1958-жылдын 15-августу
Бул күнү “Кызыл Кыргызстандан” “Советтик Кыргызстанга” айланганына эки жылдын жүзү болгон гезит 10 миңинчи саны жарыкка чыкканын өзгөчө окуя катары белгилеп, ага атайын сан арнаган. Биринчи бетине көптөгөн майрамдык куттуктоолор, гезит кызматкерлерин, жумушчу — айылдык кабарчыларын жана авторлорун Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы жана Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө Указ жарыяланган. Сыйлангандардын саны 63.
Жарым кылымдан ашык үй архивинде тумардай сактап, мындан он беш жыл илгери мага жайып көрсөтүп, анан кызыгып калганымды байкап “ишиңе керек” деп ак дилден тартуу кылган элеси жүрөктөн өчпөс ыраматылык Күлүйпа Кондучалова эженин ушул кымбат белеги мени ар убак көп ойго салып, тарыхтан сыр ачкан чоң сөздүн илме жибиндей биринчи кезекте “Биз ким элек, ким болдук?” деген турмуштук суроого кабылтат.
Мезгил чеги 1950-жылдар соңу болсо да, ошондо эле кыргыз Совет доорунда баскан жол, улутту жаңырткан өзгөрүп-өсүш кадамдары, анын ичинде тарыхы болгону 1924-жылдын 7-ноябрынан башталган улуттук басма сөздүн телчигип, канат жаюусу ар бир кыргызды ал жолго кылчая каратып: “Ырасында эле, биз ким элек, ким болдук?” – деп таңдана суроо салууга жеңиштер шаңын берген. Маданият, адабият майданын эле алсак, анда тоолук журт өнөр-сөз бийиктигин белгилеп Москвада өтүүчү II Декадага кызуу даярданып жаткан кез болгон. Декада ачыларына туура эки ай убакыт калып, Күлүйпа эже да ошондо даярдык ишине маданият министри эмес, а рес-публиканын өкмөт башчысынын мада-ниятты тейлеген орун басары катары жанын төрт бөлүп жалпы жетекчилик кылып жүргөн…
Тургунбек Суванбердиев редактору болгон гезиттин 10 миңинчи санында Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков юбилейди “Даңктуу жол” деген макаласы менен агынан жарыла куттуктап, качандыр Ала-Тоо койнуна чектелүү тараган “Эркин Тоо” арадан 34 жыл өткөндө нускасын 60 миңге жеткирип, анын заман менен тең баскан, максаттан максат көздөгөн тарыхка сыймыктуу салттарын “Советтик Кыргызстан” татыктуу улантып жатканын конкреттүү мисал-фактылар менен ырастаган.
Ушул эле санда: гезиттин эски кызматкерлери жана анын ишине учурда да жигердүү катышкан авторлор катары сүрөттөрү тизмектүү басылган – эмгек-өнөрдөн өзүнчө легендадай тагдырлаш адамдар: Аалы Токомбаев, Мукамбет Дөгдүров, Темиркул Үмөталиев, Курмангали Каракеев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамасалы Абдукаримов, Саткын Сасыкбаев, Касымалы Баялинов, Абдрасул Токтомушев..
Сүрөттөр тизмеги мезгил-жылдарды жашырган кызык тарыхтын чык-чык каккан саатын эстетип, сыр көшөгөсүн түрүп, ал көшөгө артынан “Октябрдын келген кези” деген ыры “Эркин Тоонун” №1 санына жарыялануу менен акындык бактысы ачылган Аалы акындын юбилейге арналып – жазуу датасы “1958-жыл, 1-август” деп көрсөтүлгөн “Туңгучтун төрөлүшү” деген көлөмдүү ыры – көңүлдө өчпөс элести, тун гезит перзенттей үн берген өчпөс учурду кайра бир тирилтип, ал күн азыр болуп жаткандай замандаш окурмандарды топ кылып ээрчитип алыскы Ташкендин күзгү көчөсүнө алпарат.
Чынында, репортаж сыяктуу жазылган бул ырды толкундабай, андагы кырчын тал – 20 жаштагы акындын теңдешсиз жүрөк майрамын тең бөлүшпөй окууга мүмкүн эмес. Айрым саптарын мисал кылалы:
…Ноябрдын жетиси эле, Ташкенде.
Эрип кетти түндө түшкөн кыламык.
Трамвайдын таштак жолун айтпасак:
Көчөлөрдүн көбү баткак – буламык.
Киоска жок, балдар, чалдар газетти,
Сатаар эле көтөрүшүп, кыйкырып.
Ободогу карлыгачтай – чиймелеп,
Зыпылдашат, “газет-газет!” кыйкырык…
Ошол кезде торсоңдогон үч бала,
Чың-чың этип, кыйкырышат кайталап,
Ооздоруна созулма “О” биринчи —
Түшсө керек… араң эле айталат.
“Иркин то-о”, “Иркин то-о” алгыла!” —
Так түшүнбөй, карап калдык алайып.
Жете келген эңиш далы газетчи,
Жымың этти: “Тыңшагыла, калайык!
Бактыбызга бүгүн гана төрөлдү,
Жаңы газет, кара-кыргыз тилинде!,
Эркин элдин өз тилинде “Эркин Тоо”,
Кана жаштар, умтулгула билимге!”
Дене чымырайт, кандай ысык сүйүнчү!
Жүрөгүбүз экиленип туйлады.
Ач жөжөдөй талап ийдик газетти,
Бир карыя “көрдүм ээ?!” деп ыйлады..
Туңгуч газет так ушинтип төрөлгөн,
Элжиретип элибиздин жүрөгүн..
Байкаңызчы: ырда сүйүнчүлөп гезит тараткан “торсоңдогон үч бала” жөнүндө сөз болуп жатат. Алар кимдер? Мындай карасаң, аны тактоо эч деле зарыл эместей – тек гана поэтикалык штрих. Бирок, кызыккан билип, иликтеген, ачкан тарых сырынын жылга баш ийбес, турмуш көөнөртпөс чындык күчүн кара, ынтызарлана тактасак: ошол “торсоңдогон үч баланын” бири, аларга “башчы” болуп, берки экөө тили келе албай — өзбекче “Иркин то-о!”, “Иркин то-о” деп кыйкырса, өзү таптаза кыргызча: “Эркин Тоо”! “,” кара кыргыздын биринчи гезити “Эркин Тоону” алгыла!” – деп кыйкырган өспүрүм бала – ушул юбилейлик санда гезиттин эски кызматкери деп сүрөтү менен тааныштырылган белгилүү журналист-жазуучу, устат котормочу, кийин эгемендүүлүк келгенде Кыргыз эл жазуучусу болгон Мамасалы Абдукаримов болуп
чыкты!
Көрсө, ошондо 14 жаштагы Мамасалы ата Ташкендеги балдар үйүндө тарбияланып, андан ал жердеги казак-кыргыз агартуу институтуна окууга өтүп, “Эркин Тоонун” алгачкы саны чыкканда, ага ошол атты коюп, бет ачар макаласын жазган Ишеналы Арабаев, редактору Осмонкул Алиев, жооптуу катчысы Сыдык Карачев, корректору Мустапа Акматов, көчүрүп жазгычы Кусеин Карасаев атайы чакыртып алып: “Баланын колу – периште колу, тарыхта биринчи кыргызча гезитти сен тарат, боосу бек, жолу узун болсун деп бекер тарат, антсең, гезит келечегине ырым болот!” – деп катуу табыштап, жанына дагы эки өзбек баланы кошуп, боёк жыты кургай элек таңгак-таңгак нусканы эшек арабага жүктөп берип, Октябрь майрамына арналып демонстрация өтүүчү Ташкендин чоң көчөсүнө узатышкан экен..
10 миңинчи сандагы, кара сөздүн ашкан чебери Касымалы Жантөшевдин ошол “Эркин Тоо” төрөлгөн 1924-жылы күздө Ташкенге кантип барып, эне тилдеги төл басылманы кантип колуна алганын баяндаган “Эстен кеткис кубаныч” деген эскерүүсү эч кимди кайдыгер калтырбайт. Ошондон бир үзүм:
“…1924-жылдын күзүндө жездемин атын уурдап минип, окууга качтым; атты Пишпек базарында 55 сомго сатып, товарный поездге түшүп алып, Ташкентке бардым. Бирок окууга кире албай бир айдан ашык сандалдым. Колдо развёрстка жок, колдогон кишилер чамалуу, алардын колунан эчтеме келбеди. Акырында, окуу эмес, жатууга жай таппай, Казак-Кыргыз институтунун маңдайындагы “Кауфман багы” деген бактын арасында скамейкага эки түнөп таң атырганымда…институттун чоң эшиги жактан “мага, мага” деген эле катуу чуу чыкты. Чуу аябай күч алды.
Бүкүлү бойдон как тактайга жаткан жаным ошол чууга карай жүгүрдү.
Чуу чыгаргандардын карааны отуздай эле, мен делдейип отуруп жеткиче жүздөн ашып кетти, алардын көпчүлүгү турсийчен, штанчан, кай бири шымчан… бардыгы үймөлөктөшүп, кимдир бирөөнү талап жаткандай топ ичинен булактатып газета сууруп чыгып жатышат.
Додого жетпей четтен бакыргандар, жаңы келип жаткандар тиги топтон газета алып чыккандарды тегеректешет.
“Ойбай, бизге биреүн… кыргыз туусканыбызбын газетасы калай шыкканын керейик” дешип казак жигиттери да топко карай жулунуп кол сунушат…
Газета кармаган колум ысыйт…
Кокус бирөө жула качабы деген кооп менен газетаны койнума катып алып, өзүм үйрөнүшкөн “Кауфман багына” карай жөнөдүм.
Кандай окудум!.. Баш көтөрбөй… тамак ичүүнү ойлобой…”
Айтылуу “Каныбектин” авторунун кийин өмүр бою окурманы да, дайым жазганы кызык автору да болгон ак жолдуу төл башы гезиттин сүйүнчү саны менен алгач кездешүүсү ушундай өткөн экен.
Тарыхтын жылдыздай жылт эткен ирмемдери…
Сан түр окуя, таржымал, фактылар айлампасында аларга жан салган сан түр адамдар тагдырлары…
Саамга мезгил аярлап, чоң тарых дем алып жаткандай таасир калтырган, андагы басма шартында жакшы жасалгаланып, журналисттик чеберчиликтин жогорку деңгээлинде чыккан 10 миңинчи сан өз турушунда ушул азыр да өткөндү жарык ачкан бир бүтүн кең алкагы менен таңдандырып, ар бир бет, ар бир макала-ыр, ар бир сүрөт, атүгүл ар бир тамгадан тарых жараткан, келечек эртеңге максаттуу караган замандаш адамдар тагдырлары жүрөктөй дүк-дүк кагып турат. Болгону эки-үч сап менен берилип, баамчыл журналист ишине чоң тема болуучу маалымат “чыргасы” четтен…
Маселен, гезит майрамына карата республика Жогорку Советинин Грамотасы менен сыйлангандардын ичинде “Советтик Кыргызстандын” стенографистка-машинисткасы Марзия Камалова да бар. Өзүн көрбөсөк да, атын мурда бир жерден уккандай бул эже ким? Иликтей келгенде, ал киши согушка чейин “Кызыл Кыргызстанда” бөлүм башчы болуп иштеп, майданга 1942-жылы аскер кабарчысы болуп кетип, ошол бойдон кайтпай калган Кулдаш Асанов деген журналисттин жары, өмүрдө аз жашаса да, кыргыздын таланттуу кызы катары Союздук кинодо таанылган атактуу режиссер Динара Асанованын апасы болуп чыкты. Демек, бармактайынан апасы иштеген редакциянын короосунда ойноп, анын бака-шакага кошумча машинка үнү тынбай угулуп, дайым кагаз жыттанган, боёк жыттанган бөлмөлөрүн аралап чоңойгон Динара эженин “бала бакча” – “төркүнү” да – куттуу улуттук гезит!
100 жылдыгын белгилеп жаткан “Кыргыз Туусунун” майрамында эс тутум атынан айтып коюучу кыска сөз ушул.
Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери