Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров жана Сеидбек Атамбаев КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын башчысынын орун басары, демократиянын өнүгүүсүнө, парламентаризмге жана КМШ ПАА мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун директору Иван Мушкет менен жолугушту.
Тараптар жолугушууда эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгына тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Талайбек Масабиров жакында Өзбекстанда болуп өткөн шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, КМШ мамлекеттериндеги мындай шайлоо процесстерине байкоо салууда Парламенттер аралык ассамблеянын биргелешкен ишмердиги өтө маанилүү экендигин айтты. “Биз баарыбыз өз өлкөлөрүбүздө укуктук жана демократиялык институттарды бекемдөөгө умтулуудабыз. Ал эми Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында бири-бирибизден көп нерсени үйрөнүп, баалуу тажрыйба алмашуу болууда”, -деди ал.
Өз кезегинде КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын башчысынын орун басары Иван Мушкет КМШ ПААнын шайлоо боюнча эл аралык мониторинг институтунун миссиясына оң пикирлер айтылып жатканын белгиледи. Ошондой эле шайлоо өнөктүгү боюнча Кыргызстан бир топ алдыга жылганын кошумчалады.