Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Эмгек министрлиги: 10 айда 92 миңден ашуун жаран убактылуу ишке орношту

2024-жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 9164 адам убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган жарандарга эмгек акысын төлөө максатында республикалык бюджеттен 23,5 млн сом төлөнүп берилди.

Мындан тышкары, Эмгек министрлигинин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорлорунун алкагында республика боюнча айыл өкмөттөрүндө 467 инфраструктуралык, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоор ишке ашырылган.

Бул долбоорлорго жалпысынан 12 334 аз камсыз болгон үй-бүлө же 61 276 адам катышып, долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 3 183 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) таратылган.

Ошондой эле республиканын айрым шаарларында жашаган калктын аярлуу катмарына “Жумушка (окутууга) накталай акча” схемасы боюнча чукул жардам көрсөтүүгө байланыштуу 157 долбоор ишке ашырылган. Бул долбоорлорго жалпысынан 3 953 аз камсыз болгон үй-бүлө же 21 775 бенефициар катышкан. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 47 млн 704 миң 853 сом накталай акча бөлүштүрүлдү.

Долбоордун алкагында республика боюнча көчөлөрдө арыктарды тазалоо, автоунаа жолдорунун жээктерин кенейтүү, тротуар куруу, турмуш тиричилик калдыктарын төгүүчү жайдын айланасын, жайыттарды, суу резервуарларын тосуу, көптөгөн айыл-аймактарда жаңы көпүрө куруу, эски көпүрөлөрдү оңдоп-түзөө иштери, жаңы калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоого суу линияларын тартуу, көчөттөрдү (арча, роза, гүл бактар) отургузуп жашылдандыруу, кыз-келиндерди кол өнөрчүлүк ыкмаларына, массаж боюнча, тигүү курстарына окутуп, иш менен камсыз кылуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин колдоо максатында окутуу иштери жүргүзүлдү жана башка көптөгөн жумуштар аткарылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар