Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,
Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагынан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман КАЙЫПОВ.
ХХ кылым кыргыз эли үчүн бардык жагынан алганда кайра жаралуунун, улут катары дүйнөгө кеңири таанылуунун, өнүгүүнүн өркөндүү жолуна чындап түшүүнүн кылымы болду. Кыргыз эли өткөн доорлордо жыйнаган тарыхый тажрыйбалары менен жаңы доордун сунган мүмкүнчүлүктөрүн акылмандык менен айкалыштыра билди. Карт жана катаал тарыхтын айдыңында дайыма өз орду болуп келген кыргыз эли, келечекте да бар болууга жөндөмдүү жана татыктуу элдердин бири экендигин мындан жүз жыл мурда далилдеп, жаңы тарыхтын койгон бардык сыноолорунан өз жолу, өз акыл-парасаты менен муңбай өтүп келүүдө.
Кыргыз эли өткөн кылымдын 20-жылдарында коомдук өнүгүүнүн жаңы жолуна түшүп жатып, байыртан бери колдонулуп келген, өз учурунун өнүккөн тыбыштык жазуу системасы болуп эсептелген, кийинки кылымдарда үзгүлтүккө учураган жазма маданиятын жаңы каражаттар аркылуу, жаңы нукта, жаңы максатта өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн да колуна алды. Бул мүмкүнчүлүк сая кеткен жок – ошол учурдун чыгаан, билимдүү, улуттук сезими туура калыптанган уул-кыздары, канчалаган кыйынчылыктарды жеңип отуруп, “Эркин-Тоо” газетасынын алгачкы санын 1924-жылдын 7-ноябрында уядан учурду.
Бул алгачкы газетаны басып чыгарууну мойнуна алган топтун сабаттуу жана мыкты даярдыгы бар адистер, чексиз патриоттор экендигин анын биринчи санына басылган материалдардын мазмунунан, көп түрдүүлүгүнөн жана сандын шөкөттөлүшүнөн эле байкаса болот. Газетанын басылган адреси ж.б. маалыматтар менен катар: “Эркин-Тоо гезити жумасына бир чыгыб турат”. “Гезитибиз азырынча, элге тегин таратылат. Пулга сатыла турган вактда, жарыйалайбыз.” “Кыргыз афтономийалуу облустук кемунус партийа кемитети менен аткаруу кемитетинин тили болуб чыгат”. “Башкармага жиберилген макалаларда жазуучунун толук адреси болсун. Басылбаган макалалар адресине кайтарылбайт”, — деген маалымдоолордун орундуу, бөлүнүп берилиши, анын алгачкы санынан тартып эле кадыресе, телчиккен басма сөз каражатынын белгилери менен кошо көз жаргандыгын көрсөтүп турат.
“Эркин-Тоонун” биринчи санындагы Эшенаалы Арабай уулу жазган бет ачар макала: “Ар бир мамлекеттин же маданийатка жакындаб кадам басыб келе жаткан улуттун өз алдынча басма сөзү йаки гезити болот” – деп башталат да, анда газетанын негизги максаты, мазмуну, жолу аныкталат. Аягында: “«Эркин Тоо» гезити өз өкүмөтүнүн кедей кембагалдарынын турмуш тиричилигин чарубасын жөндөө жолундагы чыгарган заң закүн мыйзамдарын Ала Тоонун арасында жаткан айыл-кыштактарга жеткизиб туруучу чабарманы. Аларга чарбачылык кооператив иштери сыйактуу кедейлер үчүн керектүү масалаларды жазыб, жол жобосун үйрөтүб көргөзүб турууну мойнуна алат. «Эркин Тоодо» сайасый масалалардын агымы, айалдар жайы, партийа турмушу, айыл чарбачылыгы, окуу окутуу жолдоруна кеңири орун берилиб, калың кыргыз кедейлерин батырактарын агартууга кам кылат” – деген сөздөр менен аяктайт.
Ушул эле маанай, “Эркин-Тоонун” кандай газета экендигин элге толук түшүндүрүү аракети анын 1924-жылдын 25-ноябрында басылып чыккан экинчи санында да улантылат. Мындай болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш эле, жаңыдан чыга баштаган газетанын максатын так белгилөө, аны жалпы элге түшүндүрүү өтө зарыл болучу.
“Эркин-Тоонун” биринчи эле санынан орун алган саясый турмуш, идеология маселелери, ошол учурга берилген тарыхый баа, чарбалык иштер жана кыргыз эли жөнүндөгү публицистикалык макала, кыргыз тарыхынын илимий булактарга таянган баяны, Кыргыз автономиялык областынын алган орду, анын чек арасы жана ээлеген аймактары тууралуу маалыматтар, чакырыктар, куттуктоолор, ар түрдүү кабарлар “Эркин-Тоонун” алгачкы санынын жигердүүлүк менен иштелгендигин көрсөтүп турат.
“Эркин-Тоонун” алгачкы санынын дагы бир сөзсүз түрдө белгилене турган тарыхый жагы ошол кездеги жаш акын Аалы Токомбаевдин “Өктабрдын келген кези” деген он куплеттен турган ыры болгон. Кийинчерээк ар кандай өзгөртүүлөр, кыскартуулар менен жарыяланып келе жаткан бул ырды кыргыз профессионалдык поэзиясынын баалуу тарыхый булагы деп атоонун туура экендиги “Эркин-Тоонун” ошол санынын рухий контекстине, доор таламдарына салып караганда даана көрүнөт. Стили, курулушу, көркөм мазмун түзүү жагынан, бул ырды төкмөлүк өнөрдөн профессионалдык поэзияга өтүүнүн алгачкы кадамы десе болот.
Ошентип, “Эркин-Тоонун” алгачкы саны эле, газеталарга коюлуучу бардык талаптарга жооп берген басма сөз каражаты болуп чыга келген. Газета калыбына ар бир тамгасын бирден терип жайгаштыруу керек болгон убакта ушунчалык татаал жана бай маалыматты камтыган газетага өмүр ыроолоо үчүн кандай гана зор эмгек жана эли-жерге болгон сүйүү керек экендигин элестетүү кыйын. Алгачкы кыргыз газетасын жаратып, анын өмүрүн улоодо Эшенаалы Арабаев, Осмонкул Алиев, Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов жана алардын катарындагы ондон ашуун кишиден турган чыгармачыл топко кыргыз журналистикасы өмүр бою милдеткер десек болот.
“Эркин-Тоо” газетасы өзүнүн алгачкы номериндеги коюлган багытынан кийин да тайган эмес. Өз учурунун мамлекеттик идеологиясын туу тутуу менен катар, элдин калың катмарына керек болгон чарбалык, турмуштук, финансылык-экономикалык билгилерди таркатуу менен катар, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, коомдук турмуштун иретке түшүшүнө, жаңы түзүлгөн мамлекеттин адамдарынын аң-сезиминде жарандык таянымдардын түзүлүшүнө, билим берүү системасынын бир нукка түшүшүнө, адабий тилдин калыптанышына, кыргыз профессионалдык поэзиясы менен прозасынын, фольклористикасы менен адабият таануусунун жана кыргыз котормосунун түптөлүшүнө зор салым кошкон.
Азыркы “Кыргыз Туусу” улантып жаткан газета чыгаруу маданиятынын пайдубалы “Эркин-Тоонун” ошол алгачкы санында эле бекем отургузулганын айтууга болот.
Басма сөздүн ар кандай түрүнүн эң негизги каражаты улуттук тил эмеспи. “Эркин-Тоонун” басылып чыга башташы, эң башта, кыргыз тилиндеги сөздөрдүн туура жазылышы, жазуу стилин түзүү жөнүндөгү маселелерди курч койгон. Газета чыгарган топтун алдында басма сөз жанрларын түзүү милдети да турган. Азыркы кездин көз карашынан алганда, “Эркин-Тоонун” адеп чыгарылган сандарынан эле баш макала, жеке бир маселеге арналган макала, сын макала, үгүт-насыят, чакырык жана ар түрдүү кабарларды жазуу стилинин такшалып бараткандыгын көрүүгө болот. Айрым макалалардан очерк жана фельетон жанрларынын белгилерин алып жүргөндүгү да ачык байкалат.
Жергиликтүү жана дүйнөлүк кабарларды тандап алуу, жазуу жана жайгаштырууда башка тилдердеги даяр тексттерди кыргыз тилине которуу кызматына таянгандыктарын, мына ошонусу менен кыргыз тилинин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкандыгын байкоо анчалык кыйын эмес.
Оозеки өнүккөн, күндөлүк пикир алышууда, көркөм чыгарма жаратууда көп кылымдар бою оозеки гана колдонулуп келген кыргыз тилин бир калыпка салуу – анын адабий шекилин түзүп чыгуу оңойго турган эмес. Газетаны даярдаган чыгармачыл топтун жалпы кыргыз тилинин байлыгын ачууга жасаган далалаты да жок эмес. Алар жер-жерлердин тилине байкоо сала башташкан.
Ошондой эле бирдиктүү жазуу эрежесинин болушу зарыл экендигин өз жон терилери менен сезишкен. Сабаты ар кайсы жактан ачылган кыргыз зиялыларынын сөздөрдү жазуу жагынан бирдиктүү жолго түшө албай жаткандыгы олуттуу маселеге айланган. Мисалы, газетанын үчүнчү санында: “…ар кайсыбыз аралашкан журтубуздун тилине ээрчиб жазганда ошонун тамгасын (арпин) салуубуз жана да ар бир калем тартыб, кат окуган окумуштууларыбыз окуган өрүшүнө карай тартыб, орусча окугандар орус тилинин, араб, фарсы окугандар алардын заңына, татар, казак хәм өзбек мактебтерин окугандарыбыз ошолордун тилиндеки заңга багынабыз деб өзүбүздүн тилибизди менсинбей жүрбөйлүк. Бир журттун журтчулугу дилинин жана да ошол дилди бири-бирине уктура турган тилинин хәм ошолорду жалпы баарына жеткириб бир бирине нык байлай турган жазуу тамгаларын бир түрдүү болуб, бир заңга мойун сунуу шарт” – деп жазылган.
Демек, орфографиялык эрежелерди иштеп чыгуу милдети турган. Ошентип, “Эркин-Тоонун” жарыкка чыгышы кыргыз тилин фонетика, лексика, морфология, синтаксис багыттарында изилдөөлөр жүргүзүлүшү керектигин иш жүзүндө көрсөткөн. Айрыкча, ошол кездеги “өзүбүздүн тилибизди менсинбей жүрбөйлүк” деген эскертүү бүгүнкү күндө деле өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эместей.
“Эркин-Тоо” кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө да өз таасирин тийгизди. Биринчиден, макал, лакап, ыр, жомок баш болгон элдик оозеки чыгармалардын кагаз бетине түшүрүлүп, элге жазуу жүзүндө тартууланышын жүзөгө ашырды. Оозеки түрдө гана айтылып, угуу, көрүү органдары аркылуу гана кабыл алынып келген оозеки чыгармаларды эми газетадан окуп алууга, өзү менен кошо алып жүрүүгө мүмкүн болду. Экинчиден, кыргыз турмушуна жазма маданияттын аралашып, жазуу жүзүндө жаратылган адабий чыгармалардын жаралышына негиз болуп берди. Натыйжада, жогоруда айтылган журналистика жанрларынан баштап, адабий аңгемелер, ырлар, ар түрдүү көркөм баяндар келип чыкты. Ошону менен бирге эле, элдик оозеки чыгармаларды жыйноонун илимий усулдары жөнүндө да макалалар орун алган.
“Эркин-Тоо” газетасынын чыгарылып, колдон келишинче элдин калың катмарына таркатылып турушу жарандардын бирдей турмуштук позицияга, орток баалуулуктарга, бирдей маалыматтарга, окшош көз караштарга ээ болуп, коомдун бекемделишине зор таасирин тийгизген. Ошондой эле, газетанын бар экендигинин өзү, анда жарыяланып турган пикирлер, көз караштар, тарыхый маалыматтар элдин демине дем кошуп, жаңыдан түптөлгөн мамлекетти күчтөндүрүүгө, талыкпай эмгек өтөөгө шыктандырган.
Адеп жарык көргөн күндөн баштап эле, элдин коомдук турмушуна өз таасирин тийгизип келген “Эркин-Тоо” кийин “Кызыл Кыргызстан”, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргыз Туусу” деген аталыштарда өмүрүн улап келет. Алгачкы ташын ХХ кылымдын башында жетилген таланттуу кыргыз интеллигенттери койгондугунан улам, алардын салтын улап, ар дайым мамлекеттин кызматында болуп келет.
“Эркин-Тоо” газетасы – байыртан бери кээде көрүнөө кээде көмүскө уланып келе берген зор маданиятты эстутумунда сактап келген кыргыз чыгаандарынын түптүү маданиятты кайра жаңыртуусу, кайра жаралуусу болду. “Эркин-Тоону” чыгаргандар чындыгында, буулуп жаткан булактын көзүн ачышкан. Алардын арбактарына канчалык таазим кылсак аз. “Эркин-Тоо” – аты өзгөрсө да, маңызы өзгөрбөгөн, ар дайым мамлекетибиздин таламдашы болуп келген улуу мурас.