Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Асеин Исаев Кореянын тышкы иштер министри менен жолукту

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Кореянын тышкы иштер министри Чхо Тхэ Ёль менен жолукту.

Тараптардын жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Сеул шаарында өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык форумунун 17-отурумунун алкагында өттү.

Түштүк Кореянын тышкы саясат ведомствосунун башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу саясий байланыштарды арттыруунун, келишимдик-укуктук базаны чыңдоонун, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарында, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелер жаатында кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Чхо Тэ Ёль өз кезегинде Корея өзүн Кыргызстандын ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөшү катары көрсөтөт жана эки тараптуу негизде да, ошондой эле региондук өз ара аракеттенүү алкагында да кызматташтыкты бекемдөө боюнча саясатты улантат деп ишендирди.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Атап айтканда, Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фонд менен санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, энергетика жана башка тармактарындагы долбоорлорду каржылоого багытталган Алкактык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ошол эле күнү Асеин Исаев Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Гонг Кюнг менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жүрүшүндө кыргыз тараптын Түштүк Кореялык компанияларды пайдалуу кендерди жана критикалык металлдарды иштетүү жана казып алуу маселелери боюнча биргелешкен өз ара аракеттенүүгө тартууга кызыкчылыгы белгиленди, ошондой эле энергетика, транспорт жана туризм тармагында кызматташуунун потенциалы белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар жакынкы арада жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирин билдиришти.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар