөгөттө, Нурада жер титирөө болгондо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлдөрү менен күн-түн дебей бирге жүрдүк. “Кыргыз Туусу” гезитинде объективдүү матералдар жарыяланып тургандыктан, министрлик салтанаттуу жыйында мага министирлик өзүнүн “Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгисин тапшырган.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги 2020-жылдын 5-июндагы буйругу менен “Айыл өкмөттөрдүн ишин ырааттуу чагылдырууга жана республикалык конкурска катышкан алдыңкы айыл өкмөттөрдү аныктоого кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы” төш белгиси менен сыйлаган.
“Кыргыз Туусу” гезитинде Ош облусу боюнча кабарчы болуп иштеп жүргөндө 10 жылга жакын созулган Афган согушунун ардагерлери, алардын жаштарды патриоттук духта тарбия-лоодо кошкон салымдары тууралуу көп макалалар жазылды. Ооган согушунун ардагерлеринин Республикалык Кеңеши мени “Ооган согушунун ардагерлер кыймылына берген жардамы үчүн” жана “Ардагер” медалдары менен сыйлаган.
Тагдыры “Кыргыз Туусу” гезитине байланган чыгармачыл адам катары жүрөккө жакын сүйүктүү басылманын менин чыгармачылыгыма тийгизген таасири тууралуу айтпасам болбостур. Гезитте иштеп жүргөн мезгилде топтогон кызыктуу материалдар көркөм чыгарма үчүн соолбос булак болуп, анын негизинде көптөгөн аңгемелер, жол очерктери жарыяланды. Алар өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. Кийинки жыйнактарга да азык катары чоң роль ойноду. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынганда алгачкылардан болуп “Кыргыз Туусу” гезити куттуктагандыгы жадымдан чыга элек.
Өткөнгө сереп салып карап туруп, баса белгилеп өтчү нерсе, мындай наамдарга, сыйлыктарга республикабыздагы эң аксакал, зоболосу бийик басылма-“Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп жүргөн учурда алган экенмин. Бар бол, жакшылыкты жандап, ийгиликти сүрөп жүргөн сүйүктүү – “Кыргыз Туусу”!
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Менин да салымым бар экенине сыймыктанам
Мектепти аяктагандан кийин Финансы- экономикалык техникумда окудум, андан кийин Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетин бүтүргөм.
“Кыргыз Туусуна” чейин ар кайсы мекемелерде бухгалтер, башкы бухгалтер болуп иштеп келдим. Ал эми “Кыргыз Туусу” гезитинде иштегениме быйылкы жылы 29 жыл болду. Бухгалтердин орун басары, андан кийин азыркы учурда башкы бухгалтер болуп иштеп жатам.
Мен бул гезитте көптөгөн белгилүү адамдар менен тааныштым. Көптөгөн башкы редакторлор менен иштештим. Кесибим финансист болсо дагы, гезиттин түйшүктүү жактарын абдан жакшы билип калдым.
Биздин гезит көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүнө карабастан, дайыма элибизге так маалыматтарды берип келет. Ошондой эле финансы жагынан өзүбүздү өзүбүз каржылап, жамаатыбызга убагында айлык-маянасын төлөп, башка дагы чарбалык иштерди өткөрүп келе жатабыз. Менин да кыргыздын кылымдык гезитине өзүмдүн чоң салымым бар экенине сыймыктанам.
Гезитибиздин100 жылдык чоң мааракеси менен кесиптештеримди, мурда иштеп кеткен ардагерлерди куттуктайм.
Динара ИСАЕВА
Залкар адамдардын батасын алдым
Улуттук университетти аяктаган соң, 1991-жылы “Эркин Тоо” гезитине чакырып калышты. Ал жерде 2000-жылга чейин иштеп, анан “Кыргыз Туусу” гезитине келдим.
“Убакыт учкан куш” – дегендей билинбей эле ЖМКларда иштегениме 35 жылга аяк басыптыр. Жалпысынан 45 жылдык өмүрүм ушул тармакка арналыптыр.
Айтайын дегеним, “Кыргыз Туусу” гезити башка гезиттерден айырмаланып, элибизге ар кыл багыттагы такталган маалыматтарды жеткирсе, ошол эле мезгилде элдин талабын, үмүтүн, тилегин бийликке жеткирүүдө алтын көпүрө болуп келет.
Гезитти жетектеген башкы редакторлор кесипкөйлүгү, уюштургучтугу менен гезиттин өнүгүшүнө опол тоодой салымдарын кошушту. 100 жылдык тарыхында “Кыргыз Туусу” гезитибиз чындыкты, акыйкаттыкты туу тутуп, өз окурмандарынын көйгөйлөрүн жарыялап келет. Гезитте патриоттук сезим менен элге, мамлекетке кызмат кылсам деген адамдар иштешет. Канчалаган кыйынчылыктарды жеңип, бир да жолу жабылып калбастан элиме кызмат кылып келе жаткан “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгегин албетте баалабай коюу мүмкүн эмес. Андыктан гезитке ар тараптан колдоо болсо жакшы болмок деп ойлойм.
Мен да ушул жерден көптөгөн белгилүү адамдар менен тааныштым. Көптү үйрөндүм, далай залкар адамдардын батасын алдым. Учурдан пайдаланып, кесиптештеримди, мурда иштеп кеткен ардагерлерди 100 жылдык майрамыбыз менен куттуктайм. Ар бириңиздерге чын ден соолук, жаркын маанай, албан ийгиликтерди каалайм.
Нуржан БАКИЕВА
Өтүктүн кончундагы гезиттер
Союз мезгилинде гезит-журналдар көп болор эле. Мектепти аяктаганда эле ушул тармакка өтүп, алгачкы эмгек жолумда белгилүү журналист, акын агайлардын арасында жүрдүм. Ошондон уламбы, айтор бала кездеги көксөгөн кесибим калып, журналистикага аралашып кеттим. Жогорку окуу жайын аяктадым.
Андан бери канча жыл өттү “Ленинчил жаштан” баштап, көптөгөн гезиттерде иштеп келдим. Учурда “Кыргыз Туусу” гезитинде корректор болуп иштейм. Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде иштеп жүргөнүмдө: “Ар бир эле киши корректор болуп иштей албайт. Буга да өзгөчө тыкан, кыраакы киши керек”, – деп айтканы эсимде.
“Кыргыз Туусу” гезитиндеги коридордо илинип турган 1924-жылдан берки редакторлордун сүрөттөрү көзгө абдан таасирдүү урунат. Муну гезиттин босогосун аттаган ар бир киши сезет болуш керек. Мен бала кезде гезитти өтүгүнүн кончуна салып алып жүргөн аталарды көрчүмүн айылда. Ошентип окушаар эле. Азыр да “Кыргыз Туусу” гезитинин өз окурмандары бар. Эки жылдан ашык убакыттан бери ушул гезитте иштеп келем.
Эркайым КАМЧЫБЕКОВА
“Кыргыз Туусу” экинчи үй-бүлөм десем болот
Мен, Кыргыз Туусу гезитине 2014-жылы бир жылга чукул иштеп, Чүй облустук «Чүй баяны» гезитине башкы редактор болуп кеткем. Бирок, 2022-жылы кайра келгеним менен сыймыктанам.
Кыргыздын алгачкы гезити болгон “Кыргыз Туусу” гезитинин катардагы басылмалардан айырмасы асман менен жердей десем жаңылышпастырмын. Себеби, үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында эзелки “Эркин Тоого”, азыркы “Кыргыз Туусуна” 100 жыл болот.
Бүгүнкү күндө дагы гезитибиз кыргыз мамлекетинин саясий – экономикалык, социалдык, маданий жактан өнүгүшүн, тарыхый баалуулуктарын жана мамлекетибиздин экономикасына салымын кошуп жаткан ишкана-мекемелердин күндөлүк иштерин кеңири чагылдырган басылма болуп саналат.
Кылым “Кыргыз Туусу” мен үчүн экинчи үй-бүлөм сыяктуу. Ар бир кызматкер бир тууганымдай, өзгөчө гезиттин жаңы саны чыккан сайын карап, өлкөбүздө болуп жаткан жаңылыктар менен таанышуу мен үчүн кубанычтуу.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА
Кут даарыган гезитим
“Кыргыз Туусу” 100 жылдык жолунда мамлекетибиздин саясий, экономикалык, социалдык, коомдук, маданий турмушун өнүктүрүүдө көөнөргүс эмгек жасады. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен жашташ кыргыздын алгачкы тун гезити мезгилге жана саясатка жараша өз аталышын бир нече жолу өзгөртсө да кыргыз элинин турмушун байма-бай чагылдырып келди.
Советтер союзу учурунда “Советтик Кыргызстан” деген аталышта 180 миң нуска менен чыгып, ар бир үйдө өз окурмандары болгон. Учурда да өлкөдө мамлекеттин саясатын үзгүлтүксүз жүргүзгөн №1 гезит. Ааламдашуунун алкагында басма сөзгө болгон талап басаңдаганы менен кыргыздын залкар инсандары эмгектенген, кыргыз журналистикасында, анын ичинде басма сөздө алмашкыс өз орду бар бул гезитти, сандан санга күтүп окуган окурмандарыбыз арбын.
Кылым карыткан “Кыргыз Туусу” гезитинде эмгектенип келе жатканыма 10 жылга жакын убакыт болду. Ушул убакыт аралыгында бул гезиттен тажрыйба топтоп, жогорку кызматтарга көтөрүлгөндөр болду, ошондой эле кыргыз элине таанымал Бактыгүл Чотурова, Жыпара Исабаева, Зайырбек Ажыматов, Темирбек Алымбеков, Болот Таштаналиев ж.б. акын-жазуучулар чыкты. Мен үчүн “Кыргыз Туусу” кут даарыган, чыгармачыл чөйрө.
Кылым карыткан «Кыргыз Туум» 100 жылдык мааракең кут болсун!
Вера БЕДЕЛБЕК
“Кыргыз Туусу” жана мен
2008-жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика факультетин бүтүрүп, “Кыргыз Туусуна” ишке орноштум. Ага чейин эки жылдай редакцияга байма-бай каттап, аздыр-көптүр материал даярдап, редакциянын иш-чараларынан калбай катышып жүргөндүктөн, жамаат менен бат эле камыр-жумур болуп кеттим.
Ушул куттуу редакциядан өзүмдү журналист катары калыптандырдым десем болот. Гезиттин жумушу аркылуу акын, жазуучу, илимпоз, окумуштуу, ырчы-чоорчулар менен жакындан таанышып, алар менен бетме-бет отуруп маектеш болгонума кубанам. Мамлекет башчылары менен бирге иш сапарларда болгонум чоң сыймык жаратпай койбойт.
“Кыргыз Туусу” аркылуу кезиктирген адамдардын бардыгынан жашоомо сабак, турмуштук тажрыйба алдым. “Кыргыз Туусунда” иштеп жүрүп үй-бүлө курдум, эне болдум.
Анара АРЗЫБАЙ кызы
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк…
“Кыргыз Туусу” экөөбүз бири-бирибизди колдоп-сүйөп, бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп келатканыбызга быйыл чейрек кылым болду. Албетте, ал ортодо “Кыргыз Туусунан” төрт жолу кетип, 2016-жылы бешинчи жолу келдим. Эмнеден улам кетип, эмнеден улам келгенимдин себептери кийин айтылаар.
Эң кийинки келгенимден эки ай өтпөй, балдар басма үйүнө, айлыгы 30 миң сомдук жумушка, редакторлукка чакырышты. Анда “Кыргыз Туусундагы” айлыгым болгону 8 миң сом эле. “Эки ай мурда болгондо, ойлонбой туруп кете берет элем. Келгениме 2 ай болбой, кайра кетсем, бул жактагылар мени түшүнбөй калат го” деп, басма ээлерине ыраазычылыгымды айтып, сылык баш тарттым. Азыр уксам аердегилердин айлыгы 70-80 миң сомго жетип калыптыр. Басма үйүндө иштегендер үчүн жер алып, үй салып жатабыз дегендей болгон ошондо. Ортодон он жылдай өттү. “Кыргыз Туусундагы” айлыгым дагы эле 30 миңге жете элек – 20 миң сом.
30 миң сом айлык алган мезгилдер деле болгон. Арийне, бирок ошол айлык деле жетчү эмес. “Кыргыз Туусунда” 8 миң сом айлык менен 80 миң сом айлык алган кишидей бапыраңдап жашадым.
“Кыргыз Туусунда” жүрүп, адабий сынга аралаштым. Атым таанылды. Эгер басмага кетсем, айлыгым чоң болмок, бирок ким билет, бир сап да адабий этюд жазмак эместирмин.
Эң башкысы, кыйын күндөрдө “Кыргыз Туусун” таштап кеткен жокмун. “Кыргыз Туусу” да мени башкага ыраа көрбөдү көрүнөт.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ
“Кыргыз Туусунун” кызматкери болгонума кубанам
2005-жылдан тарта туура 10 жыл «Жаңы Кылым”, “КТР-Обо”, “Агым”, “Жаңы Агым”, “Де Факто” гезиттеринде иштедим. Ортодо журналистикадан көңүлүм кайт болуп, бир чети ошол кездеги бийликтин саясатына ичим чыкпай 2015-жылы башка чөйрөгө кеттим. Беш жыл ичинде ары урундум, бери урундум. Көр оокаттын айынан дүкөн да иштеттим. Соодада жүргөнүмдө “Кыргыз Туусунун” башкы редакторунун орун басары Мырзакат Тыналиев басылмага ишке чакырып калды. Жаңыдан баштап алган ишимди таштай албай, анын үстүнө кайра журналистикага кайткым келбей ал сунуштан баш тарттым. Арадан билинбей беш жыл өттү. Коомдогу оң-тетири окуяларга кайдыгер карай албай көнүп алганым мени кайра журналистикага тартып туруп алды.
Ошентип 2020-жылдын башы менен “Кыргыз Туусу” гезитине келдим. Редактор Эрнис Балбаков, орун басары Мырзакат Тыналиев, көп жылдык тажрыйбасы бар журналист Нарынкүл Назаралиева жылуу тосуп алышып, мени ишке алышты. Ошондон тарта “Кыргыз Туусунда” эмгектенип, журналистикалык кулачым, кесиптик чөйрөм дагы кеңейди. Көптөгөн тилектештер менен бирге эле акыйкаттык издейм деп “душмандарды” да таптым. Жамааттагы жакшы адамдарга, сагынып калган кесибиме кайра байландым.
Эң башкысы, элибиздин тун гезити “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдык мааракесинде бул басылманын кызматкери болуп отурам. Улуу тарыхты камтыган гезиттин урунттуу учурунда кышын кынашып жатканыма, жаманбы, жакшыбы анын архивинде изим, жазгандарым калып жатканына кубанам. Тун гезитибиз кыйырга таанылып, кыргызга мындан ары да кызмат кыла берет деп ишенем.
Мелис СОВЕТ уулу
Гезитибиздин дизайнери Жеңишкүл Осмонкулова 18 жылдан бери ушул сүйгөн гезитинде иштеп келет. Бул жылдардагы гезиттин ар бир санын шөкөттөп, көркөмдөп, окумдуулугун арттырууда анын эмгеги тоодой. Ушул жылдарда “Кыргыз Туусу” салабаттуу чыгышынан, салттуу, нарктуу кебинен тайбай келатса, биздин Жеңишибиз да бир калыптагы мүнөзүнөн жаза элек. Эрте келип кеч кетмей, кээде түн ортосуна чейин калмай гезитчилер үчүн көндүм иш. Жеңиш Осмонкулова дизайнер катары республикабыздагы эң мыкты чеберлердин бири деп айта алабыз.
Мамлекеттик мекеме катары “Кыргыз Туусунда” кадрлар, алар тууралуу документтер тиешелүү мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Бул иштерди 12 жылдан бери кынтыксыз аткарып келе жаткан кызматкерибиз, кадрлар бөлүмүнүн башчысы – Жылдыз Сүйүналиева. Жылдызыбызга ар тарапка кат жөнөтүү, аларга жооп уюштуруу, мамлекеттик мекемелер менен расмий кат алышуу сыяктуу жумуштарды да жүктөп койгонбуз. Талыкпаган тажрыйбалуу кызматкерибиз бул ишти да ойдогудай аткарууда.
“Кыргыз Туусунун” сайтынын редактору, белдүү кызматкерибиз Наргиза Козубаева азыр эмгек эргүүсүндө жүрөт. Ал “Кыргыз Туусунун” сайтынын өз окурмандарын таап, интернет айдыңынында өз ордун табышына чоң салым
кошту.
Ар бир мекеме улуу-кичүү муундан турат. Айрыкча, алдыга умтулган, келечекке кенен караган жаш кызматкерлердин болушу, кандай гана жамаат болбосун, көркүн ачары шексиз. Редакциянын коммерция бөлүмүнүн башчысы Эльвира Алемсейитованын кесиби журналист болсо да, шыгына карап коммерция бөлүмүн жетектөөнү тапшырганбыз. Бул бөлүмдүн иши оор, айрыкча тактыкты, мыкты котормочулукту талап кылат. Анткени, орус тилинде келген кээ бир материалдарды так, даана которуп жарыялабасаң болбойт. “Кыргыз Туусунун” кызы Эльвира Алемсейитова бул иштерди жоопкерчилик менен алып барууда.
Эмгек китепчемдин биринчи мөөрү…
Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинин 2-курсунда окуп жүргөндө “Алиби” гезитине практикага баргам. Ал жакта бир жылдан ашык практикада жүрүп, аталган гезит жабылган соң, маалыматтык сайттарда иштедим. Өзүм 2018-жылы “Жеке ишкер” деген күбөлүк алып, сайт иштетип жүрдүм.
2024-жылдын август айында “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеген Наргиза Козубаева эженин чакыруусу менен бул гезитке жумушка келип калдым. Эмгек китепчемдин биринчи мөөрү “Кыргыз Туусу” гезитинен башталганына кубанычтамын.
Султан АМАНБАЕВ
“Кыргыз Туусунан» башталган жол
Биздин окуу жайда медиалардын чыгарган материалдарына контент-анализ кылууга тапшырмалар берилип турчу. Ал аркылуу изилдөөгө алынган жалпыга маалымдоо каражаттары кайсы жанрга, темаларга басым жасаарын аныктап алчубуз. Ошол кездерден тартып эле “Кыргыз Туу-сунун” көбүнчө олуттуу темаларда макалаларды чыгарганын байкачумун.
Албетте, учурда видеосюжеттер, же болбосо кыска кабарлар салыштырмалуу тез жайылат десек болот. Бирок жазма журналистиканы жакшы өздөштүрмөйүн, башка материалдарды дагы сапаттуу жасоо оор деп ойлойм. Ошондуктан, биринчи орунда аналитикалык макалаларды жазганга басым жасап, ошол эле учурда кабарлар, видеорепортаж ж.б биргеликте алып кеткен “Кыргыз Туусу” мен үчүн артыкчылыктуу болгон. Андыктан көңүлүм сүйүп, жүрөгүм тартып дегендей “Кыргыз Туусуна” келип калдым. Журналистикадагы жолум “Кыргыз Туусунан” башталганына чексиз кубанычтамын.
Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА