Акын, журналист Бахпурбек Аленовдун “Сафед-Булан” ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көрдү.
Акындын бул китебине бир нече тематиканы камтыган мыкты, жандуу, образдуу чыгармалары кирген жана андагы ар бир ыры окурманды кайдыгер калтырбай, ой дүйнөнүн түпкүрүнө жетелеп, бул ырлар бүгүнкү турмуштун дал өзүнө окшоп күү-шаа түшүп, ыр саптарынан жашоонун, тирүүлүктүн жалын илеби согуп турат.
Китептин салмагын арттырып турган тарыхый таржымалдуу “Тасма баатыр
баяны” жана “Сафед-Булан” поэмалары тарыхый болуп өткөн окуяларга, кылымдар бою көөнөрбөй айтылып, бирок жазылбай келаткан санжыра, уламыштарга таянып, көптөгөн изденүүлөрдүн негизинде жазылган. Ары мазмундуу, ары кызыктуу, ары курч, реалдуу.
“Сафед-Булан” поэмасы:
Ал бир доор, тумандаган,
Күн көзү көрүнбөгөн, башаламан.
Эсирип адамзаада,
Эссиздик, басса-турса…
Оо айтпа, ал заманда,
Жүрөктү угуу кайда!
“Тек гана байлык изде, акыл калча”!
– Деген бир илдет каптап,
Адамдар баарын таштап,
Ташбоордук адат болгон,
Пендени бузуп жолдон.
Дээринде эчтеке жок,
Руху ач, курсагы ток.
Улуу парз, Улуу керез,
Көздөгөн мерчеминде күткөнү чын.
А бөлөк табышмагы
Али да белгисиздир бул жазмыштын.
Ал ушул ыйык жолдо
Актамак тирүүлүктүн да бир парзын.
Парзбы же мурас беле…
Болбосо керт башына керез беле?! – деп буруу-терүүсүз башталат да, дароо эле окурманды ошол окуя болуп өткөн доорлорго алып жөнөйт. А тарыхты унутууга эч мүмкүн эмес. Акындын бул китеби канча кылым, канча доорлор өтсө да карыбаган кара кыздын элесине арналган ырдан курулган эстелик болуп калаары менен да баалуу.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ