2008-жылы Кусеин Карасаевдин байбичеси Айша Карасаева менен жолуккан кезде тунгуч гезиттин кантип чыгарылганы тууралуу “атаңар Кусеин Карасаевдин жазган эскерүүсү бар, тарых үчүн керек” деп машинкага басылган көлөмдүү макаланы берди эле. Аны учурунда гезитке кыскача жарыялаганбыз. Бүгүн гезиттин 100 жылдыгында чыгаан илимпоз, академик, “Эркин Тоону” чыгаруунун башатында тургандардын бири Кусеин Карасаевдин эскерүүсүнүн урунттуу жерлерин кененирээк берүүнүн оролу келип турган учуру. Мударистин баяндоосу тунгуч гезитти чыгаруу түйшүгү менен милдети канчалык оор болгонун көз алдыга даана тартат.
Тунгуч гезиттин биринчи санынын чыгышы
“… 1924-жылы жазында кыргыз алфавитинин составын карап чыктык. Араб алфавитинен 25 тамга кабыл алдык. Мына ошол 25 тамга менен кыргыз элинин тунгуч газетасы – “Эркин Тоону” бастырып чыгаруу-га даярдык жүргүзүлдү. Ал кезде буга өтө ишкердик менен катышкандар: Э.Арабаев, К.Тыныстанов, Б.Данияров болчу. Ошол кезде мен Казак Педагогия институтунун жогорку курстарында окуй тургамын. Алфавит кабыл алууда мени да катыштырып, жакын арада чыга турган “Эркин Тоо” газетасына көчүрмөчү кылмак болушту. Алфавиттин саны белгиленген соң, ошол алфавит боюнча кыргыз тилинде жазып машыгууну мага милдеттендиришти. (Ал кезде биз казак тилинде сүйлөп, казак орфографиясы менен жазар элек). Ошондон кийин бат эле, жаңылбасам күз айларында, “Эркин Тоо” газетасына кызматчылар изделип, басма сөз жагынан кабары бар адамдар жыйнала баштады. Редакторлукка Алиев Осмонкул дайындалды. Жазуучу Сыдык Карачев – газетага катчы болуп бекитилди. Аны атайын Караколдон чакыртып келишти. Салихов Мурат котормочу болду. Мен көчүрмөчү корректор болдум.
1924-жылы партия менен өкмөттүн чечими боюнча Орто Азиядагы элдердин чектери ажыралып, ар кимиси өзүнчө бөлүндү. Мурун бардыгы Туркестан республикасы деп аталып келген эле. Кыргыз дагы өзүнчө адегенде Автономиялуу кара кыргыз облусу деп аталды. Облустук партия комитетинин Облустук аткаруу комитетинин тили болуп, “Эркин Тоо” газетасы 1924-жылы 7-ноябрда жарыкка чыкты. Бул мезгилге чейин нукуру кыргыз тилинде газета чыккан эмес. Айрым жазуучулар гана өзүнүн чыгармаларын казак тилинде, татар тилинде чыккан газеталарга бастырып келишкен. Бардыгы бир республика болуп турган кезде айрым газеталар, журналдар “казак, кыргыз тилинде чыгат” деп айтылгандары болгон. Бирок негизинен казак тилинде гана чыкчу. Ал эми аларга кыргыздар жазган макалалар, кабарлар, очерктер, повесттер негизинен кыргыз тилинде чыгып келди. Бирок редакторлор, корректор казак же татар болгондуктан, айрым сөздөрү казактыкына же татардыкына окшоп калар эле. Анын үстүнө 1924-жылга чейин кыргыз тилинде жазган айрым кыргыздардын өздөрү да же казакча, же татарча окугандыктан, ошол элдин сөздөрүн, орфография-сын эрксизден колдонушкан. Бул, албетте, табигый иш.
“Эркин Тоо” газетасы оңой-олтоң эле чыга калган жок. Мурунтан бери басмада иштеген, газета чыгаруу иштерине катышкан бир да кыргыз адамы болгон эмес. Айрым кыргыз азаматтары казак же башка тилдерде чыккан газета-журналдарга макала жазганы болбосо, өздөрү типографиянын жанына барбаптыр. Кыскасы , бул жагынан ошол учурда кыргыз эли кур алакан болчу. Жогорку окуу жайын бүтүргөн жаштар да жок болчу. Жалгыз гана Осмонкул Алиев мурунку жылы казак-кыргыз инпросун бүтүргөн. Ал – жогорку окуу жайы эмес болчу.
Зарлап күтүшкөн
Кыргыздын өз эне тилинде газета чыгат деген үч уктаса түшкө кирген иш эмес. “Качан өз эне тилибизде китеп чыгар экен, качан биз да эл катарына кошулабыз” деп, 1911-жылдары чыккан китептердин автору башкы сөзүнө зарлаганы, кыргыз элинин нечен кылымдан бери көксөгөнү мына эми биринчи жолу иш жүзүнө ашканы отурат. Ошол кезде казак тилинде, өзбек тилинде, татар тилинде окуп жүргөн жаштар “биздин тилде да гезит, журнал, китеп чыгар күн туулар бекен!” деген тилек, мүдөө ар кимисин көксөтөр эле. Башка тилде окуп жүргөн кезде ошол тилдин өкүлдөрү көтөрүлбөй, мактанбай да койбойт экен. Мына ошондон улам улуттук сезим күч алат окшойт. Өз тилинде окуу иштеринин жүргүзүлүшүн, өз тилинде газета, журналдын чыгышын көксөйт экенсиң. Өз элиңдин, өз эне тилиңдин патриоту болот экенсиң. Ошол ишти иш жүзүнө ашырууга кичине болсо да ат салышкың келет экен.
Бул өңдүү ойлорду, тилектерди турмуштун өзү туудурат экен. Ошол учурда Ташкентте окуп жүргөн жаштар көп деле эмес болчу. Кыргыз облусу бөлүнөр мезгилде иш башында жүргөндөр: Эшенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Турдаалы Токбаев, Ыбырай Тойчунов, Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков эле. Буларды мен көбүнчө Ташкенттен көрчүмүн. Макала жазат дегендер да ушулар болчу. Мына ушулардын тынчын алып, макала бергиле, гезит чыгарабыз деп ызылдай берчүбүз. Атка жеңил, тайга чагы мен элем. Ошондуктан мени ошолорго бар деп жумшай берер эле. Баргандан да жадачу эмесмин.
“Эркин Тоо” адегенде эле төрт бет болуп чыккан
“Эркин Тоо” газетасынын тиражы 3000 болуп чыкты. 7-ноябрь күнү Ташкендин таштуу көчөсүндө элдин баары демонстрацияда жүргөндө, жаш балдарга көтөртүп, “Кара киргизская газета “Эркин Тоо”!” деп кыйкыртып тараттык. Ошондо жүргөн кыргыз жаштары экиден-үчтөн нускасын колтугуна кысып алып, кудуңдап кубанып, бири-бирине көрсөтүп, чогулуп окуп аткандарын көргөндө, мен да ичимден жымыңдап, “ушул гезитти чыгарып аткандардын бири мен экенимди билбей турасыңар го” дегенсип кокурайып калам. “Эркин Тоонун” алгачкы сандары пулсуз бекер таратылды.
“Эркин Тоонун” тарыхый биринчи санына төмөнкүлөр басылып чыкты: “Кыргыз калкынын кедей-кембагал, батрак кызматчы азаматтарына!” деген темада редакция-нын (башкарманын) атынан баш макала басылды. “Улуу Октябрь күн” (кыргыз калкы, анын территориясы жөнүндө) деген темада Сыдык Карачев өтө көлөмдүү макала, Эшенаалы Арабай уулу “Ленин жолунда” деген темада макала, Абдыракман уулу “Кыргызда кошчу уюму” деген темада макала, Кудайкул уулу “Эрктүү кыргыз облусу” деген темада кыргыз элинин мурунку турмушу, “Өктөбүрдүн келген кези” деген темада 10 куплет ыр А.Токомбаев, булардан башка да экономика, чарба салыгы, Абдыракман уулу менен аңгеме жана кабарлар басылган. “Эркин Тоо” газетасы адагенде эле 4 бет болуп чыкты.
Улуттук сыймык түйшүктү унуттурчу
“Эркин Тоо” газетасынын алгачкы сандарын өзбек наборщиктери терди. Кыргыздан бир да наборщик жок болчу. Анын үстүнө газетага басыла турган макалаларды, кабарларды редактырлагандан кийин кол менен көчүрөбүз. Бир да машинка баса турган кыз-келин Ташкентте жок болчу. Кол менен көчүрүлгөн материалды типографияда терүү да кыйын эле. Кыргыздын тилин жакшы түшүнгөн бир да наборщик жок. Кыргыздын сөздөрүн түшүнбөй “ушунака хам сөз болар экан” деп, биздин тилибизди кордогонду угуп жүрүп, кулак да бышты. Алар менен дес талашып урушмак тургай, жалынып-жалпайып атып, материалды араң тердиребиз. Акыркы корректурасын окуп берип, чыгарууга кол коюу үчүн түн ортосу өткөнчө акыйып отурабыз. Ошол кыйынчылыктын баары бир тыйынча көрүнчү эмес. Бизге канат бүтүргөн, илгери сүйрөгөн – улуттук сыймык болчу.
Бир күнү Алиев Осмонкул экөөбүз файтонго түшүп алып, типографиядан “Эркин Тоонун” бир санынын тиражын түрмөктөп алып, файтонго салып, жаңы шаардагы “Правда востока” газетасынын экспедиция-
сына алып келдик. Осмонкул “сен ташып кирип бүктөткүн” деп кетип калды. Мен бир түрмөгүн көтөрүп кирип келе жатсам, эшиктин алдында дардайган кара киши жолугуп калып:
– Бул нема? – деп сурады.
– Кыргыздын кезити!
– Нима үчүн алып келдиң?
– Бүктөтүү үчүн.
– Ким бүклөйдү?
– Силер бүктөйсүңөр! – деп орой жооп берип койдум окшойт.
– Э бар нары! – деп, кезит-мезитим менен кучактап туруп ыргытып жиберди. Эл өтүп аткан жолго узунуман түштүм. Бир-эки кезитим айрылып да калды. Чоң папкеси бар, чоң курсак адамдын бутуна жакын жыгылдым окшойт, чочуп кетти.
– Что это такое? – деп сурады. Алиги кара киши жок болду.
– Кара киргизский гезит. Мне бил! – деп, жаман тилим менен даттанып, ыйламсырай баштадым. Иштин эмне экенин байкады окшойт. Дароо мекемеге кирип, башчысын чакыртты. Бул адам Орто Азия бүйрөсүндө жооптуу иштеги партия кызматкери экен. Экспедициянын башчысын бир топ зекип, силер бүктөп тараткыла деп буйрук берип кетти…
“Жөнөлгүн эл милдетин мойнуңа артып…”
27-ноябрдагы газетанын экинчи санына ошол кездеги “Эркин Тоо” газетасынын жооптуу катчысы.
Сыдык Карачевдин:
“Эркин Тоо”, сен элиңе сапар тартып,
Жөнөлгүн эл милдетин мойнуңа артып.
Журтуңду калың кара сен арала,
Тоо-ташты, ою-кырын көлүн чарпып.
Арала сен чабыттап канат кагып,
Жарык кыл, каралыгын чырак жагып.
Алайды Ала-Тоого жакындатып,
Элиңди боюңа тарт сүйүп, багып, – деген бир нече куплет ыры басылды.
“Эркин Тоо” газетасы эл арасына тарары менен эле жер-жерлерден макалалар, ырлар, кабарлар келе баштады.
Сыдык Карачевдин бул макаласы “Эркин Тоонун” үч жашка толгон датасына байланыштуу бир топ узун жазылган эстелик. Кыргыз элинин тунгуч басма сөзү – “Эркин Тоо” кыргыз элинин маданиятын көтөрүүдө чоң роль ойноду. Анын тили курч эле. Бетке карабастан катуу сынга алчу. 1926-жылы 12-апрелдеги санындагы “Кыргызстандагы басма сөз күнү” деген макалада “…Басма сөздүн белдүү арка сүйөнүчү кыргыз окумуштуулары жана иш башында жүргөн милдеттүү (жооптуу Х.К.) ишкерлери болот. Булар эгерде, чын кыргыз маданиятын, адабиятын көтөрөм деген ойдо болсо, басма сөз ишине чоң маани берип, колдон келгенче кыргыз жарды-жалчыларынын ушул күндөгү керектигин көз алдына келтирип, күндөгү ишинен тажрыйбасына карай түрдүү саясий, агартуу билими, ден соолук жана башка маселелер тууралуу кыргыз тилинде ар дайым китепчелерди жазып туруулары керек. Күчтү, кайратты, биримдүүлүктү: кургак сөз, кызыл кекиртектикке чыгарбай, кат жүзүндө ташка бастырып, кыргыз жарды-жалчыларына таратуу ар бир милдеттүү ишкердин, билимдүү азаматтын мойнунда болчу” деп жазылган.
Эң негизги маселе элдин сабатсыздыгын жоюу эле
“Эркин Тоо” газетасы 1927-жылдын 16-ноябрынан тартып “Кызыл Кыргызстан” деген ат менен чыга баштады. “Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстан” газетасы өзүнүн бетинен: кыргыз элинин улуттук маданияты, тили, орфографиясы, театры, искусствосу жөнүндө кеңири орун берип, анын туура өсүшүнө талыкпай камкордук көрүп келди. “Эркин Тоонун” алгачкы сандары мектептерде, окуу жайларында окуу куралы катары колдонулду. 1925-1927- жылдары Университеттин жумушчулар факультетинде окуп жаткан кыргыз жаштарына эки катарынан кыргыз тилинен сабак бердим.
“Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстандын” алгачкы сандарында кыргыз элинин жаңы тамгага өтүшү жөнүндөгү макалалар үзгүлтүксүз жарыяланып келди. Ал кезде негизги маселенин бири элдин сабатсыздыгын жоюу эле. Газетанын бетинде жаңы тамга менен сабак уюштурулуп, ошол аркылуу эмгекчилердин сабаты ачылды.
Газетанын алгачкы сандарында кыргыз элинин жаңыдан гана жазып келе жаткан акын-жазуучуларынын ырлары, очерктери тынымсыз жарыяланып келди. Ошондуктан кыргыздын акындары дайыма чексиз алкыш айтып:
Сен эл үчүн эне болдуң, ойготтуң,
Сен эрлерге терең-акыл ойлоттуң.
Сен булбулга сайрай турган үн болуп,
Сен жаштарды көкөлөттүң, ойноттуң.
Сенин алтын барагыңды биринчи,
Адабият музейине коймокмун.
А.Токомбаев
Ырдаганга үн болдуң,
Сайраганга тил болдуң.
Ала-Тоого жарашкан,
Жашыл сайма гүл болдуң.
Гүлүңдү сенин аралап,
Учуп чыккан мен болдум.
К.Маликов
Уям сенсиң учурган,
Жетилип канат кактырып.
Алтын калем карматтың,
Көңүлүмдү шат кылып.
Т.Үмөталиев
Аларга келечек алкыш айтар
“Эркин Тоо” газетасы өзүнүн өмүрүндө өтө салтанаттуу тарыхый жолдорду басып өттү. Өлчөмсүз милдеттерди аткарды. Кыргыз эмгекчилерин, айрыкча кыргыз интеллигенттерин өзүнүн жылуу кучагына тарбиялады. Аларды күрөшкө, жеңишке карай шыктандырды… Ошон үчүн сенин алгачкы сандарыңды ар бир аң-сезимдүү азамат ыйык деп санайт. Сенин тарыхый баскан жолуңду даңазалап нечен илимий эмгектер жазылат. Мен дагы кыргыз жаштарынын ак ниеттери менен катар сага бир аз эмгегимди сиңирдим. Ал эмгегим жерде калган жок. Партия менен Өкмөт баалап, сенин кырк жылдык юбилейиңде:
Кыргыз Советтик Социалисттик рес-публикасынын Жогорку Советинин Президиуму Республиканын басма сөзүндөгү активдүү иши үчүн жана “Советтик Кыргызстан” газетасынын кырк жылдыгына байланыштуу автор, Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти жолдош Карасаев Кусеинди Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйлайт” деген мазмунда сыйлык алдым.
“Эркин Тоо” – “Кызыл Кыргызстан” газетасы өз өмүрүндө далай редакторлордун колунан өттү. Анын аппаратында иштеген жаштар чын ынтасы менен газетанын сапатын көтөрүүгө аракет кылышты. Аларга келечек алкышын айтары талашсыз.
“Эркин Тоого” кабарчы болгон азаматтардын ичинен эң көп ат салышкандын бири – акын Кубанычбек Малик уулу болду. Бул акын 15 жашынан кабар жаза баштады. Газетанын ар бир санына үзүлбөй кабарлары чыгып келди. Жалгыз гана кабар менен чектелбестен, түрдүү темада толгон макалар да жазып келди. Кыргыз басмасынын анык ветераны Кубанычбек.
“Эркин Тоо” газетасы бешинчи санынан тартып Фрунзе шаарында чыга баштады. Өзү менен кошо кичинекей типография да көчүп келди. Жооптуу кызматкерлерден тартып, окуучуларына чейин газетага кабарчы болуп, жапатырмак ишке киришти. Ошону менен катар өздөрү да ошол тунгуч газетанын айланасында жүрүп тарбия алышты, такшалышты. Ушул күндөгү акын-жазуучулардын көпчүлүгү дээрлик “Эркин Тоо” газетасына кабарчы эле.
“Эркин Тоонун” араб тамгасы менен чыккан 1926-1927-жылдардагы тикмесин аялым Айша Карасаева экөөбүз аннотациялап чыктык. Ошондо кимдин кандай ат салышканы даана көрүнүп турат. Балким ал эмгек бир кезде жарык да көрүп калар. Калган 1924-25-28-29-жылдардагы сандарын да аннотациялаш керек…”
Бермет МАТКЕРИМОВА