Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Кыргызстандын элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды.

Элчиликтен билдиришкендей, ишеним грамоталарын тапшыруу аземи 5-ноябрда Кремлдин Чоң сарайынын Александр залында 28 чет өлкөнүн элчилеринин катышуусунда өттү.

Элчи куттуктоо сөзүндө мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи.

Россия лидери өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи. Бул контекстте ал Москва жана Санкт-Петербург шаарларында ири маданий иш-чараларды өткөрүү менен Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын биргелешип белгиленишине басым жасап өттү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар