Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Кемин шаарынын маданий борборунда Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Ооба, биздин өлкөбүз 100 жыл мурда Кара-Кыргыз автономия-луу облусу болуп жаңыдан түзүлүп, кыйынчылыктардын кырында жана сыноолордун курчоосунда турган мезгилде, элибиздин туруктуу өнүгүүсү үчүн, эң алгач темирдей бекем тартип керек болгон.
Карапайым калк менен элдин ортосундагы карама-каршылыктардын чыңалуусуна бөгөт коюу максатында “Жумушчу милициясы” түзүлүп, ишке киргизилген.
Анын аткарган ишмердигине – элдин коопсуздугун сактап, кылмыштуу-
лукка каршы күрөшүү эле эмес, карапайым калктын зыянга кириптер болушуна бөгөт коюу, күчтүүлөрдүн алсыздарга үстөмдүк кылуусун болтурбай, баарына бирдей жашоо тартибин орнотуу багытында маанилүү милдеттер жүктөлгөн. “Кыргыз милициясы” түзүлгөн күндөн баштап, бардык күч-аракети коомчулукка кызмат көрсөтүүгө
багытталган.
“Кыргыз милициясы” коомубуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланып “оорун колдон, жеңилин жерден алган” элдик сакчыга айланган.
Ошентип, мааракелик иш-чарада коноктордун арасында Кемин райо-нунун жетекчилигинен тышкары, «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү да
болушту.
Башкармалыктын төрагасынын орун басары А.М.Алиев өз сөзүндө милиция кызматкерлерин “Кыргыз милициясынын” түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууда көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ишкананын тынч жана туруктуу иштеши көп жагынан милициянын ишинен көз каранды, алар компаниянын коопсуздук кызматы менен биргеликте кендин аймагындагы тартипти камсыздап, чыгымдарды талап кылган кызматтык маселелерди чечүүдө каржылык колдоо көрсөтүп келет.
Белгилей кетсек, аталган ишкана ишмердүүлүгүн баштагандан бери Кемин РИИБи менен тыгыз кызматташып, ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Ал эми милиция бөлүмдөрүнүн бири компаниянын Орловка шаарындагы кеңсесинде жайгашкан.
Аларга пайдалануу үчүн кызматтык автоунаа берилген, РИИБдин айрым кызматкерлери биздин ишкананын эсебинен байланышты колдонушат. 2023-жылы биздин ишкананын эсебинен РИИБдин имаратынын чатыры капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.А.Шакиров райондон аймактык милицияга майрамдык белек катары Кемин райондук өнүктүрүү фонду тарабынан сатылып алынган жаңы автоунааны белекке берди.
Маалым болгондой, бул фонд дагы «Алтынкен» компаниясы тарабынан каржыланат. Ошентип, ишкана Кемин РИИБнин материалдык-техникалык базасын чыңдоого катышууну улантууда.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА