Кыргыз мамлекетинин, басма сөзүнүн тарыхында “Кыргыз Туусунун” орду өзгөчө. Тарыхка кайрылсак 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жаңы эле түзүлсө, андан бир ай өтпөй, мындан туура 100 жыл мурун (1924-жылдын 7-ноябрында) “Эркин Тоо” деген аталышта кыргыздын туңгуч гезитинин көз жарышы тарых-маданиятыбыздагы өтө маанилүү окуялардан болгон.
“Кыргыз Туусу” ушул 100 жылдын аралыгындагы Кыргызстандын бүтүндөй тарыхын, социалдык-экономикалык, маданий өсүп-өнүгүүсүн, мамлекеттеги, коомдогу саясий бурулуш окуяларын камтыган, алгачкы күндөн бүгүнкүгө чейин ырааттуу чыгып келе жаткан жападан-жалгыз басылма. Соңку жүз жылдыктагы кыргыз мамлекетинин тарыхынын ар бир күнү ушул гезитте сары майдай сакталып турат. “Эркин Тоо” (Кыргыз Туусу”) гезитинин 100 жылдык мааракесинин мааниси мына ушунда. Ушунусу менен эзелки “Эркин Тоо”, бүгүнкү “Кыргыз Туусу” гезити улуттук дөөлөттөрүбүздүн, баалуулуктарыбыздын сап башында турат.
Айрыкча, кыргыз мамлекети түптөлүп жаткан алгачкы мезгилдерде, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун расмий басылмасы болгон “Эркин Тоо” гезитинин көтөргөн жүгү өтө оор болгон. Салыштырып айтканда, азыркы – Маданият, Билим берүү министрликтеринин, Кыргызстандагы мектептерден баштап, болгон бүткөн ЖОЖдордун, мамлекеттик мекемелердин милдетин жалгыз ушул – “Эркин Тоо” гезити аткарган.
Баарыдан мурда кыргыздын туңгуч алиппеси, эл агартуучусу, күндөлүк колдонгон окуу китеби, билим бешиги, кала берсе сырдашы, муңдашы да ушул басылма болгон. Ал кездеги калктын 10 пайызга жетпегени арапча кат тааныган шарттарда, элдин кат сабатын жоюуда “Эркин Тоодон” башка окуу куралы да жок эле.
Айта кетүүчү нерсе “Эркин Тоонун” керегесин жайып, уугун сайган алгачкы муундун ушунчалык зиректигине, билимине, көрөгөчтүгүнө, элинин эртеңин ойлогон атуулдугуна таң калбай коё албайсың. Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдө, “Эркин Тоо” гезитин уюштурууда башында турган инсандарынын бири, алгачкы агартуучу Эшенаалы Арабаев “Эркин Тоонун” №1 санына жарыяланган “Кыргыз калкы” деген баш макаласында минтип жазып жатпайбы: “… Кыргыз – кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат… Бул гезиттин табынаягы көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менентоону кошуп “Эркин Тоо” деп койдук… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!…”.
“Эркин Тоонун” алгачкы редакторлору (1924-1928-жылдарда) Осмонкул
Алиев, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, А.Токомбаев болгонун айта кетели. Бүгүнкү күнгө чейин “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитине баш-аягы 26 кыргыздын чыгаан инсандары редакторлук кылышкан.
Дагы эле тарыхка кайрылсак, гезит “Эркин Тоо” деген аталышта 1924-1927-жылдары арап арибинде, 1927-1956-жылдары “Кызыл Кыргызстан” деген аталышта, анын ичинде 1927-жылдан 1939-жылга чейин латын арибинде чыгып келди. Ал эми латын тамгасын кыргыз тилине ылайыктап түзүп чыккан кыргыздын улуу уулу Касым Тыныстанов болгон.
Ал эми 1956-1991-жылдары “Эркин Тоо” гезити “Советтик Кыргызстан” деген аталыштарда чыгып келди. Белгилүү болгондой 1991-жылдан бери “Кыргыз Туусу” деген ат менен чыгып келет.
“Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитинин элибиздин алдындагы аткарган чоң кызматы кыргыз адабий тилинин калыптанышына кошкон зор салымы болду. Улуттук адабияттын башында турду. Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов ж.б акын-жазуучулардын чыгармаларын элге тааныткан талант бешиги болуп берди.
“Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) төл башы гезит катары улуттук басма сөздүн да башында турду. “Чалкан”, “Ден соолук”, “Ленинчил жаш”, “Коммунист” жана башка гезит-журналдар алгач ушул гезиттин рубрикасы болсо, кийин өз алдынча басылмага айланган.
“Кыргыз Туусунун” бай тарыхы, басып өткөн санжыргалуу жолу редакциянын музейинде чагылдырылган. Анда “Эркин Тоонун” алгачкы сандарынын көчүрмөлөрүнөн тартып, Касым Тыныс-тановдун кол жазмасы, Ишенаалы Арабаевге, Аалы Токомбаевге, Төрөкул Айтматовго ж.б. тиешелүү материалдар, башкы редактор Турдакун Усубалиевдин иш столу, Жусуп Абдрахмановдун, Сыдык Карачевдин, гезиттин туңгуч редактору Осмонкул Алиевдин макалалары бар.
Кыргыз басма сөзүнүн тарыхында Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган жападан жалгыз басылма – ушул “Кыргыз Туусу”.
“Кыргыз Туусу” Кыргыз мамлекетинин саясаты, социалдык-экономикалык өнүгүшү, анын ичинде өнөр жайы, жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы, жол курулушу, энергетика, суу чарба тармагы болобу, айтор, мамлекеттин 100 жылдын ичиндеги кыбыр эткен кыймылын чагылдырып келген кыргыздын негизги гезити. Демек, мамлекетибиздин ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы да ченемсиз.
Учурда баары чукул өзгөрүүдө. Интернет технологиясынын шарапаты менен маалымат алуунун булактары да болуп көрбөгөндөй өнүгүүдө. Ошол эле учурда узак жана өрнөктүү жол баскан “Кыргыз Туусу” гезити өзүнүн төл башылык наркынан, салмактуу сөзүнөн, салабаттуу калыбынан жаза элек. Учурда Министрлер Кабинетинин гезити болгон “Кыргыз Туусу” мамлекеттин түпкүлүктүү саясатын жүргүзүүдө өз милдетин аткарып жатат. Айрыкча, салттуу окурмандарынын арбындыгы – “Кыргыз Туусунун” бүгүнкү күндөгү таянычы.
Жыйынтыктап айтканда, “Эркин-Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезити кыргыз элинин соңку 100 жылдык тарыхынын улуу күбөсү, сыймыктуу энциклопедиясы болуп саналат.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин жооптуу катчысы