Кыргыз элинин тун гезити «Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезитинин чыкканына 100 жыл болду. Бир кылымдык тарыхында кыргыз мамлекети ар кандай оош кыйыштарды башынан өткөрүп, учурда өз алдынча эгемендүү өлкө болуп турган кези. 100 жылдык мааракебизди утурлай мамлекеттик жана коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору Абдыганы ЭРКЕБАЕВди кепке тарттык.
– Абдыганы агай, мына быйыл Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө жана азыркы «Кыргыз Туусу”, абалкы “Эркин Тоо” гезитине туура бир кылым болуп отурат. “Эркин Тоонун 1924-1927-жылдары чыккан сандарын карап, урунттуу жерлерин кирилицага түшүрүп чыккан экенсиз. Ошол сандарында сизди катуу таасирленткен эмне болду эле?
– Албетте, бизде быйыл Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө жана анын үзүрү катары тунгуч гезитибиз “Эркин Тоонун” (“Кыргыз Туусу”) чыкканына жүз жыл болуп отурганына абдан кубанычтамын. Мен бала кезде бул гезит “Советтик Кыргызстан” аталчу. Советтик доордо калыптанган көз караш туура эмес экенине көзүм жеткенден кийин Москванын жанындагы Химки шаарында жайгашкан Ленин атындагы борбордук китепканасынын филиалына барып “Эркин Тоонун” арап ариби менен басылган нускаларынын баарын карап чыккам. Жөн эле карабастан анын библиографиясын да түзгөм. Ар кандай мамлекеттик кызматтарда жүрүп аны китеп кылып чыгара албай калдым. Ал азыр да өздүк архивимде турат.
Ошону менен бирге эле “Ленинчил жаш”, “Коммунист”, “Жаңы маданият жолунда”, “Чабуул” журналдарын, “Слово Кыргызстана” гезитинин алгачкы нускаларын да окуп чыккам. Керектүү материалдарды араб, латын арибинен кирилицага көчүргөм. Андан сырткары Касым Тыныстановдун араб арибинде 1925-жылы чыккан “Касым ырларынын жыйнагын”, ошол жылы ал орусчадан которгон “Өзгөрүш ырларын”, кыргыз жаш акындарынын “Кызыл гүл” аттуу биринчи ырлар жыйнагын, Боогачынын “Күйгөн”, “Секетбай” ыр китепчелерин да кириллицага которуп көчүрүп чыккам. Кийин аларды “Социализм шартында жаңы жазма ада-бияттын калыптанышы” деген кандидаттык ишимде колдонгом. Кыскасы, “Эркин Тоонун” тарыхын убагында жакшы иликтегем.
– Адабиятчы, сынчы катары айтсаңыз, “Кыргыз Туусу” гезитинин кыргыз адабий тилин калыптандыруудагы ролу кандай болду?
– Бизде басма иши 1926-жылы ачылган. Башында жогоруда айткан гезит, журналдар чыкса, кийин Касым Тыныстановдун, Эшеналы Арабаевдин кыргыз тили боюнча чыгарган эмгектери биздин адабий тилибиздин негизин, пайдубалын түптөгөн. Ошондон ушул күнгө чейин расмий болобу, жеке менчик гезиттер болобу тарыхый кызматтарын жакшы аткарып жатат. Адабият боюнча кыргыздын биринчи сынчысы Токчоро Жолдошевдин 1926-27-жылдары “Кооз адабиятыбыз жана акын, жазуучуларыбыз” деген макалалар сеириясы алгач араб, кийин латын ариби менен чыккан. Ал дагы Касым Тыныстанов “Келгин” деген ылакап ат менен чыккандай “Кара Булак” деген ылакап ат менен жарыяланып турган. Көрсө Т.Жолдошев Кемин районунун Кара-Булак деген айылынан экен. Мына ушинтип “Кыргыз Туусу” (“Эркин Тоо”) гезитинде далай акын, жазуучуларыбыздын киндиги кесилип, ал кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө даңгыр жол болуп берген.
– Гезит менен кызматташып жүрүп улуу акын, жазуучулар, “Кыргыз Туусунун” өнүп-өсүшүнө салым кошкон инсандар менен да ымалалашып калсаңыз керек? Ошондой инсандар менен болгон кызыктуу окуядан айтып
берсеңиз…
– Студент кезимде менин бир топ макалаларымды “Советтик Кыргызстан” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин бөлүм башчысы Кымбатбек Укаев деген белгилүү сынчы чыгарып турду. Ал абдан сөзгө чебер, куйкум сөздүү, алибеттүү киши эле. Ал киши менен, Бекбай Алыкулов, Эсенбай Нурушев, кийин Тилектеш Ишемкулов менен жакшы кызматташып жүрдүм. Абдиламит Матисаков, Эсенбай Калдаров, Жаныбек Турсунов менен иштешип калдым. Раматылык Шерназар Шүкүров, фотокабарчы Шекербек Сартов менен да “Жеңиш” аянтындагы чайканада чайлашып калчу элек. Андан сырткары “Кыргыз Туусунун” кабарчылары, башка редакторлору менен да жакшы мамиледе болдум.
– Быйыл минтип Кара кыргыз автономиялуу облусунун, башкача айтканда, кыргыз мамлекетинин түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы болуп отурат. Совет доорундагы, андан кийинки эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз тарыхынын жазылбай жатышынын себептери эмнеде деп ойлойсуз?
– Такыр жазылбай калды дегенде болбойт. Бирок, жеткиликтүү болбой жатканына өкүнөм. Айрыкча, кыргыз журналистикасынын тарыхы терең, кылдат изилденбей жатат. Убагында ушуну колго алайын дегем, тилекке каршы, ар кандай мамлекеттик кызматтарда жүрүп кол тийбей калды. Ошентсе да быйыл “Кыргыз Туусу” редакциясы гезиттин алгачкы сандары, аларды чыгарган инсандар тууралуу жакшы материалдарды чыгарып, алгылыктуу иш жасап жатасыңар. Деген менен ырааттуу, өйдө-ылдыйы, жакшы жактары менен кемчиликтерин, көйгөйлөрүн да камтыган чоң изилдөөлөр жок. Ачык айтайын азыр журналистика факультети дээрлик бардык ЖОЖдордо болгону менен сапаттуу, катарынан суурулуп чыккан жаш журналисттер саналуу болуп жатат. Ошондой эле журналистика тармагы качан, кайда пайда болуп, кантип өнүккөнү тууралуу кыргыз тилинде көлөмдүү эмгектердин жоктугу өкүндүрөт. Бирок, келечекте мындай эмгектерди жазгандар чыгар деп үмүттөнөм. Мисалы, жакында эле “Кыргыз Туусуна” Папан Дүйшөнбаевдин, Улан Эшматовдун жакшы макалалары чыкты. Ошолорду дагы кеңейтип, ыраатка салып жазгандар тилекке каршы азыр жок.
– Азыр санариптештирүү доору болгондуктан кагаз документтердин бардыгы электрондоштурулуп жатат. Дагы жүз жылдан кийин баалуу тарыхый булактарыбыздан кол жууп калбайбызбы?
– Бул кооптонууну да мен туура түшүнөм. Санариптештирүү менен бирге эле азыр жасалма интеллект деген чыгып, роботтор музыка, чыгарма жаратып жатышат. Бул тээ 1970-жылдары башталып, мен бул боюнча бир топ илимий эмгектерге кызыгып окуп көргөм. Ошол кезде эле бир эле журналистика эмес искусствону, музыканы жана башкаларды да жасалма интеллекттин тилине салуу аракеттери болгон. Азыр болсо баарын жасалма интеллект башкарып кетсе адам өзү эмне болот деген кооптонуулар чыгып жатат. Ошондуктан жанагы Улан Эшматовдун Япония, Америка, Британия тууралуу жазгандары да туура. Жазма адабият чыкпай калат деген боолгоолор кино, радио, телевидение, компьютер чыкканда да болуп турган. Азыр баарын интернет каптап жатат. Бирок, 19-20-кылымды эске алганда адамдын акыл-эси эч качан жок болбойт. Анын ичинде басма сөз, жазма да эч качан жок болуп кетпейт.
-Мындан ары улуттук басылма болушу керекпи же интернет заманында анын анчалык зарылчылыгы жокпу?
– Мен мындай көз караштарга караманча каршымын. Эл барда, улут барда, эне тилибиз барда биз ар кайсы формаларды колдоно беребиз. Элдин өсүп-өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берген маалымат каражаттарынын катарында жазмабыз, басма сөзүбүз да кала берет. Кыргыз барда өзүнүн тун басмасын эч унутпайт.
Биринчиден, гезитибиздин 100 жылга чыгып жатканынын өзү чоң сыймык. Себеби, эгемендик жылдарында Басма сөз министри болуп туруп жеке менчик гезиттер – Замира Сыдыкованын “Республикасын”, “Асаба”, “Аалам”, “Кыргыз Руху” гезиттерин өзүм демилгечи болуп каттагам. Алар менен катар расмий “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери кыйынчылыктарга карабай бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат. Убагында биз элдин турмушу, социалдык абалы, экономика деп жүрүп руханий чөйрөгө, маданиятка, илимге, анын ичинде басма сөзгө да олуттуу көңүл бура алган эмеспиз. Азыр да ошол көндүм иш уланып жатат. Болбосо, расмий гезит болгондон кийин ушул үч басылманы өкмөт колдон келишинче каржылап, шарттарын түзүп берсе жакшы болмок. Айталы, Россияда парламенттик, мамлекеттик гезиттер, ошондой эле “Российская газета” көп нускада чыгып жатат. Казакстан менен Өзбекстанда деле мамлекеттик басылмаларга өкмөт кошумча каражат берип, турган имараттарынан бери жаңылап, шарттарын түзүп бериптир. Албетте, биз бул өлкөлөрдөй бай эмеспиз. Ошентсе да азыркы бийлик керектүү деңгээлде колдоо көрсөтүп турушу керек.
– Жакында эле өздүк фондуңуздагы архивдик документтерди мамлекеттик архивге өткөрүп бердиңиз. Кагаз түрүндөгү архивдик документтерди кантип сактап калсак болот?
– Убагында баарыбыз СССРде жашап көнүп калгандыктан капиталисттик өлкөлөрдө андай болбойт деп ойлочумун. Биринчи жолу 1991-жылы Америкага барып архивдик имаратын, Жогорку соттун имаратын көрүп абдан суктандым. Бизде болсо мамлекеттик архивибиз качанкы бир эски, шарты жок имаратта турат. Турдакун Усубалиевдин убагында Жеңиш аянтынын жанында алты кабат архивдик имарат курулуп бүтпөй калган экен. Өкмөттө иштеп турганымда аны барып көрүп, бүтүрүп коюш керек экен деген жакшы ойдо болгом. Каражаттын жетишсиздигинен ал бүтпөй калды. А мен жеке документтеримди өткөргөн саясий документтер архивинин деле акыбалы анча жакшы эмес экен. А негизи архив деген мамлекеттин, элдин эс тутуму. Ошон үчүн санариптештирүү, компьютерлештирүүдөн мурда архивдик документтер сакталган жайдын шарттарын эске алуубуз кажет. Өкмөттүк гезиттердей эле архивди да мамлекет камкордукка алышы керек.
– Кыргыз мамлекетинин кылымдык юбилейинде элге кандай каалоо тилек айтар элеңиз?
– Адам колунан келишинче адилет, калыс болушу керек. Ушул мааниде мен эки нерсени колдобойм. Биринчиден, биз өнүгүп-өсүп, гүлдөп жатабыз деп ашыра мактана берүү чекилик болот. Экинчиден, эгемендүүлүк жылдарында эч нерсебиз жок отуруп калганбыз, эми гана жыргай баштадык деген пикир да туура эмес. Тарыхка тарых кандай болсо ага ошондой мамиле кылышыбыз керек. Албетте, жакшы жактарыбыз болду, ошону менен бирге оорчулуктар, кемчиликтер да болду. Бир кездеги көйгөйлөр азыр деле бар. Себеби, адам бар жерде сөзсүз көйгөй да болот. Турумуш алдыга жылган сайын улам бир башкача көйгөй, маселе чыга берет. Ушул жагынан алганда Кудайга шүгүр, кыргыз мамлекети канчалык кыйынчылыктарды башынан кечирип, чек арабызда канчалаган кан төгүлүүлөр болгонуна карабастан Кыргызстан деген мекенибизди сактап келе жатабыз. Бул үчүн элге, бийликтерге да рахмат айтышыбыз керек.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”