“Эркин Тоо” гезитинин чыгышы Ала-Тоого шамалдай тараган, улутту улуу сыймыкка бөлөгөн, эбегейсиз таасирлүү окуя болгон. Ал окуянын күбөсү, “Эркин Тоо” гезитинин кыйла жыл кызмат кылган кабарчысы, кыргызга таанымал журналист, акын-жазуучу Мамасалы Абдукаримовдун “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыяланган “Биз ким элек, ким болдук?” (1977-жыл, 3-апрель, №76) деген макаласындагы маалыматтар гезиттин тарыхы үчүн да, бүгүнкү окурмандар үчүн да өтө маанилүү.
“Эркин Тоо” башыбызга конгон бакыт кушу болгон
Кыргыздын туңгуч улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн бири Мамасалы Абдукаримов аталган көлөмдүү макаласында, гезиттин калыптануу жолундагы орчундуу окуяларды эскерет. Өзү айткандай “жети жашынан жетим калып, совет өкмөтүнүн жетим-жесирди жерге калтырбаган саясатынын шарапаты менен алгач Ош интернатында, андан кийин Ташкентте – Казак-кыргыз эл агартуу институтунда окууга мүмкүндүк алган” М.Абдукаримов минтип жазат:
“…Сабактан жаңы гана бошоп, институттун маңдайындагы скверге жабыла чыктык. Укмуштай кооз жер…Бир маалда студкомдо кызматташып жүргөн бир кыргыз студенттин энтиге чуркап келатканын көрүп, аны утурлай бастык.
Сүйүнчү, сүйүнчү! – деп кыйкырды ал бизге жакындай келип.
Эмне болуп кетти? Айт тезирээк!,-дешип, кыргыз-казак дебей, ошол замат аны тегеректеп калдык.
Кыргыз өз алдынча облус болуптур. Куттуу болсун курдаштар, куттуу болсун!
Бардыгыбыз тең “ураа” деп кыйкырып жибердик…Ошол 1924-жылы 14-октябрда Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин экинчи сессиясы РСФСРдин курамында Кара Кыргыз автономиялуу областын түзүү жөнүндөгү тарыхый токтомду кабыл алганын уктук. Кубанычка чек жок. Сыймыгыбыз сыртка чыгып, көөдөнүбүз көтөрүлө түштү”… “Көп убакыт өтпөй эле элибиздин башына бакты-таалайдын дагы бир кушу конуп, 7-ноябрда кыргыз элинин көп кылымдардан берки тарыхында биринчи жолу өз эне тилинде “Эркин Тоо” гезити жарык көрдү”.
Ар бир саны, эң ыйык, кымбат баалуу эле дейт…
“Эркин Тоонун” алгачкы жарыкка чыгышына “элибиздин башына бакыт кушу конгондой” сүйүнгөн М.Абдукаримов андан ары, гезиттин ошол учурдагы орду, өтөгөн кызматы тууралуу сөз козгойт. Айрыкча, кат таанып, сабаты ачылган жаштар “Эркин Тоонун” үнүн элге жеткирүүдө эбегейсиз зор кызмат кылышыптыр.
“Ал кезде өлкөдө жана кыргыз жергесинде болуп жаткан жаңылыктар, ар түрдүү окуялар жөнүндө областыбыздын эмгекчилери жалгыз гана “Эркин Тоо” гезити аркылуу биле алышат болчу. Мына ошондуктан эмгекчилер арасында гезитти кыйкырып окуп берүүнү бардык жерлерде кеңири уюштуруу боюнча партиянын жана “Эркин Тоо” гезитинин чакырыгын анча-мынча кат таанып калган кыргыз жаштары жан-дилдери менен кабыл алышты жана көпчүлүк топтоло турган жерлердин бардыгында: базар аянтчаларында, чайканаларда, клубдарда, кызыл үйлөрдө, мектептерде “Эркин Тоону” кыйкырып окуп берүү кеңири жайылтылды. Гезит кабарларын угуу үчүн адамдар алыскы айылдардан де келише турган. Ал кезде “Эркин Тоо” эң эле аз нуска менен чыккандыктан, гезиттин ар бир саны колдон-колго өтүп, эң ыйык, кымбат баалуу нерсе катары өтө этияттык менен сакталар эле”.
Кыргыз басма сөзүнүн башаты…
“Эркин Тоо” гезити кыргыз басма сөзүнүн башатында турат деп тегин жеринен айтылбайт. “Ленинчил жаш” гезити, сатиралык “Чалкан” журналы “Эркин Тоонун” эмчегин ээмп жүрүп чоңоюп, кийин өз алдынча кадам таштаган. “Эркин Тоо” менен тең өскөн М.Абдукаримов мындай дейт:
”1925-жылы 5-майда “Эркин Тоо” өзүнүн бир бетин берип, жаштардын келечектеги басма гезитинин негизин түздү. “Эркин Тоонун” ошол күнкү бети “Тоо жаштары” деген тема менен чыкты…Ал бетке “Ленинчил жаштарга”, “Жаштар, мектеп жана өнөр”, “Кыздардын турмушу”, “Жетим, жалчы балдарга назар салынсын” деген макала-кабарлар, Мукай Элебаевдин “Жүрөлү жаштар” деген ыры жарыяланды… Ушинтип… “Эркин Тоо” Кыргызстан жаштарынын гезити “Ленинчил жаштын” бешигин өз колу менен бөлөп, өзүнүн камкордук канатынын астында алпештеп өстүрдү, аны каз-каз туруп өз алдынча басып кетүүгө үйрөттү”…
“Эркин Тоо” менен “Ленинчил жаш” гезиттеринде “Чалкан” жана “Шибеге” бөлүмдөрү пайда болгон күндөн баштап ар түрдүү эски салттарды, “чылыктар” менен “былыктарды” сынга алып, жаңы турмуштун жаркын сапарына жол ачуу ого бетер күч алды”.
Алгачкы алиппе, окуу куралы – “Эркин Тоо” гезити болгон
Ошол мезгилдин түздөн түз күбөсү М.Абдукаримов “Эркин Тоо” гезитинин элдин кат-сабатын жоюудагы кылган кызматы тууралуу кызыктуу маалыматты келтирет. Башкача айтканда “Эркин Тоо” гезити элдин кат-сабатын жоюуда алгачкы алиппе, негизги окуу куралы, илим-билимге суусаган жаштардын жол көрсөткөн чырагы болгон. Төмөнкү маалыматты окуйлу:
“…Элибиздин, өзгөчө кыргыз жаштарынын окуп билим алууга карата болгон умтулуулары күндөн күнгө өсө берди. Муну ошол жыйырманчы жылдардын орто ченинде алыскы Караколдун интернатында тарбияланып жаткан Мукай Элебаевдин зар какшап окууну эңсеген ырынан ачык-айкын байкоого болот. 1925-жылы 16-февралда “Эркин Тоодо” жарыяланган “Зарыгам” деген ырында ал мындай дейт:
Таңды-кеч ойлоп талыгам,
Талыкшып жаным тарыгам.
Амалым жок, кол кыска,
Ойлонуп жатып зарыгам.
Канткенде табам амалын,
Көкүрөктө жаранын?…
Албетте, ал кезде элибиз үчүн бардыгы тең жаңыдан, биринчи жолу жаралып жаткан эле. Жаңы мектептер биринчи жолу ачылып, өзүбүздүн эне тилибизде биринчи жолу сабак бериле баштады. Атайын арналып чыккан окуу куралдарыбыз болбогондуктан, бардык мектептердеги алгачкы мугалимдердин колундагы эң биринчи жана негизги окуу куралы “Эркин Тоо” менен “Ленинчил жаш” болду”.
Жоомарт Бөкөнбаевди каматып жиберишкенде
Албетте, саясый жагынан алганда да “Эркин Тоо” гезитинин салмагы сайдын ташындай болгону талашсыз. Өлкөбүздүн басып өткөн жолундагы ошол учурдун кыйын-кезеңдери, саясый чалкештиктер “Эркин Тоонун” башкы темасы болгон. Бизди кызыктырганы да, таң калтырганы да ошол кездеги басма сөздүн таасири, кыл чайнашкан “тап күрөшүндөгү” “Эркин Тоонун” багыты, жер-жерлердеги кабарчыларынын кайраты, алардын тарткан азап-тозогу тууралуу маалыматтар болду. М.Абдукаримов минтип жазыптыр:
“Тап душмандары да жөн жаткан жок. Алардын каары кайнап, айыл-кыштак кабарчыларын куугунтуктоолору да күчөйт. Бирок гезиттер мындай учурлардын баарын тең ортого салып, душмандардын бетин ачуудан тайманбады.
Түп болушунда бай-манаптар “сен бизди гезитке жазасың” дешип, кабарчы Бекташевди аябай сабашкан. Гүлчөдө кабарчы Акматовду адегенде өлөрчө токмоктошуп, анан ээн тамга камап коюшкан. Жети-Өгүз болушунда Сыдыкбек Чекиров деген манап окуучу-кабарчы Жамгырчиновду чала жан болгуча сабаган.
”Түштүктүн түлкүлөрү” деген кабары үчүн кабарчы Жоомарт Бөкөнбөвди Оштун оёндору түрмөгө каматып коюуга чейин барышкан.
Айыл-кыштак кабарчыларына каршы мындай душмандык аракеттерди санай берсек эң эле көп. Мына ушуга байланыштуу 1926-жылы январь айында партиянын областтык комитети кабарчылардын укугун сактоо, аларга кол салуучуларды аёосуз жазалоо жөнүндө бардык партиялык уюмдарга жана сот-прокурор органдарына атайын кат менен кайрылды… Аалы Токомбаев “Кабарчыдан колуңду тарт” деген өтө чечкиндүү макала менен чыкты.
Фучик, Панфилов парктары…
Автор андан ары “Эркин Тоонун” элибиздин күндөлүк социалдык-экономикалык турмушундагы орчундуу жаңылыктарды “эпкиндүү” чагылдыруусу боюнча мисалдарды келтирет. Гезит бетинин чамасына жараша бир үзүм келтирели:
“…Ошо даңазалуу жыйырманчы-отузунчу жылдарда билек түрө көчөт сайып, Фучик, Панфилов атындагы парктар сыяктуу көлөкөсү көлкүгөн саябан чарбактарды, Отуз-Адыр, Чоң-Чүй каналдарын, Аламүдүн гидрокаскадын, Фрунзе-Рыбачье темир жолун жана башка толуп жаткан элдик курулуштарды жүзөгө ашырган кайраткерлик эмгектери “Эркин Тоонун” негизги темалары эле”.
Автор тууралуу маалымат:
Абдукаримов, Мамасалы (1910-1999) – жазуучу, журналист, котормочу. 1910-жылы 5-июнда Ош шаарына жакын Жапалак кыштагында туулган. 1921-жылдан Мамасалы Оштогу жетим балдар үйүндө үч жыл тарбияланып, 1924-1930-жж. Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Кыргызстандын борбордук педагогикалык техникумунда билим алып, басма сөз кызматтарында иштейт. 1928-1940-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде редактор, 1933-1950-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу катчы, директордун орунбасары жана редактор, Кыргызстан КП Ош обкомунун катчысы, 1950-1957-жж. Кыргызмамбаста бөлүм башчы, 1957-1968-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.1950-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1930-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”