Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча кеңешмеге БШКнын төрагасынын орун басары төрагалык кылып, мэриянын жана райондук администрациялардын аппарат жетекчилери жана МАБ башчылары менен биргеликте 17-ноябрга белгиленген шайлоо процессине даярдык көрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү маселеси талкууланды.
БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Караколдогу 27 шайлоо участкалары иштеп жатканын маалымдады.
Боршайком өкүлү ошондой эле tizme.gov.kg сайтында «шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу электрондук арыз калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти.