Ардактуу мекендештер!
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кыргыз журналистикасынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, ошондой эле 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Мындан туура жүз жыл мурун кыргыз тарыхында улуу саясий бурулуштар, көптөгөн жаңылануулар жана түрдүү окуялар болгон. Алардын ичинен көз карандысыздыкты көксөгөн кыргыз элинин алгачкы автономиялуу облусу негизделип, азыркы эгемен мамлекетибиздин пайдубалы түптөлгөн. Ага удаалаш маданий-агартуу жаатында да жаңылыктар орун алып, эгемендигибизге киндиктеш болгон эң алгачкы басылмабыз жарык көргөн. Эркиндикке умтулган тоолук элдин туңгуч гезити “Эркин Тоо” деп аталып, ал басылма бардык жакшы саамалыктардын жарчысы катары кызмат кылган. Гезитти негиздеген, залкар агартуучуларыбыздын бири Ишенаалы Арабаев “Эркин Тоого” жарыялаган биринчи макаласында: “Мына эми эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп, бул гезитти чыгарып отурат” – деп жазган. Эң кызыгы “Эркин Тоонун” биринчи редактору Осмонкул Алиев гезит чыккан учурда 21 гана жашта болгон. Уюштуруучулук жөндөмү бийик жаш редактор менен бирге туңгуч гезитибизде Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов сындуу кыргыздын кыраан уулдары эмгектенишкен.
Кымбаттуу журналисттер!
“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”, – деп калкыбызда айтылгандай, андагы жагдай менен азыркы турмушту салыштыруу мүмкүн эмес. Эгемендигибиз колго тийген 1991-жылдан тарта коомдук-саясий турмушта көптөгөн өзгөрүүлөр орун алып, демократия чакырыгы менен катар сөз эркиндигине болгон талап да жогорулады. Журналисттердин ролу өсүп, “төртүнчү бийлик” деген макамга жетишти. Бул сыймыгынан кыйынчылыгы көп, чоң жоопкерчилик.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү биринчи кезекте чындыктын жарчысы, калыстык менен адилеттиктин үлгүсү болушу керек. Анткени, сөз эркиндиги коом үчүн чындыкка жетүүнүн куралы. Ал эми чындык талкууда такталып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге жетет. Андыктан, бардык маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү, муну менен катар ачык коомдун калыптануусуна жана жаңылануусуна салым кошуу сиздердин калемиңиздерге көз каранды. Өзүңүздөр жакшы билгендей, акыркы учурларда классикалык журналистиканын кулачы кеңейип, интернеттин өнүгүшү менен жаңы маалымат булактары, жаңы кесиптер пайда боло баштады. Коомчулук анализденген маалыматка эмес, “ыкчам” берилген ушак-айыңга ишенип калган жагдайга кептелгенин да жашыра албайбыз. Ага ылайык, ар бир журналист сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экендигин унут калтырбашы керек. Айрыкча эл арасында медиа сабаттуулукту да жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулушу зарыл.
Кымбаттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Бар болуңуздар, чындык үчүн талыкпай эмгектенип, элдин эртеңи үчүн кызмат кыла бериңиздер! Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун! Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык өкүм сүрсүн!
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!
Урматтоо менен,
Нурланбек ШАКИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы